Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Израил БУУдагы добуш берүү алдында Газаны бомбалоону улантты


Рафахта баш калкалаган газалыктар. 19-февраль 2024-жыл
Рафахта баш калкалаган газалыктар. 19-февраль 2024-жыл

Израил шейшембиде Газа тилкесине абадан сокку урду. AFP агенттиги ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюм башкарган аймактын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме менен жазганына караганда, акыркы 24 саатта 103 палестиналык израилдик аскерлердин бомбалоо, аткылоолорунан каза тапты.

БУУ Газадагы гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип, тамак-аштын тартыштыгынан балдардын өлүмү көбөйүшү мүмкүн деп эскертип келатат.

Согуш жүрүп жаткан 4 айдан ашык убакыттан бери анклавдын 2 миллиондон көп калкы ачарчылык коркунучуна кептелди, жарымынан көбү жер которууга аргасыз болду.

Дүйнөлүк державалар кризистен чыгуу жолдорун издеп жатышат. Шейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинде ок атышууну токтотуу резолюциясы каралмакчы. Бирок АКШ ага вето коеру күтүлүүдө.

Дүйшөмбүдө Евробиримдиктин Венгриядан башка бардык мүчөлөрү “токтоосуз гуманитардык тыныгууга”, Израилди бир жарым миллиондой палестиналык агылып келген Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына басып кирбөөгө чакырышты.

Израил эгер ХАМАС барымтада кармап турган адамдарды Рамазан айы башталганга чейин бошотпой турган болсо Рафах шаарындагы операциясын баштарын эскерткен.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айы быйыл болжол менен 10-мартта башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG