Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Орусия: курмандыктар 140тан ашты, дайыны чыкпагандар бар


Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуядан каза болгондордун саны 140тан ашты. Каргашада жабыркагандар 150гө жеткени расмий айтылды. Орусиянын президенти Владимир Путин 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Окуянын хроникасы: 27-март

Орусияда "Крокус Сити холлдогу" куралдуу чабуулдан кийин ооруканага жеткирилгендердин дагы бири көз жумганын бүгүн, 27-мартта өлкөнүн саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.

"Тилекке каршы, жараат алгандардын бири каза болду, ал өтө оор абалда эле. Дарыгерлер колунан келгендин баарын жасашты", - деди министр журналисттерге.

Ошентип, бул кандуу окуяда каза болгондордун саны 140ка жетти. Дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын, алардын арасынан үч баланын абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту. Маалыматты маркумдардын биринин жакындары “Азаттыкка” ырастады.

Окуянын хроникасы: 24-март

Орусиянын Тергөө комитетинин акыркы маалыматы боюнча, Москванын жанындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттан каза болгондордун саны 133 адамга жетти. Телеграм каналдары кеминде 150гө чейин киши каза болгонун жазып жатышат.

Расмий маалыматка караганда, жабыркагандар 150гө жетти. Социалдык тармактарда окуядан кийин каза болгондор менен жараат алгандардын расмий тизмесинде жок болгондор, дайыны чыкпай жаткандар бар экени тууралуу маалыматтар байма-бай тарап жатат.

Орусияда кол салууда каза болгондорду эскерип жатышат. Путин бул күндү улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Өлкөдө курман болгондорду эскерүү үчүн мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлүп, оюн-зоок иш-чаралары токтотулду. Тилектештиктин белгиси катары Улуу Британиянын, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн элчиликтери желектерин түшүрдү.

Эл "Крокустун" алдына гүл алып келүүнү улантууда.

Окуянын хроникасы: 23-март

Соңку маалыматтар боюнча кол салуудан каза болгондордун саны кеминде 133 кишиге жетти. Күч органдары бул сан көбөйүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Путин 23-марттын кечинде телекайрылуу жасап, кол салууну “кандуу жана варвардык теракт” деп атады. Ал Москва жана башка аймактарда антитеррористик кошумча чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Орус президенти кандуу окуяга шектүүлөр кармалганын жана бардык күнөөлүүлөр жазасын аларын белгиледи. Шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын, аларга чек арадан өтүп кетүүгө “жол” даярдалганын билдирди. Бирок анын чоо-жайына токтолгон жок.

Буга чейин орусиялык айрым саясатчылар кол салууга Киевден шек санашкан. Бирок Украинанын президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк кандуу кол салууга анын өлкөсүнүн эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Алдын ала маалыматта айтылгандай, каза тапкандарга ок тийген жана ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жаракат алганын жазып жатат.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 23-мартта "Крокус Ситидеги” өрт дээрлик өчүрүлгөнүн, эртең менен имараттын үстү кулап түшүп, учурда куткаруучулар иштеп жатканын билдирди. Воробьевдун айтымында, 115 адам ооруканага жаткырылды, анын бешөө балдар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-мартта эртең менен "Крокус Ситиден” бардык жабыркагандар эвакуацияланганын кабарлаган.

24-мартта Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Бортников Путинге 11 адам кармалганы тууралуу маалымат бергенин ТАСС Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме жасап билдирди.

Социалдык тармактарда Орусиядагы "Крокус Ситиде” ок чыгаргандар тажик жарандары деген такталбаган маалымат тарап жатат. Буга байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяга тажикстандык же тажик тектүү жарандардын байланышы жөнүндө маалыматты тактап, анан таратууга чакырды. Бул өлкөнүн Ички иштер министрлиги кандуу окуяга тажик жарандарынын тиешеси бар деген маалыматтарды четке какты.

Кыргызстан кол салууну айыптап, президент Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы кабарлады. Бишкекте "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондор эскерилди. Орусиянын элчилигинин имаратынын астына шаардыктар гүл коюп жатышат.

Окуянын хроникасы: 22-март

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болгон. Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгогон.

Орус маалымат каражаттары жана айрым расмий бийлик өкүлдөрү кандуу окуяны "теракт" деп атай башташты.

"РИА Новости" билдиргендей, "камуфляж кийген кеминде үч киши" "Крокус Сити Холлго" келгендерди автомат менен аткылаган. Андан кийин имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Жалын концерттик комплексти толук каптап, чатыры жарым-жартылай күйүп кетти. 12900 чарчы метр жерди өрт каптаган. 23-мартта түнкү саат 1де гана өрт толук өчүрүлгөн.

Бул күнү концерттик залда "Пикник" рок-тобунун концерти өтмөк.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Красногорскиде 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин жазды. Тергөө комитети "теракт" боюнча кылмыш ишин козгогону маалымдалды.

Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси кандуу кол салууда жабыркагандардын саны 145ке жеткенин, алардын сегизи балдар экенин билдирди. Ооруканага түшкөндөрдүн расмий тизмеси жарыяланды. Ооруканадагы тогуз кишинин абалы оор.

"Ислам мамлекети" (Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө террористтик деп таанылган) радикал уюму «Крокус Сити Холлго» кол салууну өз мойнуна аларын жарыялады.

Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек экенин эскертебиз.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова окуяны “кандуу террордук чабуул” деп атады.

Адам укуктары боюнча комиссар Татьяна Москалькова өзүнүн Telegram каналында "теракттын курмандыктарына" көңүл айтты.

Ошол эле маалда Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев алдын ала тыянак чыгарбоого чакырды. «Адамдарды куткаруу үчүн бардык аракет жасалып жатат. Атайын отряд иштеп жатат. "Крокус Ситинин" жанында 70тен ашык "Тез жардам" бригадасы бар, дарыгерлер бардык жабырлануучуларга керектүү жардамды көрсөтүшөт», - деп жазды ал Тelegram каналында.

Москванын мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram-каналына "каза болгондордун жакындарына көңүл айтарын" билдирди.

"Бүгүн "Крокус Сити" соода борборунда коркунучтуу трагедия болду. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Окуя учурунда жапа чеккендердин бардыгына керектүү жардамды көрсөтүү тапшырылды", - деп айтылат анда.

Мэр Собянин өз каналына “Крокус Ситидеги” үрөй учурган трагедия тууралуу жазып, дем алыш күндөрү борбордо оюн-зоок иш-чаралары токтотулганын жарыялады.

«Пикник» тобунун өкүлү музыканттар жабыркабаганын билдирди.
«Эмне болгонун биз өзүбүз билбейбиз жана сиздер менен жаңылыктарга көз салып турабыз», - деди «Пикниктин» концерттик директору Юрий Чернышевский «Медуза» басылмасына.

"Москва" агенттигинин маалыматына караганда, кол салуу болгон жерде иштеген өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан имараттын жер төлөсүнөн 100дөй адамды куткарып калышты. Залдын ичинде канча адам болгону белгисиз.

АКШ президентинин администрациясы "Крокус Сити Холлдо" болгон окуяга байланыштуу Орусияга көңүл айтты. "Москвадан келген сүрөттөр жүрөк титиретет, аларды жөн көрө албайсың. Биз нес кылган чабуул тууралуу көбүрөөк маалымат алууга аракет кылып жатабыз", - деди Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби брифингде. "Азыр баарыбыз бул кол салуудан жапа чеккендер менен биргебиз", - деп кошумчалады Вашингтондун өкүлү.

22-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, "Крокус Сити Холлдо" болгон кол салууну айыптап, эки кыргыз жараны жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.

"Москва шаарындагы элчилик каргашалуу окуя болгон жерде жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалыматты тактоо жана издөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала эки жаран жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталып жатат. Окуя болгон жерде консулдук кызматкерлер иш жүргүзүүдө" деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.

Концерттик залдагы адамдар эвакуацияланып жатканын ТАСС агенттиги жазды.

"Биз залда отурганда октун үнү угулду. Ылдый тарапка баратканда ок ошол жактан атылып жатканын түшүндүк. Ар тараптан атылып жатты. Ошол жерде жатып калдык. Адамдар эскалатордон ылдый чуркап баратышты. Алардын артынан биз да чуркадык. Ошол жерде каза болгон бир кыздын жатканын көрдүк", - деди окуянын күбөсү "Осторожно, новости" телеграмм каналына.

Baza телеграмм каналы билдиргендей, клубдун имаратында 100дөн ашуун адам камалып калган.

Москванын СОБР жана ОМОН кызматкерлери "Крокус Сити Холлду" көздөй бет алышканы маалымдалды. Окуя болгон жерге Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев да барды

"Оперативдүү штаб түзүлдү. Бардык чоо-жайы кийинчерээк белгилүү болот", — деп жазды ал өзүнүн Telegram каналында. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн окуя болгон жерге 50дөн ашык "Тез жардам" бригадасы жөнөтүлгөнүн Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG