Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Израил Женинде аскердик операция аяктаганын жарыялады


Иордан дарыясынын Батыш жээги
Иордан дарыясынын Батыш жээги

Израилдин Коргоо министрлиги аскерлери Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Женин шаарынан толугу менен чыгып кеткенин билдирди.

5-июлда жарыяланган маалыматта жоокерлер эми “күндөлүк” кызматын аткарууга кайтканы айтылат.

Маалыматты “Рейтер” агенттигинин кабарчылары да жеринен ырастаган. Шейшембинин кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Жениндеги армиянын көзөмөл бекетине барганда “бул жердеги биздин масштабдуу операция бир жолку эле эмес экенин айта кетейин”, – деди.

Израил армиясын чыгарып кете баштагандан бир нече сааттан кийин Газа секторундагы палестин жоочулары Израилди көздөй беш жолу ракета атканы кабарланды. Ракета атып түшүрүлүп, эч ким жабыркаган жок. Ага жооп кылып израил аскерлери Газадагы ХАМАС исламчыл кыймылынын аскердик жайларына сокку урду.

Дүйшөмбүдө Израил Женин калаасындагы качкындар лагеринин аймагында палестиналык согушкерлерге каршы ири операция баштаган. Анын жүрүшүндө 12 палестин, бир израил аскер набыт кетип, элүүдөн ашуун киши жарадар болду.

Палестиндер атайын операция маалында мерт болгон 12 кишинин төртөө жашы жете электер экенин, алардын эң кичүүсү 16 жаштагы өспүрүм экенин билдирди.

БУУ Женинде электр жарыгы менен суу тартыш болуп жатканына тынчсызданса, гумантардык уюмдар жабыр тарткандар жардамга муктаж экенин эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG