Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Израилдин коопсуздук күчтөрү Батыш жээкте үч палестиналыкты жок кылды


Ичиндеги үч палестиналык өлтүрүлгөн машиненин жанында турган израил аскери. 25-июль, 2023-жыл.
Ичиндеги үч палестиналык өлтүрүлгөн машиненин жанында турган израил аскери. 25-июль, 2023-жыл.

Израилдин коопсуздук күчтөрү "кол салууга камданып бара жатышкан" делген үч палестиналыкты Батыш жээктин түндүгүндө, Женин качкындар лагерине жакын жерде жок кылганын билдирди.

"Жакында эле Женин качкындар лагериндеги террорчулардын тобу теракт уюштуруу үчүн бараткан автоунаа аныкталды", - деп жазылат армия тараткан маалыматта.

Аталган лагерде израил коопсуздук күчтөрү атайын операция жүргүзүп турат. Июнь айындагы кеңири рейддин жүрүшүндө 12 палестиналык жок кылынган. Миңдеген адамдар коопсуз жакка чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Жума күнү куралчан жөөт тургундар палестиндердин айылына кол салып, палестиналык жигит өлтүрүлгөн. Бул окуя боюнча эки адам кармалганын Израиль полициясы билдирди. Ошол эле маалда Тель-Авивге жасалган палестиналык жарандын кол салуусунан израилдик күзөтчү мерт кеткен.

Бириккен Улуттар уюму быйыл алты айда эле окуппацияланган аймактарда 120дөн ашуун палестиналык өлтүрүлгөнүн билдирип, 2023-жыл палестиналыктар үчүн эң кандуу болуп калышы мүмкүн экенин эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG