Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Баткен: белгисиз парашютчулар изделүүдө


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы. 29-апрель, 2013-жыл.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы. 29-апрель, 2013-жыл.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 29-август таңга жуук жергиликтүү малчылар белгисиз парашютчулар талаага конгонун көрүшкөн.

Учурда аймактагы күч кызматтарынын тоо арасындагы издөө иштери натыйжа бере элек. Жергиликтүү калк арасында ар кандай имиштер тарап, ашуулар ачык турган мезгилде кандайдыр бир жаңжал чыгарчулар пайда болушу мүмкүн дешет.

Ак-Татыр айылынын тургуну Каныбек Маматов Сары-Жаз жайлоосунда мал багат. 29-август күнү таңга жуук малын жайытка чыгарып жатып асмандан 4-5 парашют түшүп келе жатканын байкап калат. Өз көзүнө ишенбей бир сыйра дүрбү салгандан кийин үй-бүлөсүнө көрсөтөт. Анан тиешелүү органдарга кабарлап, айланасындагы малчыларга да айтат.

"2000-жылдары Баткен окуясы учурунда бул аймакта кармаш күч болуп бир топ жоокер окко учкан. Ошол окуялар эске түшүп дароо малымды айдадым да айылга баса бердим",- дейт Каныбек.

- Эртең менен саат 6 чамасында малымды короодон чыгарып жаткам. Асмандан карарган нерселер көрүндү. Дүрбү салсам парашют менен бирөөлөр түшүп келе жатыптыр. Өзүмө ишенбей үйдөгүлөргө да көргөздүм. Чоң асканын ары жагына түшүп кетишти. Анан бул жакка кабар берип башка малчыларга да айттым. Мурдагы окуялар эске түшүп, кооптонуп айылга келе бердик.
Белгисиз парашютчулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Кабар жеткенден кийин 4-5 сааттан кийин аймактагы күч кызматтары окуя болгон жайлоого барып, издөө иштерин баштаган. Бирок алиге чейин шектүү эч нерсе байкалган эмес. Облустук ички иштер башкармалыктын башчысынын орун басары Уланбек Рысбеков азырынча кандайдыр бир божомол айтуу кыйын дейт. Анын айтымында, окуянын көп жактары али табышмак бойдон калууда.

- Кабар жетери менен бардык күч кызматтарына маалымат бердик. Биргелешкен топтор аймакта издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча эми булар кимдер, кандай максатта келгенин айтуу кыйын.

Бир топ жыл мурда аймактагы тоо арасынан ээси жок чакан учак да табылып, окуя табышмактуу жагдайда кала берген. Акыркы мезгилдерде чек аралаш бул аймакта түрдүү имиштер тарап, жаңжал чыгарууга аракеттер бар деген сөздөр айтыла баштаган. Жергиликтүү Өмүрбек аттуу тургун мамлекет тараптан мындай абалга жакшыраак маани берип, кошумча күчтөрдү тартпаса эл кооптоно баштады дейт.

- Ар кандай сөздөр айтылып, чек арада да чыңалуу байкалып жатат. Эл бир аз кооптонуп турат. Ошондуктан, мамлекет бул тарапка кошумча күчтөрдү жиберип, коопсуздуктун алдын алуу чараларын көрүшү керек. Антпесе чек арадагы эл тынчсыздана баштады.

Элдин түрдүү абалдан кооптонушуна да негиз бардай. Анткени ашуулар ачылганы тоо арасында ар кандай сөздөр чыгып, чоочун кимдир бирөөлөрдүн бирин-сериндеп ары-бери өтүп жатканы да айтыла баштады. Уланбек Рысбеков аймакта жаңжал чыгарууну каалаган кайсыл бир күчтөрдүн аракети болушу мүмкүн, ар бир багыт боюнча иш жүрүп жатат дейт.

Улан Рысбеков
Улан Рысбеков
- Эми ар кандай божомолдор боюнча иштеп жатабыз. Атайын бул жакта бир нерсе чыгарууну каалаган күчтөр барбы же кыргыз-тажик мамилесин бузууну каалагандарбы, балким кандайдыр бир экстремисттик топтор аракеттенип жатабы бардык багыт боюнча иштеп жатабыз. Ага кошумча Тажикстанда президенттик шайлоо өткөнү турат. Биз эми алардын ички ишине кийлигишпейбиз. Биздин аракет - эки элдин ынтымагын бекемдеп, коопсуздугун сактоо үчүн биргелешкен иш-чараларга басым жасоо.

Чек аралаш аймактагы мындай табышмактуу паршютчандар эл арасында уу-дуу сөздөрдү жаратып, кээ бир малчылар болжогон убактысынан мурда кыштоого кайта баштады. Тажикстан тарапта да коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн тартип менен издөө иштерин жүргүзүп баштаганы айтылды.

XS
SM
MD
LG