Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Израилдин шаарлары ракета чабуулуна кабылды


Тель-Авивге урулган соккудан кийинки абал.
Тель-Авивге урулган соккудан кийинки абал.

7-октябрь күнү таң эртеден тартып палестиндердин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди аткылап жатканы, анын мүчөлөрү Израилдин Палестинага чектеш шаарларына кирип келгени кабарланды.

Жүздөн ашуун адам жараат алып, бир аял өлгөнү маалым болду. Бийлик тургундарды бомбадан калкалоочу жайлардан кетпөөгө чакырууда. Израилдин армиясы акыркы 50 жылдан кийин алгачкы жолу согуш абалын жарыялады. Алар жооп кылып, Газа тилкесин аткылоодо.

Кол салуу тууралуу алгачкы расмий маалыматты Израилдин коргоо министри Йоав Галлант айтып чыкты. Ал "ХАМАС Израил мамлекетине каршы согуш баштап олуттуу катачылык кетирди" деди.


Мурдараак израил армиясы өлкөдө "согушка даярдык абал" түзүлгөнүн жарыялаган. Галлант аскерге резервдеги жарандарды тартууну буйруп, Газа тилкесинен 80 чакырым радиус аймагында чукул кырдаал киргизилгенин жарыялады. Бул аймакта Израилдин борбору Тель-Авив да бар. Чукул кырдаал макамы аскерлерге аймакты жабууга жол берет жана жарандарга чогулууга уруксат берилбейт.

ХАМАС уюмунун лидери Израилге карай 5 миң ракета атылганын билдирди. Чабуулдун себеби Иерусалимдеги Аль-Акса мечитиндеги окуя үчүн өч алуу деп айтылууда.


ХАМАСтын мүчөлөрү менен атышуулар чектеш Средот аймагында жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланды. Такталбаган маалыматтарда жети киши автобус токтогон аялдамада атып өлтүрүлгөн. Дагы бир тасмада жүк ташуучу автоунаадагы куралчан адамдар полициянын машинасын аткылап жатканы тартылган.

Израил менен Палестинанын мамилеси быйыл апрель айынын соңунда Аль-Акса мечитинин айланасындагы кырдаалдан улам чыңалып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG