Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Эсеп палатасы КРСУда миллиондогон сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады


Кыргыз-Орус Славян университети.
Кыргыз-Орус Славян университети.

Кыргызстандын жана Орусиянын Эсеп палатасы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) аудит жүргүзүп, 26 млн сомдон ашуун финансылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуу жайдын 2020-2022-жылдары финансылык жактан камсыз кылууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугу текшерилген.

Аудиттин жыйынтыгында 2020-2022-жылдарга Кыргызстандын республикалык бюджетинен 26 миллион 689 миң сом негизсиз алынганы, бул аралыкта университет клиникалык ординатуранын 675 студенти мамлекеттик бюджеттен каржыланган грант ээлеринин тизмесине негизсиз киргизилгени аныкталган.

Эсеп палатасы: "КРСУ жумуштардын көлөмүн жана курулуш иштеринин баасын 250,7 миң сомго ашыкча баалаган, 303,4 миң сом суммасындагы соттук чыгымдарды акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизген", - деп билдирди.

Мындан сырткары аудит “Альфа Телеком” ишканасынын 2020-2022-жылдарга антенна-фидерлерди жана башка жабдууларды жайгаштыруу үчүн университетке төлөгөн 689 миң сом ижара акысы бюджетке которулбаганын аныктаган. Эсеп палатасынын маалыматына караганда, натыйжасыз пайдаланылган бюджеттик каражаттар 817,2 миң сомду, ченемден ашык корлордун калдыктары 1 млн 237,9 миң сомду түзгөн.

"Университеттин жер участогунда коомдук тамактануу үчүн бир кабаттуу имарат болгон. Бирок колдонууда болгонуна карабастан университеттин балансына киргизилген эмес. Имарат үчүнчү жак тарабынан ижара акысын төлөбөстөн, коммерциялык ишмердик үчүн пайдаланылган, бул университеттин финансылык отчетунда чагылдырылган эмес. Университет жалпы аянты 221,2 чарчы метр болгон тиш дарылоо борборун жана 18 млн 790,5 миң сомдук жабдууларды, биргелешип иштөө келишиминин шарттарына ылайык ижара акысын төлөбөстөн иштеткен", - деп айтылат маалыматта.

Аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүлүп берилди.

2022-жылы февралда УКМК Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схема аныкталганын билдирген.

Атайын кызмат министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдан бери жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларга студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келгенин белгилеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG