Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Келдибеков бийлик менен соодалаштыбы?


2013-жылы ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
2013-жылы ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

17-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Акматбек Келдибековго козголгон кылмыштын бир эпизодун кыскартты.

Соттун мындай чечими Келдибеков толук акталышы ыктымал, экс-спикер бийлик менен тымызын саясий соодалашууга барды деген сөздөрдү пайда кылды.

17-августта Келдибековдун Социалдык фонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал эми Мамлекеттик салык кызматында жетекчи, кийинчерээк Жогорку Кеңеш спикери болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айыптар менен соттук териштирүүлөр уланууда.

- Аталган иш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылып отурат. Бул мыйзамда жазылган. Бирок башка иштери боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат, - деди Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева.

Буга чейин Келдибековдун жактоочуларынын аталган кылмыш ишинин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу кыскартуу тууралуу өтүнүчүн сот канааттандырбай келген эле.

Айрым саясий талдоочулардын пикиринде, Келдибековго карата кылмыш иштер саясий өңүттө козголгон. Серепчи Бакыт Бакетаевдин оюнча, бүгүнкү соттун чечиминде да саясий соодалашуу болгондой.

- Кээ бир маселелерде саясий чечим чыгарууга мажбур болушат. Менин баамымда, Келдибековдун ишинде кандайдыр бир саясий чечимдин көлөкөсү көрүнүп турат. Ошондой эле Ташиевде дагы саясий чечим кабыл алынган деген сөздөр эл арасында айтылып жүрөт.

Акматбек Келдибековдун саясий дымагына жана келечегине келе турган болсок, серепчилер ал толук акталып чыкмайынча шайлоолорго катыша албай турганын белгилешүүдө. Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров экс-спикерге козголгон кылмыш иш саясий буйрук болгон деп айтып, бирок ал саясий соодалашууга барган жок деп ишендирди.

- Эми коомчулукта ар кандай сөздөр жүрө берет. Келдибековдун ишинде саясий оюн болгон, учурунда аны спикерликтен алуу керек болчу. Муну депутаттар деле айтып жатпайбы. Саясий өңүттөн козголгон иш, шайлоого чейин кармап туруп, анан иштин жыйынтыгын чыгаруу керек болгон.

Бугүнкү кыскартылган ишти Башкы прокуратура Акматбек Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фондду жетектеп турган учурунда коррупцияга катышы болгон деген айып менен козгогон.

2013-жылы ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Келдибеков Соцфонддун төрагасы болуп туруп, мамлекетке 24 млн. сомдон ашык, Салык кызматын жетектеп турганда 2,3 млн. сом, спикер кезинде 10 млн. сомго жакын зыян келтирген деп айыпталган.

Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу өткөн жылы август айында баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ал дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетип, быйыл жаңы жылдан соң кайтып келген эле.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG