Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Баткен округу: саат 14.00гө карата шайлоочулардын 13,64% добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) билдиришинче, саат 14.00гө карата бир мандаттуу Баткен шайлоо окуругунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо тизмедеги шайлоочулардын 13,64% (15 325 адам) добуш берди. Ал эми Ош округунда добуш бергендер 10,70% (13419 адам ) жана Кара-Суу округунда 9% (10084) болду.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылган. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулган, шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Баткен округунда 81 добушкана ачылды, шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан үч округда 29 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

Кыргызстанда буга чейинки шайлоолор дагы солгун өтүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG