Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Газада абал оор. Израил аскердик операцияны баштай элек


Израилдин аба соккуларынан жараат алган кызын көтөрүп бараткан киши. Газа тилкеси, 14-октябрь, 2023-жыл.
Израилдин аба соккуларынан жараат алган кызын көтөрүп бараткан киши. Газа тилкеси, 14-октябрь, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш ХАМАС тобун барымтадагы израилдик жарандарды бошотууга, ал эми Израилди Газа секторуна гуманитардык коридор ачып берүүгө чакырды. Жекшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө ал БУУ гуманитардык кризисти тез арада жөнгө салуу үчүн тийиштүү ресурстарга ээ экенин, барымтада калган адамдарды тез арада бошотуу зарылдыгын белгиледи.

«Газа секторунда суу, электр энергиясы жана башка эң зарыл нерселер түгөнүүдө. БУУнун Египет, Иордания, Батыш жээк жана Израил аймагында азык-түлүк, суу, дары-дармек, мунай сакталган жайлары бар. Бул товарлар бир нече саат ичинде жеткириле алат. Жеткирүү үчүн биздин кызматкерлерге Газага эч тоскоолдуксуз жана коопсуз шартта жетишине шарт түзүлүшү керек», - деди Гутерриш.

Ал эми АКШ президенти Жо Байден палестиналык радикал ХАМАС уюму түп тамыры менен жок кылынышы керек деп билдирди. CBS телекомпаниясына берген интервьюда Байден Израилдин Газанын оккупациясы чоң ката болорун, палестин мамлекетин түзүү жолдорун издөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Иранга жана “Хезболла” радикал тобуна жаңжалга кийлигишпөөнү эскертти.

Мунун алдында Тегеран Газа тилкесин аткылоо улана берсе, Израил менен ХАМАСтын согушуна аралашуу даярдыгын билдирген.

Жекшембиде Израиль тилкенин түштүгүнө суу берүүнү жандантты. Ошол эле күнү кечинде БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы Газадагы ооруканаларда генераторлордо суюк отун 24 саатка гана жетиштүү экенин билдирген.

Израилге ХАМАС радикал тобунун кол салганына тогуз күн болду.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил армиясынын жооп иретинде урган соккуларынан 2 миң 450 киши өлгөнүн кабарлады.

Ал эми Израиль өкмөтү маалымдагандай, ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусу 1 миң 400 кишинин өмүрүн алды. Жоочулар 155 кишини барымтада кармап турушат.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш ХАМАСты алардын бардыгын шартсыз кое берүүгө үндөп, израилдиктерди Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого чакырды.

NYT: Кургактагы операция бир нече күнгө жылышы мүмкүн

Израилдин кургактагы операциясы аба ырайынан улам жылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу New York Times басылмасы Израил армиясы-ЦАХАЛдагы өз булактарына таянып жазды. 14-октябрдын кечинде Израил бийлиги кургактагы операциясын баштоого даяр экенин билдирген.

Газа тилкесинин түндүгүндөгү Камал Эдван ооруканасынын кызматкерлерине жана бейтаптарына шашылыш түрдө өлкө түштүгүнө чыгып кетүү сунушу берилген. Бирок жаңы төрөлгөн ымыркайларды караган дарыгерлер бул сунуштан баш тартышууда.

"Эгер бизди жок кылгыңар келсе, өлтүргүлө. Биз өз ишибизди улантабыз, эч жакка кетпейбиз. Кырдаал чындыгында оор. Бул балдарды башка жакка көчүрүү аларды өлүмгө өкүм кылуу дегенди билдирет. Алар жөн гана өлүп калышат. Анткени бул аппараттар бир гана электр тогу жана кычкылтык менен иштейт",- дейт дарыгер Хуссам Абу Сафия.

Учурда Газанын ооруканаларында киши батпайт. Жүздөгөн жабыркагандар, анын ичинде аялдар жана балдар медициналык жардамга муктаж. Дары-дармек жана башка тийиштүү аппараттар жетишсиз. Дарыгерлер электр жарыгы менен камсыз кылган генераторлорго гана ишенип жатышат. Алар жарактан чыкса кырдаал кандай болору белгисиз.

Газа. 15-октябрь, 2023-жыл
Газа. 15-октябрь, 2023-жыл

Газадагы кырдаал абдан оор экенин буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш эскерткен. Ал жапа чеккендердин санын мүмкүн болушунча азайтуу үчүн аймактык лидерлер менен байланышта экенин билдирген.

13-октябрда Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү тургундарга 24 саат ичинде түштүктү көздөй жер которууну эскерткен. Ал мөөнөт бир нече жолу узартылып, 15-октябрда ЦАХАЛ Газанын түндүгүндөгү тургундарга дагы бир ирет кайрылды.

"ХАМАС силерди эвакуациядан баш тартууга чакырып жатат. Биз силерге чыгып кетүүгө жол беребиз. Өз коопсуздугуңар үчүн Газа шаарынан жана анын четинен чыгып кеткиле. Түштүккө, Нахаль Оз тарапка баргыла, ал жакта силердин аман калууңар үчүн бардык шарттар бар", - деди армиянын өкүлү Дэниел Хагари жүз миңдеген кишилер эвакуацияланганын билдирди. Ал айткандай эле, ХАМАС "жөөт армиясына туруштук берип, үйлөрүн таштап кетпөөгө" чакырып жатат.

Израил аскери.12-октябрь, 2023-жыл.
Израил аскери.12-октябрь, 2023-жыл.

Израилге ХАМАС радикал тобунун кол салганына тогуз күн болду. Кол салууда 1300 адамдын өмүрү кыйылып, 126 киши барымтага алынган. Ал чабуулдан бери ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан катуу сокку уруп жатат.

14-октябрдын кечинде жөөт армиясы кургактагы операциясын баштоого даяр экенин билдирген. Анын жүрүшүндө аскерлер аймакты согушкерлерден тазалап, ХАМАСтын колунда туткунда жаткандарды издешет.

Анткен менен The New York Times басылмасы ЦАХАЛдагы жогорку даражалуу булактарына таянып, операция аба ырайынын начарлашынан улам бир нече күнгө жылганын жазды.

Маалыматка караганда, асманды каптаган калың булуттардан улам жөөт учкучтарынын жана дрон операторлорунун ишине тоскоолдук жаралышы мүмкүн. Буга чейин маалымдалгандай, кургактагы операцияга он миңдеген аскер, танктар, авиация жана артиллерия тартылат.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху ХАМАС радикал тобун бул жолу түп-тамырынан бери жок кылууга убада берген. Израил армиясы экстремисттик топту палестиндерди тирүү калкан катары колдонуп жатат деп айыптады.

"Дрондорду карапайым тургундар жашаган үйлөрдүн чатырларына, ракеталарды оорукана менен мектептердин жер төлөлөрүнө жайгаштырып жатышат. Алар элин ойлоп да коюшпайт. Анда эмнеге мындай кадамдарга барышат?"- деди израил армиясынын өкүлү Петер Лернер.

Ал эми британиялык аскердик эксперт Шон Белл Израилдин кургактагы операциянын баштабай жатышынын себебин башкадан көрөт. Өз пикири менен ал Sky News басылмасына бөлүшкөн. Беллдин баамында, буга эл аралык басым, өзгөчө Вашингтондун басымы себеп болуп жаткан болушу мүмкүн.

Египет Газа элинин Синай жарым аралына жер которушуна каршы

Бул тууралуу Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сисси билдирди. Маалыматка караганда, Египет менен Израил 14-октябрда Газа тилкесиндеги америкалык жарандар чыгып кетиши үчүн Рафах өткөрмө бекетин ачууну макулдашкан. Газанын башка тургундарын чыгарып кетүү боюнча мунаса табылган эмес. Египеттин башчысы палестиндер Израил бийлигинин көчүп кетүү талабын аткарбашы керек деп билдирди.

2008-жылдагы Израилдин аскердик операциясы маалында паленстиндер Египет менен Газа тилкесинин ортосундагы чек ара дубалын бульдозер менен түрттүрүп, Синай аралынын түндүгүнө качып киришкен.

Мындан улам Египетте палестиндер Синай жарым аралын басып алып, отурукташып калат деген коркунуч жаралган.

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади 14-октябрдагы маалымат жыйында анын өлкөсү палестиндерге Иорданияга качууга жол бербестигин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG