Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Элчилик "Крокус Сити Холлдо" иштеген эки кызды издеп жатат


 "Крокус Сити Холлдун" астында тургандар. 23-март, 2024-жыл.
"Крокус Сити Холлдун" астында тургандар. 23-март, 2024-жыл.

Москванын жака белиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кол салууда эки кыргызстандык жабыркаганы тууралуу маалымат тактала элек.

Тышкы иштер министрлиги Москвадагы кыргыз жарандарына адамдар көп топтолгон жерден оолак болууга чакырды. Ал эми мигранттар полиция текшерүүнү күчөткөнүн айтышууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен бирге Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар же жогун тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ал арада Фейсбуктагы айрым колдонуучулар "Крокус Сити Холлдо" официант болуп иштеген 20-24 жаштагы кыргызстандык эки кыз дайынсыз болуп жатканы тууралуу жазышты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратып, кыздардын жакындары менен байланышта экенин билдирди. Алардын аты-жөнү Орусиянын расмий органдарынын кандуу окуяда жабыркагандар тизмесинен чыккан эмес.

Элчилик окуядан кийинки биринчи сааттарда жарыяланган жабыркагандар жөнүндөгү тизмеде жүргөн эки кыргызстандык менен да байланышкан. Алардын жараат алганы аныкталган эмес.

Ага чейин Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова азырынча кыргызстандыктарга байланыштуу кандайдыр бир маалымат жоктугун билдирген болчу.

"Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясынын элчилиги 2024-жылдын 22-мартында "Крокус Сити Холлдо" болгон трагедиялуу окуянын жүрүшүндө жабыр тарткан кыргыз жарандары тууралуу маалыматтарды тактоо боюнча иштерди улантып жатат. Бирок жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жабыр тарткандардын алдын ала тизмесиндеги жарандар жөнүндө маалымат такталган жок. Элчилик бул окуяга көз салууну улантат".

Ал арада Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуунун кесепетинде ажал тапкандардын саны 133кө жетти. Орусиянын Тергөө комитети курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланган.

Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактаганы маалым болду. Мекеменин маалыматында 140 киши жабыркаган.

Кырдаалга байланыштуу полиция текшерүүнү күчөткөнү белгилүү болду. Москвада иштеген Кайрат аттуу мекендеш буларды айтты:

"Мен түнү менен иштедим. Автомат менен куралданган полиция, Росгвардиянын кызматкерлери ар бир постто туруп, текшерип жатат. Мисалы жолдо төрт тилке бар болсо, бир тилкесин эле калтырып, шек жараткан унааларды текшерип атат окшойт".

Учурда Орусиядагы "Крокус Ситиде” ок чыгаргандар тажик жарандары деген бейрасмий маалыматтар социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Буга байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги үн катып, такталбаган маалыматты жайылтпоого чакырды.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткан "Крокус Ситидеги” кандуу окуяга тажик жарандарынын тиешеси бар деген маалыматтарды четке какты.

23-мартта "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү катары 11 киши кармалганы кабарланды. ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге бул тууралуу маалымат бергенин жазды.

Орусиянын президенти кечке жуук телекайрылуу жасап, 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Ал кол салууну “кандуу жана варвардык теракт” деп атап, Москва жана башка аймактарда антитеррористик кошумча чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Бишкектеги эскерүү

Кандуу окуяга байланыштуу бир катар мамлекеттер, алардын катарында Кыргызстан да бул кол салууну айыптаган билдирүү таратышты.

"Терроризм жана анын бардык көрүнүштөрү эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана ыйык Орозо айында жасалган бул адамгерчиликсиз теракттан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз", - деп жазылган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Министрлик муну менен катар Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырган. Расмий маалыматтарга таянсак, учурда бул өлкөдө 1 миллионго жакын кыргыз жараны эмгек миграциясында жүрөт.

Учурда дүйнөнүн бир катар шаарларында каза тапкандарды эскерип жатышат. Мындай иш-чара Бишкекте да өттү. Борбор калаадагы Орусиянын элчилигинин алдына келгендер гүл коюп кетишүүдө.

Бишкек. 23-март, 2024-жыл.
Бишкек. 23-март, 2024-жыл.

"Таңкы саат 5ке чейин уктаган жокмун. Улам жаңылыктарды текшерип жаттым. Бул окуяны кандай гана себеп болбосун актоого такыр болбойт. Албетте бул өтө коркунучтуу", - деди Алексей Агдеев аттуу тургун.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Сыргак Нуридин уулу бул окуяга түйшөлүп турганын айтты:

"Бизге дагы жаман болуп турат. Ушундай кол салуу болду. Бул терроризм. Терроризмдин мекени жок. Эч кимдин башына түшпөсүн мындай кырдаал".

Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл.
Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты

“Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен буга натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан жабыркагандарга тийиштүү жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Бишкектин өзүндө милиция тийиштүү күч түзүмдөрү менен биргеликте терроризмге каршы кеңешме өткөргөнү маалым болду. Анда укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн экстремисттик, террористтик ишмердүүлүккө каршы иши жана коопсуздук чараларын күчөтүү талкууланган.

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында "камуфляжчан бир нече киши" "Крокус Сити Холлго" келгендерди автоматтардан аткылаган. Андан кийин имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Орусиянын Тергөө комитети кол салууну "теракт" деп атап, кылмыш ишин козгоду.

"Крокус Сити Холлдун" азыркы абалын төмөнкү фотобаяндан көрө аласыз.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG