Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Садыр Жапаров Орусиянын президенти Путинге көңүл айтты


Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Архив сүрөт.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Архив сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы кабарлады.

“Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен буга натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан жабыркагандарга тийиштүү жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда кеминде 60 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду.

"Ислам мамлекети" (Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө террористтик деп таанылган) радикал уюму "Крокус Сити Холлго" кол салууну өз моюнуна аларын жарыялады. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай электигин эскертебиз. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG