Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:35

Израилдеги кол салууда сегиз киши жараат алды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Тел-Авивде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, бычак менен кол салуудан кеминде сегиз киши жаракат алганын The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Видеокөзөмөлгө жазылып калган видеодо автоунаа тротуардагы бир нече жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Андан соң айдоочу автоунаадан түшүп, өтүп бараткандарга бычак менен кол салган. Бир жабырлануучунун абалы оор экени кабарланууда.

Полициянын маалыматына ылайык, кол салган адам 20 жаштагы палестиналык экени аныкталды.

Полиция кол салуулардын саны көбөйүшү ыктымалдыгын белгилеп, Израилде коопсуздук чаралары күчөтүлүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Израил Иордан дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Женин калаасында дүйшөмбүдө операция баштаган. "Женин бригадасы" радикал түзүмүнө жана согушкерлерге каршы деп мүнөздөлгөн операцияда бир канча адамдын өмүрү кыйылып, ондогону жараат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG