Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Израил күчтөрү менен кагылышууда эки палестиналык мерт болду


Жениндеги операция маалында палестиналык жигит израилдик аскерлерге таш ыргытып жатат. 4-июль, 2023-жыл.
Жениндеги операция маалында палестиналык жигит израилдик аскерлерге таш ыргытып жатат. 4-июль, 2023-жыл.

Иордан дарыясынын Батыш жээгинде 7-июлда Израилдин куралдуу күчтөрү менен кагылышууда эки палестиналык мерт болду. Бул тууралуу Израилдин ички иштер агенттигинин башчысы Шин Бет билдирди. Анын айтымында мерт болгондор ушул жумада полиция машинесин аткылаганы үчүн издөөдө жүргөн. Окуя Наблус шаарынын борборунда болгон.

Маалыматты Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги ырастап, набыт болгондордун тек-жайын жарыялады.

3-июлда Израил Женин калаасындагы качкындар лагеринин аймагында палестиналык согушкерлерге каршы ири операция баштаган. Анын жүрүшүндө 12 палестин, бир израил аскер набыт кетип, элүүдөн ашуун киши жарадар болду.

Палестиндер атайын операция маалында каза тапкан 12 кишинин төртөө жашы жете элек өспүрүмдөр экенин, алардын эң кичүүсү 16 жашта болгонун билдирди.

БУУ Женинде электр жарыгы менен суу тартыш болуп жатканына тынчсызданса, гумантардык уюмдар жабыр тарткандар жардамга муктаж экенин эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG