Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

Парламент төрагасы бир айда үч жолу алмашты


Солдон оңго карай: Дастанбек Жумабеков, Мыктыбек Абдылдаев, Канатбек Исаев жана Талант Мамытов.
Солдон оңго карай: Дастанбек Жумабеков, Мыктыбек Абдылдаев, Канатбек Исаев жана Талант Мамытов.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Мунун алдында парламенттин спикери Канатбек Исаев өз эрки менен кызматтан кетип, аны президенттик шайлоого катышуу ниети менен байланыштырды.

Жапаровдун үзөңгүлөшү спикер болду

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында төрага алмашып, Талант Мамытов спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин «Республика - Ата Журт» фракциясы көрсөтүп, 100 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди. Мамытов парламентте сөз сүйлөп алдыда аткарылчу иштер боюнча буларга токтолду:

«Абал өтө оор. Бюджеттик таңкыстык, эпидемиологиялык жана жалпы саясий кырдаалды эске алганда силердин колдооңор керек. Бүгүн кыргыз эли жалпыбыздын колдообузга муктаж. Мамлекетти укуктук алкакка чогуу киргизип, ооруга чогуу туруштук берүүнү эл күтүп турат. Ошондуктан сиздерге ыраазычылык билдирем. Ишеничти чогуу актайбыз».

Талант Мамытов парламенттин төрагасы болору алдын ала эле белгилүү болуп калган. Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жыйынында Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирип, ордуна Талант Мамытовду коюу боюнча кол топтолуп жатканы, аны 80ге жакын депутат колдогону кабарланган.

Исаев кол топтоодон кабары бар экенин, ал кызматтан бир эле учурда - президенттик шайлоого катышуу үчүн кетерин билдирген. Ал шаршемби күнү кызматтан кетерин жарыялап, аны президенттик шайлоого катышуу ниети менен байланыштырды:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Биздин партиялаштар мени президенттикке талапкер катары көрсөтүштү. Мен партиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештин төрагасы катары президенттин милдетин аткара албайм. Президенттин милдетин аткарууну кайра өкмөткө жөнөтөлү десек толук иштеген премьер-министр жок болуп калат. Туңгуюкка кептелип калып атабыз. Ошол себептен менин же партиянын кызыкчылыгы өлкөнү саясий туңгуюкка алып келбегидей болуш керек. Андыктан мен Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматын өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алдым».

Жапаров командасы менен бийликке келди

Ушуну менен 5-октябрдан кийинки башаламандыктан бери Кыргызстанда үч жолу төрага алмашты. 6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тарткан. Андан кийин 13-октябрда спикер болгон Канатбек Исаев бир айга жетпей кызматтан кетти.

Жаңы шайланган спикер Талант Мамытов - президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү. Жапаров 6-октябрга караган түнү түрмөдөн чыккандан бери аны коштоп жүрөт. Жапаров 10-январга дайындалган президенттин шайлоого катышарын айтып, 14-ноябрда кызматын тапшырарын билдирди. Мыйзам боюнча президенттин милдетин убактылуу аткаруу спикерге – Мамытовго жүктөлөт.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев буга байланыштуу жаңы төрагага кеңеш берди:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Көпчүлүк муну саясий конъюнктуралык тактика катары түшүнүп жатат. Мен Талант Мамытовго «досуңуздун креслосун кайтарып туруш үчүн келбегениңизди түшүнүшүңүз керек» деп айттым. Себеби, «президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ордуна өзү ишенген адамды калтырып кетип жатат» деп ойлоп жатышат. Кыргызстандын алдында шайлоодон башка да көп маселе бар. Парламент - азыр жападан-жалгыз легитимдүү орган. Мамытов спикер, ага кошумча январдын аягына чейин президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Президенттик шайлоо эки айлампа менен өтсө мартка чейин жылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз төрагадан саясий конъюнктуралык тапшырманы эмес, стратегиялык, туруктуу милдеттерди аткарышын күтөбүз».

Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп саясатка келген. 2012-жылы ал кездеги оппозициячыл «Ата Журт» фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов жетектеген топ Бишкекте Кумтөр кенин мамлекеттин карамагына өткөрүүнү талап кылган митинг өткөргөн. Ал башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасынан ашып өтүүгө аракеттенгендер болуп, бир нече адам кармалган.

Бул ишке байланыштуу 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

Кезинде бир иш боюнча чогуу сот жообуна тартылгандар жана аларды шаардык сотто актаган мурдагы судья Курманкул Зулушев бийликте турат. Ал ушул кезде башкы прокурор. Депутат Жанарбек Акаев эми өлкөдө бардык жоопкерчилик Садыр Жапаровдо жана анын тарапташтарында экенин эскертти:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Алар бир гана бийликти албастан, элдин да колдоосун сезип турат. Адилеттүүлүктү орнотом, өлкөдөгү абалды өзгөртөм десе эч кандай тоскоолдук жок. Мисалы, УКМКда ишенген адамы, жакын досу (Камчыбек Ташиев) отурат. Саясаттагы дагы бир үзөңгүлөшүн спикер кылып шайлап бердик. Бирок алар элдин колдоосу убактылуу экенин билиши керек. Эртең ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн экенин эстен чыгарбашы керек. Бийликти узурпация кылып, өзүм билемдик кылам десе ал туура эмес. Бийликке келген үзөңгүлөштөрү менен туура эмес жолго түшсө бул бийликтин да өмүрү кыска болот».

«Бийликти узурпациялоо болуп жатат»

Садыр Жапаровдун тилектештеринин бардык бийлик бутактарын жетектеп калышын айрымдар бийликти узурпациялоо катары баалап жатышат. Алардын бири, «Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев:

«100% узурпация. Кадр саясаты, кабыл алынган чечимдерди көрүп чочулап турам. Себеби, карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн бир да иш жасалган жок. Мындай жол менен кете берүү Садыр Жапаров ажыдаардын терисин кийгендей болуп жатат. Бул мурдагы президенттерден эч кандай айырма жоктугун билдирет. Эл 5-октябрда революцияны Садыр Жапаров үчүн жасаган жок. Эл ыплас шайлоого чыдабай Сооронбай Жээнбековду кетирди. Жапаровдун командасы эл революция кылганын, бул «Мекенчил» партиясынын төңкөрүшү эмес экенин түшүнбөй жатат», - деди.

Садыр Жапаров мындай дооматтарды бир нече жолу четке какты. Ал акыркы маегинде Кыргызстандын эли жеке басар бийликке жол бербей турганын бир нече жолу далилдегенин, бийликти бир колго топтоо аракети жок экенин айтты. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов да ушундай эле пикирде.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

«Талант Мамытов төрагалыкка кыска мөөнөткө гана шайланып келди. Бизде азыр тезирээк мыйзам алкагына кирүү милдети турат. Бул айла жоктуктун иши болуп жатат да. Ал эми бийликти узурпациялоо болуп жатат деп айтуу азыр эрте», - деди ал.

44 жаштагы Талант Мамытов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында баштаган. 2001-2004-жылдары Жалал-Абад облустук жана шаардык прокуратурасында прокурор, тергөөчү болуп иштеген.

2006-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп турган. 2006-жылы кайра Жалал-Абад облусунун Сузак районуна которулуп, прокурордун орун басары болгон. 2007-2009-жылдары ушул эле облустун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG