Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Газа тилкеси: Эки тараптан набыт болгондор миңден ашты


Газадагы кырдаал
Газадагы кырдаал

9-октябрдын таңына карай Израилде соңку окуялардан улам набыт болгондор 700дөн, жараат алгандар 2000ден ашты. Бул тууралуу Израил армиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Газа секторунда палестин бийлигинин маалыматына караганда, каза тапкандар 413кө жетти, жараат алгандар 2300 болду.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында каралды, бирок эч кандай чечим кабыл алынган жок.

Jerusalem Post басылмасы 750 израилдик дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

1973-жылдан берки алгачкы согуштук абал

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси өлкөдө согуштук абал жарыяланганын билдирди. Ушул тапта Израилдин аскерлери ХАМАСтын жоочулары менен өлкөнүн түштүгүндө кармашып жатат.

Нетаньяху 8-октябрга караган түнү ХАМАС тобунун аскердик жана өкмөттүк потенциалдын жок кылуу боюнча аскердик жараян баштоого Коопсуздук кабинетинен макулдук алганын жарыялады. Газа секторундагы жети райондо жашаган жай тургундарга атышуунун курмандыгы болуп калбаш үчүн башка жактарга кетүү керектигин эскертти.

"Биз узак жана оор согушка киришип жатабыз. Израилдин жарандары, бул операция эмес, бул накта согуш. Согушууга бизди ХАМАСтын өлүм алып келген кол салуусу мажбур кылып жатат, - деди Нетаньяху элге кайрылып.

Анын айтымында, "Темир кылыч" операциясынын биринчи фазасы “Израилдин аймагына кирип келген ХАМАС жоочуларын жок кылууга багытталат жана ал жакынкы арада жыйынтыкталат”. Экинчи фазасында Израил Газа секторун жоочулардан тазалап, алардын командирлерин жок кылып, барымтага алынган израилдиктерди бошотууну көздөйт.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ишембинин кечинде жана жекшембиге караган түнү Газа секторун артиллериядан тынымсыз аткылоону улантты.


Палестиналык маалымат булактары Ал-Уатан мунаралары талкаланганын жазышты. Айрым кабарларга караганда, ХАМАС менен байланышы бар компаниялардын кеңселери ошол жерде жайгашкан. Андан мурдараак Газада Ал-Галаа мунарасы да талкаланган, ал жакта көптөгөн араб жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде "Ал-Жазира" агенттигинин кабарчылар пункту иштеп жаткан. Бомбалоо алдында израилдик аскерлер имараттын ичиндегилердин баарына сыртка чыгып кетүүгө чакырган.

Жекшембиге караган түнү да Израилдин аймагы аткылоого кабылды. Ливан тараптан да минометтук аткылоо болгону айтылып жатат.

Беэри кыштагында жоочулардын барымтасында калган бардык израилдиктер, Офаким шаарында барымтага алынгандардын экөө бошотулганы белгилүү болду.

Күбөлөрдүн маалыматы

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болду. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган. Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген.

Окуядан бир нече саат өткөн соң жараат алган израилдиктер өлкөнүн ооруканаларына жеткирилди. Окуянын күбөсү болгон Эстер Борохов коркконунан кыймылдай албай калганын айтып берди.

"Мен кыймылдай албай калдым. Стресстен белимде бир нерсе болсо керек, эки жарым саат бою эңкейиште отурдум, кыймылдабай, буттарым уктап калыптыр. Ордумдан туруп басуу кыйын болду. Бизди аскерлер автобуска салып алып кетишти".

Израилдин коопсуздук күчтөрү. 8-октябрь, 2023-жыл
Израилдин коопсуздук күчтөрү. 8-октябрь, 2023-жыл


Фестивалда жүргөн израилдик тургун Ариеэль Коэн ишемби күнү дайынсыз жоголгон туугандарын издеп, көргөн-билгендер болсо маалымат бөлүшүүнү суранууда.

"Менин туугандарым да кечеде жүргөн эле. Алардын аты Гета жана Раз, алар менен дагы беш досу бар эле. Ушул убакка чейин дайыны чыга элек. Биз аларды издеп жатабыз. Эмне маалымат болсо да бөлүшүүнү суранабыз".

Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу барымтага алган израилдиктердин так саны азырынча белгисиз.

Израилде аскердик мобилизация жарыяланган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана бир катар мамлекет ХАМАСтын чабуулун айыптаган билдирүү жасашты.

Ишембиде ХАМАСтын мүчөлөрү Израилдин шаарларына кирип келип, сокку урган.

Аймакта мындан туура 50 жыл мурда, 1973-жылы дал ушул күнү да катуу согуш болгон.

Элчилик кооптуу аймактардан оолак болууга чакырды

Израилде соңку окуялардан улам кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшпөгөнүн Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) 7-октябрдын кечинде маалымдады.

Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды.

Кыргыз элчилиги израилдик расмий мекемелер жана ал жактагы кыргызстандыктар менен байланышта (телефон номуру +90 5456896800) иштеп, алардын коопсуздугу үчүн кырдаалга мониторинг жүргүзүп жатканын маалымдады жана кооптуу аймакка баруудан кармана турууга чакырды.

Расмий маалымат боюнча, Израилде жашаган кыргыз жарандарынын саны 38, 9 киши консулдук каттоодо турат.

7-октябрдан 8-октябрь эртең мененкиге чейинки окуялардын хроникасы

10.00 - Жекшембиге караган түнү Израил Газа тилкесинде бир нече жолу абадан сокку урду. Израил армиясы көптөн бери блокадада турган Газанын жети районунун тургундарын үйлөрүн таштап, шаар борборлоруна көчүп же баш калкалоочу жайларга барууга чакырды.

07.45 - Израилде Беэри кыштагында жана Офаким шаарында барымтага алынгандардын баары бошотулганын 8-октябрдын таңында бир нече жергиликтүү басылма жазды. Kan телерадиокомпаниясы өлкөнүн түштүгүндөгү Офаким шаарындагы барымтада калган адамдар бошогонун, израилдик үч жоокер жеңил жана орточо оордуктагы жараат алганын, ал жактагы ХАМАС радикал тобунун жоочулары жок кылынганын маалымдады.
Haaretz гезити Беэридеги барымтага алынгандар бошотулганын жазды.
Андан мурдараак Израил армиясынын маалымат катчысы Ричард Хехт “ХАМАС кол салгандан кийин Израилдин аймагындагы 22 калктуу пунктта кармаш уланып жатканын” билдирген жана Беэри менен Офакимде барымтада калгандар боюнча абал оор экенин айткан.

07.00 - Reuters агенттигинин соңку маалыматына караганда, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Коопсуздук кабинетинин жыйынын өткөрүп, анда “ХАМАСтын аскердик жана өкмөттүк потенциалын жок кылууга багытталган” чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Ал өлкө аймагына кол салгандардын көпчүлүгү жок кылынганын, коргонуу чабуулдары Израилдин жарандарынын коопсуздугу толук камсыз болгончо жана жеңишке жетишкенче улана берерин айтты.

22:50 - Израилдин ЖМКлары ишенимдүү булактарга таянып, ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан өлкөнүн 250 жашоочусу каза таап, 1100дөйү жараат алганын кабарлады.

Бирок маалымат так эмес, андан тышкары канча адам туткун болгону жана барымтада жатканы белгисиз. Буга чейин Израилдин ондогон жашоочулары: аскерлер жана жай тургундарды жоочулар кармап кеткени айтылган.

Премьер-министр Нетаньяхунун айтымында, ушул мүнөттөрдө ЦАХАЛдын бөлүктөрү Израилдин түштүгүндөгү ХАМАС ээлеп алган аймактарды бошотуп жатат.

22:20 - Израилдин жетекчилиги ишембинин кечинде 7-октябрдагы окуяларга байланыштуу катуу билдирүү жасады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул күндү "кара дата" деп атап, мындай окуялар Израилдин тарыхында мурда болбогонун белгиледи. Нетаньяху куралчандар аялдарды, кары-картаңдарды жана балдарды өлтүргөнүн белгилеп, армия ХАМАСты талкалоо үчүн болгон күчүн жумшарын кошумчалады. Ал Газа секторунун жашоочуларын ХАМАС жашынып турган жерлерден чыгып кетүүгө чакырды.

Өлкөнүн коргоо министри Йоав Галлант "ХАМАС ката кетиргенин бат эле түшүнөрүн" айтып, израилдик армия "Газадагы кырдаалды 50 жыл алдыга өзгөртүп, ХАМАСтын өркөчүн бат эле сындыра турганын" белгиледи.

22:10 - АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Израилди колдой турганы жөнүндө кыска билдирүү жасады. Байден Израил "өзүн жана өз адамдарын коргоого" акылуу экенин жана Вашингтон Израилдин коопсуздугун колдорун айтты. Байден мындан тышкары "үчүнчү тараптарга" (Иранды эске алгандай-ред.) чатакка кийлигишпөөнү эскертти.

АКШ администрациясы ХАМАСтын Израилге чабуулун расмий түрдө террордук деп атады.

АКШнын Мамкатчысы Энтони Блинкен Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен телефондон сүйлөштү. Аббас бул сүйлөшүүдө Израилдин адилетсиз кадамдары кырдаалды курчутканын айткан. Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Аббаска жана анын администрациясына баш ийбейт.

21:20 - ХАМАСтын Саламаттык сактоо министрлигинин администрациясы Газа секторунда израилдик аба соккуларынан каза тапкандар тууралуу маалыматты тактады. Анда 7-октябрда 232 палестин каза таап, 1700дөйү жарадар болгону айтылууда. Израил ЖМКсы Газа секторунан өлкөнү карай ракета менен дагы сокку урулганын кабарлашты.

20:40 – Израилде кол салуудан каза болгондордун саны 150гө жетти. Бул тууралуу израилдик ЖМКлар медициналык булактарга таянып билдирди. Расмий түрдө маалымат ырастала элек. Израил армиясы ХАМАС эртең менен басып алган аймактарды толук кайтарып ала элек болгондуктан курмандыктардын саны азырынча так эмес. Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги 1100 адам жарадар болгонун билдирди. Социалдык тармактарда каза тапкандардын сөөгү тартылган видеолор тарап жатат.

20:15 – Газа секторунан Израилди ракета менен аткылоо кайра жанданды. Маалыматка караганда өлкөнүн түштүк жана борбордук аймагына 150 ракета атылган. Ашдод, Ришон ле-Цион, Бат-Ям жана Тель-Авив сокку алдында калды. ХАМАС бул соккулар Газанын борборундагы эгиз мунаралар бомбаланганы үчүн жооп экенин билдирди. Бир канча ракета израилдик шаарлардын четинде жарылганы кабарланууда. Тель-Авивди аткылоо маалында жети киши жабыр тартканы, алардын тек-жайы такталып жатканы айтылды.

19:50 - Израилдин энергетика министри Газа секторуна электр энергиясын токтоткон токтомго кол койду.

19:45 - ХАМАСтын өкүлдөрү туткунга "ондогон" израилдик аскерлер алынганын жарыялады. Барымтада жаткан жай тургундар тууралуу маалымат берилген жок. ХАМАСтын саясий кеңешинин башчысы Исмаил Хания израилдик түрмөлөрдө жаткан палестиндерди бошотуу үчүн Израилге күтүүсүз кол салышканын билдирди. Израилдин түрмөлөрүндө учурда топтун 7 миңдей мүчөсү кармалып турганы кабарланууда.

18:45 - Израилдин абадан коргонуу күчтөрү Газанын борборундагы эки бийик имаратка сокку урду. Аскер аба күчтөрүнүн билдиришинче, анда ХАМАС тобунун инфраструктурасы болгон. Мындан тышкары "Палестина"(Palestine Tower) мунарасы бузулган. Израил ХАМАСтын жетекчилигин аскердик объекттерди эл жыш аймактарга жайгаштырганы үчүн айыптады.

18:20 - Израилдин армиясы ХАМАС кол салганга байланыштуу "резервдеги жүздөгөн адам" аскерге чакырылганын билдирди. Армиянын өкүлү Израилге каршы башка күчтөргө чыр-чатакка кийлигишкен учурда катуу жооп болорун эскертти.

Ливандагы шииттердин "Хезболла" радикалдык тобу буга чейин ХАМАСка колдоо билдирип, эгер Газа секторунда операция баштай турган болсо Израилге чабуул коерун билдирген. Израил менен Ливандын чек арасында күн бою атышуулар болгону менен ири масштабдуу аскердик аракеттер тууралуу айтылган жок. ХАМАСка колдоосун Йеменде бийликти басып алган Иранга жакын күчтөр жана Ооганстандагы радикалдык "Талибан" кыймылы да билдирди.

18:10 - Израилдин коргонуу армиясы ХАМАС түштүк райондорго кол салып, жай тургундарды жана аскерлерди туткунга алганын расмий ырастады. Туткунга түшкөндөрдүн так саны айтылган жок. Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари армия өлкө аймагын бузуп кирген палестин жоочулары менен кармашта жоготууга учураганын билдирди.

Израил армиясы андан тышкары "Меркава" танкын жана бир катар аскердик техникасын жоготкон. Муну палестин тарап тараткан видеодон көрүүгө болот. Эки танкты палестиндер курчоого алган.

ХАМАСТын жоочулары ээлеп алган бардык калктуу пункттарга израилдик армия киргени расмий кабарланды. Бирок ал конуштар бошотулганы тууралуу маалымат жок. Газа сектору менен чектеш аймакка төрт дивизия барган.

17:05 - ХАМАСтын лидерлеринин бири Салех аль-Арури топ бир канча израилдик аскерди колго түшүргөнүн, аларды Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган палестиндиктерге айырбаштоону карап атышканын билдирди. Социалдык тармактарда палестиндердин барымтасында калган израилдик бир канча аскерлер жана жай тургундар тартылган видеолор тарады. ЖМКнын маалыматында Израилдин түштүгүндө ХАМАС жергиликтүү тургундарды дагы деле барымтада кармап турат.

17:00 - ХАМАСтын Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында Израилдин соккусунан өлгөн палестиндердин саны 198ге жетти. 1600дөй адам жарадар. Алардын канчасы куралдуу топтун мүчөсү, канчасы жай тургун экени кабарланган жок.

16:55 - Израилде ХАМАСтын кол салуусунан өлгөндөрдүн саны 100 адамга жеткенин Globes кабарлады.

15:50 - Израилдин түштүгүндөгү Газа менен чектеш калктуу конуштарда аскердик аракеттер жүрүп жатат. Үйлөрдө электр жарыгы өчүп, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учурады. Жергиликтүү жашоочулар таза суу түгөнгөнүн айтышууда.

14:50 - Америка Кошмо Штаттары Израилдеги жай тургундарды терроризмден коргоо үчүн бардык шарттар менен камсыздоого аракет кылат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Ллойд Остин билдиргенин Reuters жазды.

14:20 - Акыркы маалымат боюнча Израилде 40тан ашуун адам каза тапты.

800гө жакыны жараат алды. Барымтага канча адам алынганы тууралуу азырынча маалымат жок. Каза болгондордун, анын ичинде израилдик аскерлердин сөөгү да барымтага алынган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги өз кезегинде ЦАХАЛдын соккусунан сектордо 160тай адам каза таап, 930у жарадар болгонун билдирди.

13:50 – Дүйнө ХАМАСтын Израилге кол салуусуна кабатыр. Батыш лидерлери Израилге тилектештик билдиришти.

Иран менен Сирия палестиндердин ХАМАС тобун колдоду.

13:15 – Иран Израилдеги кырдаалга комментарий берди. Тегеран палестин топторун колдой турганын Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси, генерал Рахим Сафави жарыялады.

13:10 – ХАМАС израилдик бригаданын командири Нимрод Алони туткунга түшкөнүн билдирди. Маалымат расмий ырастала элек.

12:55 – Сауд Арабиясынын ТИМи израилдиктер менен палестиндиктерди чыр-чатакты тезинен токтотуп, эскалацияны күчөтпөөгө чакырды. Мекеменин билдирүүсүндө өлкө кырдаалга көз салып турганы айтылган.

12:47 - Израилдеги ири электростанция талкаланды.

Израилдик Телеграм-каналдар Жер ортолук деңизинин боюндагы Rutenberg электростанциясына Газа тараптан атылган ракета тийгенин билдиришти.

Ал эми бул видеодон ХАМАСтын дрону израилдик Merkava танкына чабуул койгонун көрүүгө болот.

12:30 - Алдын ала маалыматта ХАМАС жана "Ислам жихады" тобунун бир канча куралдуу адамдары Израилдин аймагында жүрөт. Кармаш уланууда. Алдын ала маалыматта жихадчылар Сдероттон чыгышканы менен бир канча калктуу аймактарда кала берүүдө.

12:10 - Аскердик аракет башталгандан тарта ооруканага 545 израилдик жаран жеткирилди, алардын 70инин абалы оор экенин Kan радиосу билдирди.

11:45 – 22 израилдик өлкө түндүгүндөгү аскердик аракет маалында каза болду. Бул тууралуу Magen David Adom "Тез жардам" кызматы билдиргенин Globes жазды. "Тез жардам" кызматы мындан тышкары бейтаптардын жарымын түштүктөн өлкө борборун карай ташып жатканы маалым болду.

11:40 – Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас палестин эли "баскынчы күчтөрдөн" өзүн коргоого укуктуу экенин айтканын Reuters агенттиги билдирди.

11:10 – Израилдин мамлекеттик ЖМКсы армия жетекчилиги аскерлерди жана техниканы өлкө түштүгүнө тарта баштаганын билдирди.

10.40 "Биз согуш абалында турабыз жана биз жеңебиз", - деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху. Бул тууралуу мамлекеттик Kan радиосу билдирди.

10.36 Газада израилдик туткундарды салып бараткан автоунаа тартылган дагы бир видео тарады.

10:20 – Евробиримдик Израилге тилектештик билдирди.

10:16 – Израилдик ЖМКлар Иерусалим жапырт аткылоого кабылганын кабарлашты.

10:00 – Израилдин жергиликтүү бийлигинин өкүлү өлтүрүлдү.

ХАМАС менен атышуу маалында аймактык кеңештин башчысы Шаар-ха-Негев Офир Либштейн окко учкан. Гдерот районуна түшкөн ракетадан 60 жаштагы аял каза болгон. Бедуиндердин Кусейфе кыштагынын мэри төрт тургун атышуу маалында өлгөнүн билдирди. Израилдеги ооруканалардын акыркы билдирүүсүндө жүздөй адам жарадар болгон. Айрымдарынын абалы оор.

09:30 – Израилдин Коргоо министрлиги кайрылуу жасады. Өлкөнүн коргоо министри Йоав Галлант биринчи расмий кайрылуусунда "ХАМАС Израилге кол салып, олуттуу ката кетирди" деп билдирди.

09:00 –Социалдык тармактарда атышуунун үндөрү чыгып, качып бараткан адамдар тартылган видеолор жарыяланды. Алардын көбү өлкө түштүгүндөгү фестивалга келип, лагерге жайгашкандар экени айтылууда. Социалдык тармактын колдонуучулары лагерге куралчан палестиндер кол салганын билдиришүүдө.

08:40 – Израил армиясы "согушка даярдык абалын жарыялады".

Коргоо министри Йоав Галлант армияга резервдегилерди чакырууну кубаттап, Газа тилкесинен 80 чакырымдык радиуста өзгөчө кырдаал жарыялады. Ага Тель-Авив шаары да кирет. Бул статус аскерлерге жарандардын чогулуусун чектөөгө жана районду жабууга мүмкүндүк берет.

ХАМАСтын лидеринин сөзүндө Израилдин аймагына карай 5 миң ракета атылды. Топ бул аракетин Израилдин аскер жетекчилигинин "Иерусалимдеги Ал-Акса мечитин мазактаганы үчүн өч алуу" катары түшүндүрдү.

Сирена бир канча шаарда жаңырып, Тель-Авивдеги имаратка ракета түшкөнү кабарланды.

Израил армиясынын пресс-катчысынын айтымында, ХАМАС тобунун жоочулары Израилге жерден, деңизден жана абадан сокку урган. Учурда жети аймакта кармаш жүрүүдө.

07:30 – ХАМАС радикалдык тобунун мүчөлөрү Газа сектору менен чектеш калктуу аймактарга кирип келди. Бир канча адам каза тапты.

Ырастала элек маалыматта жети адам каза болгону айтылды. Видеолордун биринде пикаптагы адамдар полициянын автоунаасын аткылап атканын көрүүгө болот.

ХАМАС израилдик аскерлерди Газа алып кеткени тууралуу видео жарыялады. Израилдик армия буга комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG