Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

Москва: "Крокус Сити Холлдо" жабыркагандардын саны 145ке жетти


"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл.
"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл.

Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандардын саны 145ке жетти, алардын сегизи балдар. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди. Ооруканага түшкөндөрдүн расмий тизмеси жарыяланды. Ооруканага жаткырылган тогуз кишинин абалы оор.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 22-мартта болгон кандуу окуяда 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Орус маалымат каражаттары жана айрым расмий бийлик өкүлдөрү кандуу окуяны "теракт" деп атай башташты.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кандуу окуяда жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.

Буга чейин министрлик тараткан маалыматта кандуу кол салууда эки кыргыз жараны жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталып жатканы айтылган.

Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги тактоо иштерин улантууда. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG