Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:58

Келдибеков сүттөн акпы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер алдыдагы шайлоого, беш жыл мурдагы коогалаңга басым жасашты.

Депутат Курманбек Осмонов “Искра” гезитине Келдибековдун соту боюнча курган маегинде Келдибековго айыптар негизсиз коюлуп жатканын, ал күнөөсүн мойнуна алабы же албайбы, ага карабай туруп эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенден кийин кылмыш иши козголбой, кыскартылышы керектигин, кыскартылгандан кийин жаза колдонулбашы керектигин, жаза колдонулбаган соң ал соттолбошу керектигин, соттолбогондон кийин ал кылмышкер деп аталбашы керектигин, анткени Кыргызстандагы мыйзамдын талабы ушундай экендигин айтты.

Депутат Надира Нарматова да ушул гезиттеги маегинде “Акматты эч ким коррупционер деп атаганга акысы жок” деп, ал азыр кылмышкер эмес, колунда мандаты бар депутат экендигин айтты.

Көптөн бери дайынсыз кеткен генерал-майор Зарылбек Рысалиев интервью берди. Ал "Текебаевге окшогон элдик артисттерге даба жок” деп аталат. Анда азыр тынч эле жашап жатканын, Борбор Азиянын баңгизатка каршы күрөшүү борборуна ишке чакырганынан баш тартып койгонун, “Ата Мекенден” башка партиялардан чакырык түшүп жатканын кеп кылды.

Коомдук ишмер Советбек Токтогазиев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, келаткан шайлоо чоң чырдын башы болуп калышы мүмкүндүгүн, өткөн шайлоодо бир добуш 500-1000 сомдон сатылса, быйыл 5 миң сомго сатыларын, ошондуктан президент катары элге чыгып, мыйзамды өзгөртүп, шайлоону партиялык тизме менен эмес, мажоритардык системага өткөрүп, депутаттардын санын 3-4 эсе азайтып шайлоого барбаса болбой турганын, өлкөдө парламенттик системаны өзгөртмөйүн өлкө оңолбой турганын айтып кат жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити Нарын Айыптын “Борбордогу бороон” деген макаласы менен жаңы санын ачып, шайлоонун сценарийи жазылып коюлганын, өлкөдө чыныгы саясый партия дегендер жоктугун, партияга кирген айрым адамдардын тобун карап туруп саясатчы дегенге ооз барбастыгын, ушул кезде мурдагы партияларынан бири чыга качып башка бирине кирип, бири жаңы партия түзө коюп жатканын, билгендердин айтымында, КСДПнын тизмесин Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы 1-орун басары Икрамжан Илмиянов тейлеп, анын орун басарлары болуп түндүк аймагы боюнча Болот Отунбаев, түштүк аймагы боюнча Аалы Карашев иштеп жатканын, шайлоого иштеп берүү үчүн атургай булар мамлекеттик кызматтарын таштаганга чейин барышканын жазып чыкты.

2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясынан бери туура беш жыл өттү. Буга байланыштуу “Вечерний Бишкек” гезити Нарын Айып менен Александр Тузов даярдаган “Позорный и трагический юбилей” деген макаланы жана айрым адамдардын ойлорун басты. Негизги ой – кандуу окуяны баштагандарды таап, алардын кайсы кызматта иштегенине карабай аттарын атап, бүтүндөй элдин алдына, эл аралык коомчулуктун алдына алып чыгып жазаламайын эл бузарлар тынч жатпастыгын эскертти.

Жегичтердин Уюшкан Кастасы же кыскача ЖУК деген неме дайыма сокур жана керең болорун, алар эл үчүн иштеп аткансып түр көрсөтүп, галстук тагынып алып кабинеттерде отурган менен карапайым элдин маселесин эч качан чечпестигин, маселе чечмек тургай, карапайым адамдардын муң-зарын укмак тургай, аларды киши ордуна да санабай тургандыгын белгиледи.

“Көк асаба” гезити “Парламентаризмдин жана демократиянын улуттук жүзү болушу мүмкүнбү?”, “Кыргыз парламентинин тарыхы”, “Жүрөктүн жараатын ачкан сүрөт” деген макалаларды, жазуучу Ракыя Жусупованын “Таттыбүбү” деген эскерүү баянын жарыя кылды.

Жаш акын Умар Нусубалиевдин жаңы үч ыры жарык көрдү.

Италиянын Милан шаарында өткөн “Экспо-2015ке” катышып келген "Ордо Сахна” театры жөнүндө маалыматтар да бар.

XS
SM
MD
LG