Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:38

Тоолуу Карабак жаңжалы тууралуу беш маалымат


Тоолуу Карабактын жашоочусу.
Тоолуу Карабактын жашоочусу.

Тоолуу Карабактагы уруш токтой элек. Согуш 27-сентябрда башталган, андан берки кагылышта 532 жоокер курман болду, ортолук талаштын тамыры СССР заманынан эле эмес, андан кыйла мурда башталган.

Тоолуу Карабакты каптаган кагылыштын чоо-жайын түшүнүү үчүн беш нерсени билип алуу зарыл.

Тереңден тамыр алган эс-сактам

Кавказ жеринде канчалаган кандуу уруштар өттү, канчалаган аскерлердин изи калды – римдиктер, араб мусулмандары, осмондор, сефевиддер, орустар.

Бир кезде бул жерде биздин доорго чейинки 300 жыл илгери армян дөөлөтү бийлик жүргүзгөн. Азырга чейин көпчүлүк армяндар ошол өлкөнүн аты чыгып турган учурду эстешет, кызыл чеке талаштарда Тоолуу Карабак кимге таандык экенине жүйө болчу негиз катары ошону алдыга тартышат.

Азыркы армяндарын көбү бул жерди Арцах, байыркы армян ээлигинин бир бөлүгү деп эсептешет.

Иран ээлиги тушунда бул жерде армян христиандары басымдуулук кылган, чала күнкор аймак түрк хандыгынын ээлигинде турган. 1800-жылдан тартып аймак Орус империясынын, большевиктик ыңкылаптан соң Советтер Союзунун карамагына өткөн.

Орус империясы кулап, бийлик талаш, ага улай жарандык согуш чыгып, жаңы бийлик амалын таппай турган чакта Армения менен Азербайжан көз карандысыздыгын жарыя кылышкан.

Эки өлкө ортосунда жер талаш ошондо эле чыккан, куралдуу кагылыштар башталган, Тоолуу Карабактын талашы да ошондо күчөгөн. 1920-жылы Кызыл аскерлер Орусия Кавказ деп атаган ири аймакты толук көзөмөлгө алып, ортолук уруштарды токтоткон.

Сталинден калган мурас

СССР деген эңгезер өлкөнүн өкүмзар жетекчиси болгонго чейин Иосиф Сталин талаштуу маселелердин башында туруп Тоолуу Карабак үчүн болчу уруштар менен жаңжалдар чыкчу чечимдерди кабыл алып, убагы келгенде жалбырттап чыкчу күчаланы таштап кеткен.

1920-жылдары Владимир Ленин большевиктер бийлигин кандай да болсо орнотуу аргасын издеп жаткан чакта Сталин улут маселелери боюнча комиссар болуп дайындалган. Коммунисттик партия алыскы аймактар менен катары калың этникалык топторду кантип башкарышы керектигин өзү чечкен.

Сталин административдик чек араларды аныктоо, алардын карталарын түзүү иштерин өзү көзөмөлгө алган. Айрым учурларда атайылап эле бир элди эки жакка ажыратып коюшкан. Айрым тарыхчылардын ырасташынча, кээ бир этникалык топтордун саясий бийлигин азайтуу үчүн ушундай кытмырлыкты жасашкан.

Карабактын чек арасы 1923-жылы расмий бекитилген. Азербайжан ССРинин бир бөлүгү катары Тоолуу Карабак автоном облусу болуп жарыяланган. Ошол эле келишим менен Нахичеван автоном крайы түзүлүп, Азербайжан ССРине берилген. Бул жерде этникалык азербайжандар жашайт, бирок аймактын Азербайжанга улашкан чек арасы жок.

Ондогон жылдар борбордук совет жетекчилиги проблеманы козгоп ийчү кайсы бир улуттук же диний шек шыбаага жол бербей келди. 1988-жылга чейин.

Агдамдан Аскеранга

Михаил Горбачев жарыя кылган кайра куруудан кийин жагдай кескин өзгөрүлө баштады. 1988-жылдын 20-февралында армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабак автоном облусунун облустук кеңеши аймакты Армян ССРине кошулууну чечкен. Ал кезде аймакта жашаган 190 миң калктын төрттөн үчү армяндар, калганы азербайжандар болчу.

Облустук кеңештин чечими Бакунун кыжырын келтирип, Еревандын колдоосуна ээ болгон. Ушундан эки күндөн кийин Агдам шаарындагы азербайжандар менен армяндардын Аскерандагы кагылышы башталган. Ортодо кан төгүлүп, тынч турмуш бузулган. Беш күндөн кийин жаалы кайнаган азербайжандар менен Бакунун жанындагы сумгаиттик армяндар кагылышкан. Расмий маалымат боюнча кагылышта 32 армян набыт болгон, армяндардын эсебинде андайлардын саны жүзгө жакын.

Кийинки үч жылда Армения менен Азербайжан ортосундагы жаңжалдар токтолбоду, айыл-кыштактарды талкалоолор, көчөдөгү зордук-зомбулуктар, кимисинин бийлигинин мыйзамдуулугу, чек ара жана референдумдар боюнча талаштар тынымсыз жүрүп турду.

1991-жылдын сентябрында эки республика Советтер Союзунан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыя кылышты, ошол эле жылдын декабрында СССРдин өзү жок болду.

Кийинки жылы 1992-жылы эки тарап Советтер Союзунан калган аскердик курал-жарактарын колдонуп кадимки согушка киришти.

Токтолго таппаган жарашуу

1994-жылы майда ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюлуп, уруштар бүттү-бүттү болгон. Армян күчтөрү толугу менен Тоолуу Карабакты ага канаатташ жайгашкан бир нече аймактарды ээлеп алышкан. Баку үчүн бул айласыз жеңилүү эле.

Урушта 30 миңге жакын адам өлүп, миллиондон ашуун адам качкын азабына кабылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, 870 миң азербайжан армян аскерлери басып алган Армениядан, Тоолуу Карабак, ага канаатташ аймактардан, ал эми Азербайжандан 300 миңге жакын армян качып чыккан.

1995-жылы Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЕККУ) демилгеси менен Франция, Орусия жана АКШ Минск тобунун теңтөрагалары болушкан, алардын милдети Азербайжан менен Армения экөөнүн ортосундагы тирешти токтотуп, мунасага келтирүү болчу. Ал аракеттен азырынча майнап чыга элек.

Тараптар келишимге келүүгө 2001-жылы шарт түзүлгөн, Армения президенти Роберт Кочарян менен Азербайжандын президенти Гейдар Алиев Минск тобунун ортомчулугу менен Американын Флорида штатында кездешкен.

Чейрек кылымдан бери тараптар жолугушкан жерден суук тилин агызып урушуп, бирин экинчиси атып, аягы куралдуу кагылышка барып, ортодо адамдар өлүп, аймак тынчыбай келди. Кара май менен газ байлыктары мол Азербайжан жүздөгөн миллион доллар акча сарптап аскер күчүн чыңдоо аракетин көрдү, андан улам байкоочулар жаңы согуш өртү чыгышы мүмкүн экенин такай эскертип турушту.

Ортолук келишимге жетишке Тоолуу Карабактын келечек статусу жана жергиликтүү армян күчтөрү ээлеп алган ага канаатташ аймактардын болочогуна байланышкан талаштар тоскоолдук кылып келет. Ал аймактар Тоолуу Карабакты армян чек арасынан бөлүп турат. Аймактын өз алдынчалыгын дүйнөдө бир да өлкө тааныган эмес, Армения өзү деле тааныбайт.

2020-жылдын күзү

1994-жылдан бери тирешүүнүн аябай күчөп кеткен учуру болуп 2016-жылдын апрелиндеги окуялар эсептелинет. Ошондогу куралдуу кагылыштан эки тараптан аскери, жөн-жай жарандары болуп 200гө чамалуу адам курман болгон.

2020-жылкы аскердик иш-аракеттердин күчөп кетишине жаңы аскердик куралдын колдонулушу себеп болду. Ал курал адамы жок учуучу аппараттар. Азербайжан менен Армениянын экөөнүн тең кубаттуу аскер-аба күчтөрү жок, ошон үчүн уруштардын баары жер үстүндө өтүүдө.

Азербайжан соңку жылдары ири ресурстарды адамы жок учуучу авиацияга жумшап израилдик учуучу аппараттарды сатып алып, лицензиясы менен өзү да чыгарып, кийинчерээк түркиялык кыйла жакшыртылган түрүн сатып алып, кубаттуу аскердик куралга ээ болду.

Айрым байкоочулар ортомчу өлкөлөрдүн, тактап айтканда, Минск тобунун теңтөрагалары Франция менен АКШнын бул ишке салкын мамилесин белгилешүүдө. Дүйнө азыркы тапта COVID-19 апаатынан кантип сактануунун амалын таппай отурат, ал эми дүйнөнүн көп жеринде дипломатиянын “ат тизгинин” артка бурган АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы президенттик шайлоонун түйшүгүнөн колу бошой элек.

Ошол эле учурда Азербайжандын жакын өнөктөшү Түркия кийинки жылдары Түштүк Кавказда таасирин жогорулатуу аракетине киришип, бул жердеги Орусиянын таасирин азайтуунун арга-амалына өттү.

Түркия буга чейинки Тоолуу Карабактагы уруш-жаңжалдарга мынчалык кызыккан эмес. Айрым маалыматтарда Анкара азербайжандык аскер күчтөрүнө көмөк көрсөтүп чалгындоочу учуу аппараттарын жерден башкарчу операторлорун жөнөткөнү кабарланууда.

Орусиянын Арменияда аскер базасы жайгашкан, ал ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмун (ЖККУ) жетектейт. Бул уюмга Армения мүчө, Азербайжан мүчө эмес. Анткен менен Москва Арменияга да, Азербайжанга да миллиондогон долларга аскер куралдарын саткан. Эксперттердин ырасташынча, Москва өзүнүн таасиринде турган аймактарга Түркиянын бастырып келип кийлигишин жактырбайт.

Майкл Экелдин макаласын кыргызчага Бекташ Шамшиев которду.

Макаланын түп нускасын RFE/RL сайтынан окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG