Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

УКМК Бишкекте 500 миң долларга бааланган баңгизат табылганын билдирди


Бишкекте табылган баңгизат.
Бишкекте табылган баңгизат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте наркы 500 миң долларга бааланган ири көлөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылганын кабарлады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде Кыргызстандын мыйзамдарында өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган “Мефедрон” баңгизатынын компоненттери болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайы аныкталган.

Тергөөдө 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар алынды. Ал заттардын бири синтетикалык “Альфа-Пирролидинопентиофенон” (Альфа-ПВП) дарысы болсо, калган заттар “Мефедрон” синтетикалык дарысынын реагенттери болуп чыкты.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 кг мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, маңзатты сатуудан 500 миң доллар каражат түшмөк. Баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК жакында эле Кыргызстанга, андан Казакстан, Өзбекстан жана Кытайга маңзат ташуу аркылуу көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын маалымдаган. Анда Бишкектеги кампалардын биринен салмагы төрт тоннадан ашуун апийим куурайы табылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG