Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

Москвада ок атуудан ондон ашуун киши набыт болгону кабарланууда


"Крокус Сити Холлдун" үстүнөн көтөрүлгөн кара түтүн, 22-март, 2024-жыл
"Крокус Сити Холлдун" үстүнөн көтөрүлгөн кара түтүн, 22-март, 2024-жыл

"Свобода" радиосу Москванын алдындагы Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болуп, кеминде 12 киши набыт болгонун "Осторожно, новости", Mash жана Baza телеграмм каналдарына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, бул жерде "Пикник" тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган. Телеграмм каналдар атылган октон 35 адам жаракат алганын жазышты. Ок атуу болгонун РИА Новости агенттиги да жазган.

Концерттик залдагы адамдар эвакуацияланып жатканын ТАСС агенттиги жазды. "Крокус Сити Холлдун" имаратында жарылуу болгону да кабарланууда.

"Биз залда отурганда октун үнү угулду. Ылдый тарапка баратканда ок ошол жактан атылып жатканын түшүндүк. Ар тараптан атылып жатты. Ошол жерде жатып калдык. Адамдар эскалатордон ылдый чуркап баратышты. Алардын артынан биз да чуркадык. Ошол жерде каза болгон бир кыздын жатканын көрдүк", - деди окуянын күбөсү "Осторожно, новости" телеграмм каналына.

Окуянын чоо жайы боюнча расмий маалымат жарыялана элек. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG