Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:48

Израил Газа тилкесине сокку урууну улантууда


Газанын тургундары.
Газанын тургундары.

Израил ХАМАС радикал тобунун жоочуларын бутага алуу үчүн Газанын калк жашаган райондоруна сокку урууну улантууда. Гуманитардык уюмдар Израилдин блокадасынан улам тилкеде жашоо үчүн зарыл инфраструктура кыйраганын эскертүүдө. Израил мындай кадамга ХАМАСтын кандуу кол салуусунан кийин барган.

Шейшембиде Газадагы Жабалия качкындар лагери Израилдин соккусуна туш болду. Катардагы тургундар урандылардын астында аман калгандарды издөөгө киришти.

Хан Юнис жана Рафах шаарларында түнкү чабуулда бери дегенде 49 палестиналык набыт болгонун Газанын Ички иштер министрлиги 17-октябрда билдирди.

Ал арада Израиллдин армиясы Газа менен чек арага танк баштаган техниканы тартууну улантып жатат. ХАМАС радикал тобуна каршы өч алуу операциясы тилкедеги гуманитардык кризиске, Иран менен жаңжалга жеткирет деген коркунуч өсүүдө.

Израил 2 миллиондон ашуун палестиналык байырлаган Газаны блокадага алып, сокку уруп жатат. Жүз миңдеген киши жер которууга мажбур болду.

Алдыңкы күнү кечинде ХАМАС көзөмөлдөгөн сектордун бийлиги бомбалоолордон бери дегенде 2 миң 800 киши каза тапканын, алардын чейреги балдар экенин билдирген. Жараат алгандар 11 миңден ашканы айтылган.

Израил-Палестин жаңжалынын татаал таржымалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:53 0:00

Ал эми Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кандуу чабуулу жана андан кийинки ракета атуулар 1 миң 300 кишинин өмүрүн кыйганын, 4 миңге жакыны жараланганын, дагы 199 киши барымтага алынганын маалымдаган.

Эл аралык коомчулук гуманитардык апааттын алдын алуу жана жаңжалдын андан ары жайылуусуна жол бербөө аракеттерин көрүп келатат.

Газага жардам жеткирген машиналар. Египет, 16-октябрь 2023-жыл
Газага жардам жеткирген машиналар. Египет, 16-октябрь 2023-жыл

Шейшембиде Египеттин Арише шаарынан чыккан жүк ташыган машиналар Газа менен чек арадагы Рафах өткөөлүнө бет алды.

Дүйшөмбүдө АКШ президенти Жо Байден менен Египеттин мамлекет башчысы Абдел Фатах ал-Сиси тынчтык орнотуу жана Газа тилкесиндеги гуманитардык абалды жеңилдетүү аракеттерин талкуулашкан.

Бирок Египет анклав менен сырткы дүйнөнү туташтырган жападан жалгыз маршрут – Рафах текшерүү пункту Израилдин авиа соккусунан зыян тартканын, чек ара жабык турганын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Байден шаршембиде Израилге барарын айтты.

Ал тапта БУУнун Коопсуздук кеңеши Москва сунуш кылган резолюция долбоорун четке какты. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушун айыптаган документте ХАМАСтын Израилге басып киргени тууралуу айтылган эмес.

"Тилекке каршы Орусия резолюцияны эч ким менен кеңешпей туруп сунуш кылды. ХАМАС тууралуу сөз жок. Уюмду айыптоодон баш тартуу менен Орусия бейкүнөө тынч адамдарга ырайымсыз мамиле кылган террордук топту калкалап жатат", - деп сындады АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд.

Орусия сунуш кылган долбоордо тараптарды ок атышууну дароо токтотууга, барымтадагы туткундарды бошотууга, гуманитардык жүктү коё берүүгө чакырып, карапайым элге каршы зомбулукту жана согуштук, террордук аракеттерди айыптоону сунуш кылган.

ХАМАС АКШ жана Европа биримдигинде «террордук уюм" деп таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG