Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Баш мыйзамдын талашы, Жапаровдун реформасы


Садыр Жапаров Баткен облусунда. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров Баткен облусунда. 3-ноябрь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда конституциялык реформалардын долбоору даяр болуп калганын билдирди.

Ага бардык чөйрөнүн өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү да тартыла турганын айтты. Ошол эле кезде юристтер Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам талаптары бузулуп жатканын айтып жатышат.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров «бийликти узурпация кылууда» деген саясий атаандаштарынын дооматтарын четке кагып, конституциялык реформа боюнча кеңешме «бардык өзгөртүүлөр ачык-айкын өтөт» деп айтты:

«Конституциялык реформаларга барабыз деп долбоорлорду даярдадык. Бут тосуу абдан күч. «Бийликти узурпация кылганы жатат, Түркмөнстан болгону жатат, Конституцияны жабык эшик артында даярдап жатышат» деп сындашууда. Эч кандай жабык даярдалган жок жана даярдалбайт дагы. Бардыгы коомчулуктун талкуусуна чыгат. 10-15 күндүн ичинде даяр болсо Конституциялык кеңешмеге же Жогорку Кеңешке алып чыгабыз. Биз Жогорку Кеңеште кабыл алсак тез болобу деп ойлогонбуз. Өкмөттүк эмес уюмдар «Жогорку Кеңеш 28-октябрдан баштап мөөнөтү бүттү, карай албайт» деген ой-пикирин айтып жатышат. Ошондон улам Конституциялык кеңешме түзүп, ошого беребиз. Конституциялык кеңешмеге өкмөттүк эмес уюмдардан баштап кызыккан адамдардын баарын киргизебиз. Кеңешменин отуруму түз эфирде берилип турат. Коомчулукта талкуу кылып, анан референдумда кабыл алып берсеңер», - деди Жапаров.

Ал парламенттин толук партиялык система менен шайланышын туура эмес деп эсептейт.

«Партиялык система деп үчүнчү жолу келип мамлекетти талкалап, сазга батырды. Азыр жаңы конституциялык реформалар боюнча бир мандаттуу системага келели десек, партиялык система болсун, жарымы бир мандаттуу деп талашып жаткандар бар. Долбоордо жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык деп көрсөтүлдү», - деди Жапаров.

Жапаровдун «долбоордо жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык деп көрсөтүлдү» дегени жаңы бийликте Баш мыйзамдын жаңы долбоору бар экенин ишарат кылууда. Ошол эле кезде «бизди «Конституцияны жабык эшик артында даярдап жатышат» деп сындагандар бар. Эч кандай жабык даярдалган жок жана даярдалбайт да» деп айткан сөздөрү бири-бирине каршы келген билдирүү катары бааланып жатат.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюмунун координатору, укук коргоочу Динара Ошурахунова мындай маселе койду:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Даяр болсо эмне үчүн ачыкка чыгарып жарыялабайт? Конституциянын долбоорун эч ким көрө элек. Эгер даяр болсо - ал эмне үчүн жашыруун? Жарымы партиялык, жарымын бир мандаттуу система менен шайлаганда эмне өзгөрөт? Мен үчүн түшүнүксүз. Бул популизм. Конституцияны өзгөртүүгө эч кандай негиз жок. Аны алмаштыруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Юристтер, конституционалисттер Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча эрежелердин баары бузула турганын айтып жатат. Конституциялык кеңешме деп түзүп коюп, ал жакта бир адамдарды сүйлөтүп, сыналгыдан көрсөтүп коюу конституциялык реформа болуп эсептелбейт».

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул эле күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, парламенттик кайра шайлоо конституциялык реформаны өткөрүү аяктагандан кийин өтөрү белгиленген. Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

Садыр Жапаров Ош шаарындагы эл менен жолугушууда парламенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин гана өтөөрүн билдирди:

«Спикер, бардык фракция жетекчилери менен кеңешип, баарыбыз бир жыйынтыкка келдик. Мыйзамды бузбаш үчүн, шайлоону 1-июнга чейин жылдыра турган мыйзам кабыл алып, мен кол коюп күчүнө кирди. Мыйзамдын негизинде жылдырылды. Анткени конституциялык реформаларга барып, башкаруу системасын алмаштырып алып, анан шайлоо өткөрөлү деп чечтик. Менин болжолумда апрель айлары, ашып кетсе май айларына барат. Ушул убакыттарда парламенттик шайлоо болот».

Жапаровдун Конституция, "үчүнчү күчтөр" жана кадрлар тууралуу пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00


«Конституциялык реформа мыйзам бузуу менен жүрүп жатат»

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу тууралуу мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү, коомдук-саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков жаңы бийлик конституциялык реформага Баш мыйзамдын талабын сактабастан барып жатканын айтты:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Бийликтегилерге, дегеле Кыргызстанга Конституциянын кереги жок экен. Иштеп жаткан Конституцияны сыйлабасак, аны аткарбасак, анда конституциялык реформанын эмне зарылчылыгы бар? Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Себеби, бүгүнкү иштеп жаткан Конституциянын талабына ылайык, Баш мыйзамдын долбоорун демилге көтөрүлгөндөн кийин алты айдан соң гана Жогорку Кеңеш карап, алып чыгышы керек. Ал эми бул алты айдын аралыгында ал экспертизадан, элдик талкуудан өтүшү зарыл. Бул азыркы Конституциянын 114-беренесинин талабы. Ал эми Жогорку Кеңеш долбоорду үч окууда кабыл алышы кажет. Ар бир окуунун ортосундагы аралык эки айдан кем болбошу керек. Орто эсеп менен конституциялык реформа үчүн 10 айдай убакыт керек болот. Бул Конституциянын талабы. Эгерде биз Конституциянын талабын аткарбай, «Конституциялык кеңешме түзө коёбуз, жаңы долбоор алып чыгып, референдумга коёбуз» деп жатсак, дегеле аткарылбаган андай Конституциянын эмне кереги бар? Кийинки бийлик келет дагы, «бул Конституцияны биз аткарбайбыз, биз башкача кылабыз» десечи? Ошондуктан конституциялык реформа өткөрөм деген нерсе - бул саясий оюн. Бул - мамлекеттин Конституциясын сыйлабагандык».

Жапаровдун аймактарды кыдыруусу

2-ноябрда Садыр Жапаров Баткен облусун кыдырып, инфратүзүмдүк объектилердин курулушун көрүп, облустун активи менен жолукту. Ал өлкөдөгү саясий абал, чек ара маселелери, коронавирус эпидемиясы жана коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.

3-ноябрда Ош облусунун эли менен жолуккан Садыр Жапаров ушул эле күнү Жалал-Абад облусуна да барды.

Өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун аймактардагы сапарын айрым талдоочулар президенттик шайлоонун алдындагы үгүт катары сыпатташууда.

16-октябрдан бери мамлекет башчынын милдетин аткарып келаткан Жапаров 10-январдагы шайлоого катышарын, кызматын декабрда тапшырарын билдирген.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Эки милдетти бир алып бараткандан кийин муну үгүт деп сыпаттасак да болот. Акимдер менен жолугушуп, алар менен жыйын өткөргөндө алдыдагы шайлоолор жөнүндө деле сөз болот. Шайлоону сөз кылбай эле кетип калуу да мүмкүн эмес. Аймактарга иш сапарына чыгуу – өзүн тааныштыруу. Үгүт болобу, коопсуздукпу, экономикабы, чек ара маселесиби, баарын сүйлөшөт. Эски тажрыйбасы бар жергиликтүү бийликтеги аткаминерлер сөздүн төркүнүн дароо ылгашат», - деди саясат талдоочу Турат Акимов.

Буга чейин Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов жана Бектур Асанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого барарын жарыялашкан. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Жапаровдун аймактарды кыдыруусу боюнча мындай пикирин айтты:

«Биринчиси - бийлик башына жаңы келген адам катары эл менен таанышуу. Экинчиси - январдагы президенттик шайлоонун алдындагы кадам. Анткени президенттик шайлоого катышам деген адам аймактарга чыкпаса, эл менен жолугушууларды өткөрбөсө, утулат. Ошондуктан Садыр Жапаров элдин көйгөйү менен таанышып, өзүнүн бийлигин да бекемдеп, адамдардын ишенимине кирүүгө аракет кылууда».

Баткендеги жолугушууда тартылган сүрөт.
Баткендеги жолугушууда тартылган сүрөт.

Коронавирус коркунучу

Садыр Жапаров Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда жолугушууну жүздөгөн киши катышкан стадиондо өткөрдү. Пандемиянын шартында анын мынча эл чогултуп жыйын өткөргөнүн сындагандар болууда.

«Мен Садыр Жапаровдун Баткенде сүйлөгөн сөздөрүн уктум. «"Адамдарды чогултуп атат" деп мени журналисттер сындашат, адистер сындашат. Коронавирус коркунучун түшүнүп атам, бирок чек арага байланыштуу маселе да маанилүү» деген өңүттө сүйлөдү. Бирок баары бир пандемия учурундагы мындай аракет жоопкерсиздик катары көрүнүп калды», - деди жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева.

Талдооочу Алмаз Тажыбай да жетекчилер үлгү болушу керек деп эсептейт.

«Кыргызстанда азыр пандемияга байланыштуу өзгөчө абал жок, - деди ал. - Ансыз деле той-аш көбөйдү. Бирок мындай учурда эл башындагы кишилер үлгү болууга тийиш. Эл менен жолугушуу керек, бирок Садыр Жапаров беткап кийип үлгү көрсөтсө жакшы болор эле. Медицина адистери какшап айтып келаткан дистанция сактоо эрежелерин бузбашы керек болчу».

Садыр Жапаровдун кеңешчиси Дастан Дүйшөкеев жогорудагы сын-пикирлерге байланыштуу «Азаттыкка» маалымат берип, бул аймакта жылдап каралбай жаткан маселелер бар экенин, эл аларды тез арада чечүүнү талап кылып жатканын билдирди. Ал президенттин милдетин аткаруучу жолугушууга келгендердин арыз-муңун угуу үчүн барганын, чек ара көйгөйү коронавирус сыяктуу эле курч маселе экенин айтты. Ошону менен катар ал стадиондо чогулган эл бардык суроолоруна так жооп алганын, кире бериште ар бирине бекер беткап таратылып, дезинфекциялоочу каражат менен камсыз болушканын кошумчалады.

Баткен: Чек ара, контрабанда, жумушсуздук
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:50 0:00

XS
SM
MD
LG