Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Израилден кетүүгө камынган кыргызстандыктар


Израилде ХАМАСтын чабуулунан теги өзбек беш киши каза болгону айтылды. Бирок расмий Ташкент алардын теги гана өзбек экенин, Өзбекстандын жараны болбогонун билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев Израилдеги 40тан ашуун кыргызстандык чыгып кетүүгө даяр экенин кабарлады. Элчиликтин тизмесинде жалпысынан 93 киши катталган.

Ал эми Астана ХАМАСтын чабуулдарын айыптап, Израилди Газада ашыкча күч колдонуудан карманууга чакырды. Казак бийлиги чабуулдарда каза болгон казакстандыктар тууралуу маалыматтар тастыкталбаганын баса белгилейт.

Израилде өзбек тектүү беш киши өлгөнү ачыкталды

17-октябрда Өзбекстандын Израилдеги элчилиги ХАМАСтын чабуулунан өзбек тектүү беш жаран каза болгонун билдирди.

16-октябрда Израилдин Тышкы иштер министрлиги ХАМАС менен атышууда каза болгон чет элдиктер арасында Өзбекстандын беш жараны жана дагы төрт өзбек жараны дайынсыз жоголгонун кабарлаган.

Бул маалымат социалдык тармактарда кеңири тарап, чоң талкуу жараткандан кийин Өзбекстандын Израилдеги элчилиги каза тапкандар өзбек жараны болбогонун билдирди.

"Израилдин Тышкы иштер министрлиги жана полициясы берген маалыматка ылайык, Өзбекстанда төрөлүп, 90-жылдары репатриация программасы менен Израилге көчүп кеткен беш адам каза болгонун маалымдайбыз. Маалыматка караганда, аларда Өзбекстандын паспорттору болгон эмес", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 16-октябрга карата террордук чабуулдардын натыйжасында 167 чет элдик жаран каза болуп, 106 адам дайынсыз жоголгон.

Эске сала кетсек, 11-октябрда Өзбекстандын Израилдеги элчилиги айрым маалымат каражаттарында ХАМАС барымтага алгандардын арасында өзбек жарандары бар экени тууралуу маалымат "ырасталбаганын" билдирип, басылмаларды жана блогерлерди "расмий түрдө тастыкталган маалыматты гана таратууга" чакырган.

40тан ашуун кыргызстандык чыгып кетүүгө даяр

Израилдеги 40тан ашуун Кыргызстандын жараны эвакуациялык рейстер менен чыгып кетүүгө даяр экенин Кыргызстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Израилдеги жарандарга чартердик аба каттамдары аркылуу чыгып кетүү сунушталган.

Маалыматка караганда, жаңжал башталгандан бери Израилден Кыргызстандын төрт жараны чыгып кеткен. Дагы төрт кыргызстандык Иордания жана Грузия аркылуу Бишкекке кетүүгө камынып жатат.

Казакбаев кошумчалагандай, элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, Тель-Авивдеги бир катар өлкөлөрдүн дипломатиялык миссиялары менен байланышта.

"Элчилик Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарынын тизмесин түзүү, жарандардын абалын жана Израил мамлекетинин аймагынан чыгып кетүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жана каалоосун аныктоо үчүн телефон чалуулар боюнча иштерди улантууда", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда элчиликтин тизмесинде 93 кыргызстандык бар.

Астана ХАМАСтын чабуулдарын айыптады

Ал эми учурда Газа тилкесинде жүзгө жакын казакстандык кармалып турганы айтылууда. Казакстандын Иордания менен Египеттеги элчилиги аларды Газадан Египетке өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын 16-октябрда Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Ал ошондой эле бул маалыматтар болжолдуу экенин, кырдаалдан улам Газа тилкесинде канча казакстандык калганын так айтуу кыйын экенин белгиледи.

"16-октябрга карата Казакстандын Израилдеги элчилигине жүзгө жакын казакстандык жардам сурап кайрылган. 15-октябрда Израилден 19 казак чыгарылган. Алардын 15и атайын программа менен окууга кеткен балдар".

Смадияров Израилдеги элчилик да өлкөдө калган казакстандыктарды чыгаруу аракетин көрүп жатканын кошумчалады. Ал Израилдин Тышкы иштер министрлиги жарыялаган тизмеде бир казак жараны набыт болуп, экинчиси дайынсыз жоголгону ырасталбаган маалымат экенин "Азаттыкка" билдирди.

"Бизде андай маалымат жок. Ырасталбаган маалымат. Бул алардын катасы", - деди Смадияров.

Муну менен катар Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 17-октябрда тараткан билдирүүгө ылайык, Астана ХАМАС радикал тобунун Израилдин карапайым тургундарына жасаган кол салуусун, аларды барымтага алуусун айыптап, Израилди Газа тилкесиндеги жайкын адамдардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан карманууга чакырды.

"Бул кырдаалда эл аралык укук нормаларын, палестин элинин мыйзамдуу укуктары каралган БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларын сактоо абдан маанилүү. Зомбулуктан зомбулук жаралат жана Жакынкы Чыгыш менен бүтүн дүйнө үчүн кейиштүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - деп жазылат билдирүүдө.

Казакстан тараптарды аскердик аракеттерди токтотуп, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аракеттерди көрүүгө чакырган.

Батыш өлкөлөрү террордук кыймыл деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды.

Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG