Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:15

Жакынкы Чыгыш: Газанын ооруканаларында абал оор


Израилдин аба соккусунан жабыркаган бала. 13-октябрь, 2023-жыл.
Израилдин аба соккусунан жабыркаган бала. 13-октябрь, 2023-жыл.

Израил армиясы - ЦАХАЛ - 16-октябрга караган түнү Газа тилкесиндеги ХАМАС радикал тобуна караштуу элүүдөй жайга сокку урганын билдирди. Алар экстремисттик топту толугу менен жок кылып, барымтадагыларды бошотуу максатын көздөйт. Газада аба чабуулдардан жабыркаган карапайым тургундардын саны өсүүдө. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, жалпы мүрт кеткендердин саны 2800дөн ашты, он миңге чукул адам жараат алды. Израил армиясы аба соккуларын ХАМАСтын кол салуусунан кийин баштаган. Анда 1400дөй израилдиктин өмүрү кыйылып, 199 адам барымтага алынган.

15-октябрда израил армиясынын аба соккусунан Газадагы тез жардам автоунаасында бараткан беш медицина кызматкеринин өмүрү кыйылды. Бир нече күндөн бери жараат алгандарга жардам көрсөтүп, чаалыгып-чарчап турган медиктер бул ирет көз жашын тыя албай калышты.

"Биздин куралыбыз жок, биз эч ким менен согушкан жокпуз. Карапайым адамдарбыз. Жараат алгандардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп келебиз. Израил армиясы жайкын тургунбу, медикпи, чет өлкөлүкпү - карабайт. Алар жапырт сокку уруп эле, палестиндер көп жоготууга учурашын көздөшөт", - дейт тез жардам кызматкерлеринин бири.

Газа тилкесиндеги ооруканаларда учурда дары-дармек, суу жетишпейт. Бейтаптарды кабыл алууга орун жок. Медкызматкерлер алардын баарын кароого араң үлгүрүп жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгы 15-октябрда кечинде Газа тилкесиндеги ооруканаларды электр энергиясы менен камсыз кылып жаткан генераторлордо күйүүчү май 24 саатка гана жетерин эскертти.

"Миңдеген адамдар мүрт кетти. Арасында аялдар жана балдар дагы бар. Газада азыр адамдын сөөгүн сала турган мүшөк да калбады. Үй-бүлөлөр бүлүнүп жатат. Соңку бир жумада эле бир миллиондой адам өз үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Алардын баары түштүккө карай агылып жатышат. Газада азыр коопсуз жер жок", - деди БУУнун жардам көрсөтүү жана уюштуруу боюнча башкы комиссары Филипп Лаццарини.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 7-октябрдан бери токтобой жаткан израил армиясынын аба чабуулунан мүрт кеткендердин саны 2750дөн ашты, он миңге чукул адам жараат алды. Израил армиясы - ЦАХАЛ - өз соккуларын ХАМАС радикал тобунун кол салуусунан кийин баштаган. Экстремисттик топтун чабуулунан 1300дөй израилдиктин өмүрү кыйылып, 130дай киши барымтага алынган.

Газадагы Аль-Шифа ооруканасынын алды. 15-октябрь, 2023-жыл.
Газадагы Аль-Шифа ооруканасынын алды. 15-октябрь, 2023-жыл.

Галлант: Кырдаалды толугу менен өзгөрткөн согуш болот

ЦАХАЛ учурда ХАМАСтын Газадагы уюктарын бутага алып жатканын билдирип, экстремисттик топтун жоочуларын карапайым тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатканы үчүн айыптады. Израил бийлиги радикал топту толугу менен жок кылып, барымтадагыларды бошотуу үчүн кургактагы операциясын баштоого даяр экенин жарыялаган. Мунун алдында Газанын түндүгүндө жашагандарды түштүккө чыгып кетүүгө чакырган. Израилдин коргоо министри Йоав Галлант ХАМАСТын ар бир жоочусу жок кылынмайынча миссия уланарын билдирди.

"Израилдин карапайым тургундары, анын ичинен аялдар жана балдар өлтүрүлүп, уурдалып жатса, биз тынч отура албайбыз. Биз бардык террордук инфратүзүмдөргө, туннелдерге, ХАМАСТын ар бир согушкерине чейин жетип, аларды жок кылмайынча бул миссияны токтотпойбуз. Бул чоң согуш болот, бул кырдаалды толугу менен өзгөрткөн согуш болот", - деди министр.

Израилдин кургактагы операциясы аба ырайына байланыштуу бир нече күнгө жылып калганын 15-октябрда The New York Times басылмасы өз булактарына таянып жазган. Айрым эксперттер буга эл аралык коомчулуктун басымы да себеп болуп жаткан болушу мүмкүн экенин боолгошкон.

Дүйнө лидерлеринин билдирүүлөрү

АКШнын президенти Жо Байден CBS телеканалына курган маегинде ХАМАС радикал тобу толук жер менен жексен болушу керек экенин билдирди. Ошону менен катар ал Израилдин Газаны оккупациялап алышы чоң ката болорун эскертти. Израилдин Улуттар Уюмундагы өкүлү Байденге дароо жооп кайтарып, анын өлкөсү Газаны басып алууга кызыкдар эмес экенин айтты.

Еврокеңеш ХАМАС радикал тобун кескин айыптап, барымтадагыларды бошотууга чакырып, Израил толугу менен өзүн коргоого укугу бар экенин билдирди. Ошол эле учурда Израил бийлигин Газадагы карапайым тургундардын коопсуздугун камсыздап, гуманитардык жаатта жардам берүүгө чакырды.

Египет менен чек арадагы "Рафах" өткөрмө бекетинин алдына топтолгон адамдар. 16-октябрь, 2023-жыл.
Египет менен чек арадагы "Рафах" өткөрмө бекетинин алдына топтолгон адамдар. 16-октябрь, 2023-жыл.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш дагы ушундай эле өңүттөгү билдирүү жасады. Ал ХАМАСка кайрылып эч кандай бир шартсыз туткундагыларды бошотууну талап кылды. Ал эми Израил бийлигин Газа тилкесине гуманитардык жардамдын эч кандай тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыздап берүүгө чакырды.

Ал арада Израилдин аба соккуларынан качкан жүздөгөн адамдар Египет менен чек арадагы «Рафах» өткөрмө бекетине топтолушту. Бул өткөрмө бекет ачылат деп кабарланса да, азырынча эч кандай жылыш байкала элек.

Буга чейин расмий Каир Египет өз аймагына бир гана Газадагы чет элдиктердин киришине уруксат берилерин, ал эми анклавдын туруктуу жашоочуларын кабыл албай турганын кыйыткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG