Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Азербайжан Тоолуу Карабакта Армениянын "Су-25" учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди


Тоолуу Карабак аймагында 2020-жылдын 15-октябрында тартылган сүрөт.
Тоолуу Карабак аймагында 2020-жылдын 15-октябрында тартылган сүрөт.

Талаштуу Тоолуу Карабак аймагында Армениянын Куралдуу күчтөрүнө таандык "Су-25" учагы атып түшүрүлгөнүн Азербайжандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Окуя 17-октябрда болду. Азербайжан тарап аталган учак Жабраил районундагы азери аскерлеринин турумуна сокку урууга аракет кылганын маалымдады.

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян бул маалыматты дезинформация деп сыпаттап, "Фейсбукка" жазды.

Тоолуу Карабак 1988-1994-жылдардагы уруштан соң өзүн Азербайжандан көз карандысыз деп жарыялаган. Ошондон бери аймакты этникалык армян кошуундары башкарат. Ал жактагы жүз миңдеген азербайжан улутундагы кишилери согуш качкындарына айланган.

2020-жылдын 27-сентябрында аймактагы чыңалуу кайра күчөп, киши өлүмү коштолгон жаңжал болууда.

XS
SM
MD
LG