Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Алиев Азербайжан Тоолуу Карабактагы 40 конушту ээлегенин айтты


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжандын аскерлери 27-сентябрдан бери Тоолуу Каракбакта 40 элдик конушту ээледи. Бул тууралуу өлкө президенти Илхам Алиев Түркиянын NTV телеканалына берген интервьюсунда айтты.

Алиев Армения менен Азербайжандын ортосундагы чыңалууну саясий тараптан жайгарууда Түркиянын ролу маанилүү экенин белгилеген. Анын айтымында, Баку менен Анкара Азербайжандын аймагында Түркиянын аскердик базасын түзүү жаатында эч качан сүйлөшкөн эмес.

"France 24" телеканалына курган маегинде Азербайжан президенти Түркия Тоолуу Карабактагы жаңжалга аралашпаганын билдирген.

Ал арада Тоолуу Карабактын расмий өкүлү борбор Степанакерт Азербайжандын куралдуу күчтөрү тарабынан соккуга алынганын билдирди. Баку Арменияны Азербайжандын объектилерине ракета атканын айтты, муну Ереван төгүнгө чыгарды.

Тоолуу Карабак 1988-1994-жылдардагы уруштан соң өзүн Азербайжандан көз карандысыз деп жарыялаган. Ошондон бери аймакты этникалык армян кошуундары башкарат. Ал жактагы жүз миңдеген азербайжан улутундагы кишилери согуш качкындарына айланган.

2020-жылдын 27-сентябрында аймактагы чыңалуу кайра күчөп, киши өлүмү коштолгон жаңжал болууда.

XS
SM
MD
LG