Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:50

ТИМ "Крокус Сити Холлдо" эки кыргыз жараны жабыркагандыгы тууралуу маалыматты тактап жатат


"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл.
"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл.

22-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууда эки кыргыз жараны жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.

"Москва шаарындагы элчилик каргашалуу окуя болгон жерде жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалыматты тактоо жана издөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала эки жаран жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталып жатат. Окуя болгон жерде консулдук кызматкерлер иш жүргүзүүдө" деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Красногорскиде 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин жазды. Орусиянын Тергөө комитети "теракт" боюнча кылмыш ишин козгогону маалымдалды. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG