Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:59

Жардыргыч зат кайдан келген?


24-августта чек арада жайгашкан Баткендин Паскы-Арык айылынын эки тургуну 11 кило жардыргыч затын тажик жарандарына сатууга аракет кылган учурда кармалган.

Кармалгандар учурда Тажикстандын Кожент шаарында сурак берүүдө. Ушундай эле жардыргыч зат менен буга чейин да бир нече кыргыз жарандары Тажикстанда кармалган.

24-август күнү чек арадагы Паскы-Арык айылынын тургундары, 39 жаштагы Ашыралы Убайдиев менен 38 жаштагы Алмаз Калбаев чек арада 11 кг. жардыргыч затын (аммонит) сатууга аракет жасап жаткан жеринен тажик күч кызматтарына кармалган. Бул тууралуу 25-августта Тажикстандан расмий маалымдалган. Учурда алар Согди облусунун борбору Кожент шаарында сурак берип жатканы маалым болду. Кармалгандардын жакындары облустук бийликке жардам сурап кайрылышты.

Акыркы учурда кыргыз-тажик чегинде чыңалуу жаралгандай түр берет. Буга чейин Тажикстан аймагынан өтүп келе жаткан кыргыз жарандарына таандык 2 машиненин айнектери талкаланган. Бул көрүнүштөр жаңжалды ырбатпасын деген негизде эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, облустук деңгээлде милиция кызматкерлеринин жолугушуусу да өттү.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Адыбек Набиев Тажикстанда кармалып тургандардан милиция кызматкерлери кабар алып келди, абалды курчутуп жибербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз дейт.

- Бизге эки жарандын мыйзамсыз аракет менен кармалгандыгы тууралуу маалымат келген. Ал боюнча милиция кызматкерлери кабар алып келишти. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери абалды талкуулоо үчүн жолугушуу да өткөрөт. Элге түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатабыз. Чек арадан Чорку тарапка өтпөгүлө деп эскерттик. Жакында дагы кеңири жолугушуу өткөрүүнү пландап жатабыз.

Ашыралы Убайдиев менен Алмаз Калбаевдин жакындары Тажикстанга барып кабар алууга жардам берүүнү өтүнүп, облустук бийликке кайрылышкан. Баткен жана Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилери 27-август күнү чек арада жолугушуу өткөрүп, кармалгандарды жакындарына жолуктуруп турууга макулдашкан.

Алмаз Калбаевдин агасы Муктар Калбаев Кожентке инисинен кабар алганы жөнөп жаткан жеринен телефонго жооп берди. Ал иниси буга чейин мындай иштерге аралашпаганын айтты:

- Мен азыр Кожентке кетип жатам. Кабар алып келейин инимден. Азыр эч нерсе айта албайм. Иним почточу болуп иштечү. Мындай иштерге мурда аралашкан эмес. Жалган жалаа болушу да мүмкүн.

Ушундай эле окуялар аймакта өткөн жылдары да кайталанган. Былтыр жергиликтүү ишкер Тажикстан аймагында 90 килодон ашык жардыргыч зат менен кармалып, аягы барымтага алуу, милициянын атайын операциясы менен аяктаган. Кармалган жаран 7 жылга эркинен ажыратылган.

Жергиликтүү серепчи Базарбай Масейитов мындай сооданын токтобой жатканы Тажикстанда ага суроо-талаптын бар экенинен кабар берет дейт. Анын пикиринде, эки өлкөнүн чек арасындагы мындай мыйзамсыз аракеттер үчүн кармалган жарандар жоопкерчиликти өз өлкөсүндө тартса жакшы:

- Эки өлкө ушундай иштерде алмашуу жолу менен иштесе жакшы болот деп ойлойм. Анткени азыркы учурда Тажикстанга барып кармалгандардын жакындары кабар алалбай кыйналышат. Кооптуу.

Кыргыз-тажик чегинде минтип жардыргыч зат менен шугулдангандар Кыргызстан тарапта кармалбай чек арадан ары өткөндө гана колго түшөт. Ошондуктан жөнөкөй жарандардын колуна бул зат кантип түшкөнү, кайдан алаары кыргыз күч органдарына белгисиз бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG