Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Газа: ЦАХАЛдын соккусу, туткундардын тагдыры, гуманитардык кырдаал


ХАМАСтын согушкерлери барымтага алган Херш Голдберг-Полиндин энеси Рэйчел Голдберг уулунун сүрөттөрүн кармап турат.
ХАМАСтын согушкерлери барымтага алган Херш Голдберг-Полиндин энеси Рэйчел Голдберг уулунун сүрөттөрүн кармап турат.

20-октябрга караган түнү Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газаны бомбалап, ХАМАСка тиешелүү делген "жүздөн ашуун жерге сокку урганын" билдирди. Израилдин бийлиги буга чейин аймактагы элге "коопсуз жерге чыгып кеткиле" деп эскерткен.

Бир миллиондон ашуун киши өз үй-жайын таштап, Газанын түндүк тарабына жер которууга мажбур болду. Ушул тапта согуш баскан аймакка жардам кирбей, гуманитардык кырдаал курчуду.

Жөөт армиясынын маалыматында Газадагы туннелдер, курал-жарак сакталган кампалар жана радикал кыймылдын "ондон ашуун оперативдүү штабдары" жок кылынганы айтылат. ЦАХАЛ экстремисттик топтун аскер-деңиз күчтөрүндөгү согушкерин дагы өлтүргөнүн жарыялады.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын ички иштер мекемеси жөөт армиясынын соккусунан гректердин чиркөөсү бузулуп, анда баш калкалап отурган "көп кишинин каны" төгүлгөнүн билдирди. Жериндеги күбөлөр Порфирий чиркөөсүнүн жанындагы имаратка сокку тийип, кыйрап калганын чет элдик журналисттерге айткан.

Жөөт армиясы кыргын салуучу учактар Израилге каршы атылган куралды башкаруу борборун бутага алганын белгиледи.

"Соккуда чиркөөнүн бир дубалы жабыркады. Канча киши набыт болгону аныкталууда", - деп ЦАХАЛдын билдирүүсүндө айтылат.

Ыйык Порфирий – Газадагы тарыхый жайлардын бири. Иерусалимдин православ патриархаты Израилдин аба соккусун айыптады. Газадагы 2 миллиондон ашуун калктын арасында миңдей христиан жашайт.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги согуш башталганы 4147 киши набыт болгонун, 13 миңден көп киши жараат алганын жума күнү билдирди.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Барымтадагы туткундар

ЦАХАЛ 7-октябрда ХАМАСтын чабуулунда согушкерлер барымтага алып кеткендер тууралуу жаңы маалымат таратты.

Туткундагы 203 кишинин арасында: 18ге чыга элек 20 бала, өспүрүм бар. Жашы 60тан өткөн 10-20 киши отурат. Барымтагылардын басымдуусу тирүү экени айтылды.

ХАМАСтын согушкерлери аларды Газанын туннелдери менен атайын казылган ороолордо кармап отурат.

Маалыматка караганда, туткундардын баары ХАМАСтын эле колунда эмес. Газада башка радикал топтордун колунда тургандар да бардыгы белгилүү.

Радикал кыймыл туткундардын айрымдарын Газада ок атышууну токтотуу режимине айырбаштоону талкуулап жатканы тууралуу кабар тарады.

Би-Би-Си радиосу өз булактарына таянып, Израил согушкерлердин андай сунушуна макул болбой жатканын айтты.

7-октябрдагы чабуулда өмүрү кыйылган, барымтага түшкөн же дайынсыздар арасында чет элдиктер дагы бар. 19-октябрда Франциянын Тышкы иштер министрлиги кандуу кол салууда 28 жараны окко учканын, жетөө дайынсыз экенин билдирди. 18-октябрда АКШ президенти Жо Байден Тель-Авивде туруп сүйлөгөндө 31 америкалыктын өмүрү кыйылганын айтты.

Гуманитардык кырдаал

Эл аралык коомчулук толук блокадада калган Газанын карапайым калкынын тагдырына тынчсызданууда. Израил ХАМАСтын жоочуларына согуш жарыялап, бомбалай баштаганы элге суу жетпейт, жарык, күйүүчү май жок, дары-дамек өтө тартыш.

Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттигинин өкүлү Газадагы кырдаалды "тозокко" салыштырды. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди "кандай гана эскалация болбосун же аскердик аракеттерди улантуу Газанын элин апаатка кептерин" эскертти.

Египет менен чек арадагы Рафах өткөрмө бекетинде гумжардам жүктөгөн ондогон машине анклавга кире албай күтүп турат. 20-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Рафах бекетине барды.

"Мына бул дубалдын ары жагындагылар зар болуп турган суу, күйүүчү май, дары-дармек, тамак-аш жүктөгөн көп машине тизилип турат. Бул жөн эле жүк эмес, бул жашоонун булагы. Газадагы өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган канчалаган кишиге керек", - деди баш катчы.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Балаж Уйвари Европадан жардам алып эки учак аймакка барганын белгиледи.

"Жалпысынан 54 тонна гуманитардык жардам тууралуу айтып атам. Ага суу, тамак-аш, чатыр, күйүүчү май, гигиеналык буюм-тайымдар кирет. Биз азыр жүктү жеткирүү үчүн Египеттин Кызыл чырым уюму менен иштешип жатабыз. Жардам чек арада Египеттин Рафах өткөрмө бектинин ачылышын күтүп турат", - деди Брюсселдин өкүлү.

Лидерлердин реакциясы

Дүйнө лидерлери Газада кырдаал тез арада жөндөлбөсө, жаңжал жайылып кетет деп чочулашат. АКШ президенти Жо Байден Ак үйдө туруп, ХАМАС жана Орусиянын президенти Путин "коңшу демократиялык мамлекеттерди жок кылууну көздөрүн" айтып, ага жол жоктугун белгиледи.

"Жаңжал менен хаостун дүйнөнүн башка тарабына - Инд-Тынч океан аймагына, айрыкча Жакынкы Чыгышта жайылып кетүү тобокелдиги чоң. Украинага келгенде Иран Орусияны колдогондой эле аймактагы ХАМАС кирген башка террордук топторду да колдойт", - деди америкалык лидер.

Байден Конгресске чукул түрдө кайрылып, кийинки жылдын эсебинен 100 миллиард доллар жардам сурарын айтты. Жума күнү жарыялана турган жардам Украинага, Израилге, Тайванга берилмекчи.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен дагы ХАМАС менен Орусиянын саясий бийлигин бар катарга койду.

"Орусия жана ХАМАС окшош. Экөө тең бейкүнөө кишилерди, анын ичинде наристелердин жана балдардын канына забын болуп, барымтага алды. Бул жырткычтык күрөш", - деди Еврокомиссиянын төрайымы.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "жоопкерчиликтүү мамлекет башчылардын сөзү кантип ушундай болсун?" деп сындады.

"Президент [Байден] жеке өзү жана АКШ Орусияга басым көрсөтүү аракетин улантып, аны ооздуктай турганын айтты. Биз аны эбак эле билчүбүз, ал эч бир сыр деле эмес", - деп кошумчалады Песков.

Бейшембиде британ премьери Риши Сунак Израилге барып, андан ары сапарын Сауд Арабиясына улантты. Жакынкы күндөрү Франциянын президенти Эммануэл Макрон дагы Тель-Авивге бара турганы кабарланды.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Батыш лидерлеринен биринчи болуп Израилге барган. Германия Кипрге атайын аскер күчтөрүн жиберип, Газада ХАМАСтын согушкерлеринин барымтасында отурган немис туткундарды бошотуу операциясына аралашуусу ыктымал.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө террористтик уюм деп таанылган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG