Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Пробация департаменти Аскар Кубанычбек уулу боюнча соттун токтомун алган эмес


 Аскар Кубанычбек уулунун Украинадагы согушка катышып жүргөндөгү сүрөтү.
Аскар Кубанычбек уулунун Украинадагы согушка катышып жүргөндөгү сүрөтү.

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолуп, кийин пробация аркылуу бошотулган кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу боюнча соттун токтомун алган эмес. Бул тууралуу 29-апрелде департаменттин электрондук каттоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Асек Элмирбек уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Биз аткаруучу органбыз. Бизге расмий түрдө соттук органдын өкүмү колубузга келип түшүшү керек. Өкүм күчүнө киргендиги тууралуу соттун тескемеси бизге келген күндөн баштап ошонун негизинде кардар боюнча иш алып барып баштайбыз. Бүгүнкү күнгө чейин соттун өкүмдөрү, соттун материалдары келген жок. Соттук акт колубузда жок болгондон кийин биз иш алып бара албайбыз", - деди Элмирбек уулу.

Мунун алдында департаменттин Биринчи Май райондук бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзина Дүйшөналиева чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу пробация бөлүмүнө соттун тиешелүү токтому түшкөндөн кийин дароо колдонула турганын билдирген.

Кыргызстанда "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолуп, кийин пробация аркылуу бошотулган кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу 26-апрелде орусиялык журналисттерге интервью берип, соттун өкүмүнөн кийин Кыргызстандан Казакстан аркылуу чыгып кеткенин жана Орусияда жашап, ушул өлкөнүн жарандыгын ала турганын билдирген.

27-апрелде Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Кубанычбек уулу Орусиядан саясий башпаанек алаарын өзүнүн телеграм-каналына жазды. Анын жазганына караганда, Кубанычбек уулунан убактылуу башпаанек берүүгө байланыштуу документтер кабыл алынган. "Эгерде негиз бар болсо, биздин өлкөнүн жарандыгына кабыл алуу маселеси белгиленген тартипте чечилет", - деп жазган ал.

Быйыл 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон.

Тийиштүү материалдар Пробация департаментине эмнеге жиберилбегени боюнча соттон комментарий бериле элек.

Былтыр 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн.

Ага чейин былтыр 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга соттогон.

Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны 2022-жылы июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси “Жалданмачылык” менен кылмыш иши козголгон.

Ошол кезде Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган. Ушундан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Кыргызстандык эксперттер орус бийликтеринин демилгесин комментарийлеп, муну Украинадагы согушка карата бейтарап позицияны карманган Кыргызстандын расмий бийлигине кысым катары баалашкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG