Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:20

Газа: Блинкен кайрадан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн кыдырууда


Блинкен Сауд Арабиясында.
Блинкен Сауд Арабиясында.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыш сапарынын алкагында 29-апрелде Сауд Арабиясына барды. Бул өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин маалыматына караганда, Эр-Риядда тышкы иштер министри Фейсал бен Фархан ал Сауд менен жолугушууда Газа секторундагы жана бул анклавдын Рафах шаарындагы абал талкууланды, атышууну тез арада токтотуу жана гуманитардык жардамдын жетишине шарт түзүү тууралуу сөз болду.

Блинкен Эр-Риядда Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын сессиясына катышты. Анда сүйлөп жатып мамлекеттик катчы дипломатия Жакынкы Чыгышта абалдын курчушун алдын алууга жардам бергенин айтты:

«Биз чынында эле кырдаалдын курчушуна, чыңалуунун жайылышына абдан жакындап калган болчубуз. Бирок атайын жана чечкиндүү аракеттербизден улам андайга жол берген жокпуз».

АКШнын мамлекетти катчысы Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушат жана Египеттин, Иорданиянын, Катардын, Бириккен Араб Эмирликтеринин өкүлдөрү менен да сүйлөшүү жүргүзөт.

Бул апта ичинде мамкатчы Израилге жана Иорданияга да барат. Газада тынчтык орнотуу, ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) тобу барымтада кармап тургандарды бошотуу, Газага гуманитардык жардам жеткирүү маселесин такуулайт.

Жакында АКШ президенти Жо Байден Газадагы оор гуманитардык абалдан чыгуу чараларын күчөтүү керектигин айткан.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, 29-апрелде Египеттин борбору Каирге ХАМАС өкүлдөрү барды. Алар Катар менен Египет аркылуу берилген сунушту жана Израилдин жообун талкуулашат.

Израил Газадагы операциясын былтыр октябрда ХАМАС тобу кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакын кишини барымтага алып кеткенде баштаган.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 34 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин эки апта мурда БУУ да тастыктаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

18-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып башкы катчы Антониу Гутерриш Израилдин Газадагы чабуулдары сектордогу камалоодо калган жай тургундар үчүн "гуманитардык тозок" жаратканын айткан.

Блинкен буга чейин аталган аймакка бир нече жолу барып, сүйлөшүү жүргүзгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG