Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Израил койгон шарт, Газадагы оор кризис


Газа сектору. Качкындар лагери.
Газа сектору. Качкындар лагери.

Израил дүйнөлүк коомчулуктун Газадагы операцияны токтотуу талаптарына карабастан чабуулдарын улантууда. Буга чейин жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн биринен да майнап чыга элек. Газада гуманитардык кырдаал курчуп, эң оболу жаш балдар кооптуу абалда калганын эл аралык уюмдар кабарлап жатышат.

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу башкарган Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси согуш башталган дээрлик беш айдан бери Израилдин чабуулдарынан каза болгондор 30 миңге чамалаганын билдирди.

“Ракета келип тийгенде биз үйдүн ичинде болчубуз. Ал жарылбай калды, ошондуктан чуркап чыгууга үлгүрдүк. Бир аздан кийин экинчи жолу ракета учурушту. Ошол жарылып, мына, баары талкаланды”, - деп билдирди журналисттерге Газанын тургуну Жихад Жарбу.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газада тамак-аш жана суу аябай тартыш экенин, беш жашка чейинки балдардын 90 пайызы жугуштуу илдеттер менен ооруп жатканын, балдар өлүмү кескин көбөйүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Эл аралык коомчулукту айрыкча азыр Рафах шаарынын тагдыры кооптондурууда. Дал ошол шаарда Газанын башка аймактарынан согуштан баш калка издеп барган качкындар топтолуп турат – жалпысынан 1,5 миллионго жакын киши.

Израил эгер ХАМАС барымтада кармап турган адамдарды Рамазан айы башталганча бошотпосо, эл аралык коомчулуктун эскертүүсүнө карабай Рафах шаарына операциясын баштай турганын билдирди.

Израилдин аскердик кабинетинин министри Бенни Ганц 19-февралда:
«Дүйнө дагы, ХАМАСтын лидерлери дагы эгер Рамазанга чейин барымтадагы биздин адамдар үйүндө болбосо, аскердик аракеттерибиз бүт жерде, анын ичинде Рафахта да башталарын билсин. ХАМАСта азыр тандоо бар. Алар колго түшүп, барымтадагыларды бошотсо, Газанын жай тургундары Рамазанды майрамдай алышат», - деп айтты.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айы быйыл болжол менен 10-мартта башталат.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечеги бүдөмүк болуп турган шартта Израилдин АКШ баштаган союздаштары жана БУУ аны Рафахта масштабдуу операция баштабоого үндөп жатышат.

Израил Газанын Египет менен чектеш тилкесиндеги бул шаар азыр ХАМАСтын акыркы таянычы болуп турганын айтууда.

Ал тапта Иерусалимде миңдеген киши көчөгө чыгып, ХАМАСтын колунда барымтада турган израилдиктерди бошотуу аракетин тездетүүнү талап кылды.

«Биз бүгүн өкмөткө кайрылып, «Токтогула! Азыр мунасага келгиле! Башка мүмкүнчүлүк болбойт, башка мүнөт да, секунда да болбойт!» деп жатабыз», - деди акциянын катышуучусу Лирон Прец.

Газа: Израил чабуулун улантууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

Ал эми Израилдин парламенти өлкөнү Газа боюнча геноцидге айыптаган билдирүүлөрдү колдогон ашынган солчул саясатчыны мүчөлүктөн кетире алган жок. Офер Кассиф ХАМАСка каршы экенин билдирип келет, бирок ал Израилдин Газадагы азыркы согушун айыптаган ачык катка кол койгон болчу. Депутатты парламент мүчөлүгүнөн ажыратууга макул деп 85 добуш берилди, чечим колдоо табышы үчүн кеминде 90 добуш зарыл эле.

БУУнун Эл аралык соту өткөн айда Түштүк Африканын Израилди геноцидге айыптаган арызын карап, андайга жол бербөөгө чакырган.

Израилди геноцидге айыптаган дагы бир билдирүү бул күндөрү дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна чыкты. Дүйшөмбү күнү журналисттер Израилдин Бразилиядагы элчиси Даниэл Зохаа Зоншин бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылганын жазды. Бир күн мурда Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва Израилдин азыр Газада жасап жатканын Гитлердин жөөттөргө каршы саясатына салыштыган. Израил бул билдирүүсү үчүн Бразилиянын башчыcы кечирим сурабаса, аны “нон грат персонасы” деп жарыяланарын билдирген. Бразилия кечирим суроого негиз жок экенин айтууда.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG