Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:16

Бейшеналиевдин ишин иликтеген комиссия эки жолу жыйынга чогулду


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия буга чейин эки жолу жыйынга чогулду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев билдирди. Анын сөзүнө караганда, комиссия Башкы прокуратурага, “Унаа” мамлекеттик мекемесине, Тышкы иштер министрлигине (ТИМ), Жогорку сотко, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана башка мамлекеттик мекемелерге 25тей кат жиберген.

3-апрелде парламенттин ошол кездеги депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен комиссия түзүлүп, ага Жусупбек Коргонбай уулу өзү да кирген. Кийин комиссиянын мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы алмашкан.

Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, министрдин жана жакындарынын 50 млн доллар байлыгы бар экенин айткан. Андан тышкары анын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген.

Алымкадыр Бейшеналиев коюлган дооматтын баарын четке каккан.

Жусупбек Коргонбай уулун кийин мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип, “министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын” айткан. Мамлекет башчы кийинчерээк маекке “депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал да тийиштүү жазасын алат” деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

Алымкадыр Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда коррупцияга айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 2022-жылы 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG