Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Рафах: Барымтадагы эки израилдик бошотулду, ЦАХАЛдын операциясы уланууда


Рафах. 2024-жылдын 12-февралы.
Рафах. 2024-жылдын 12-февралы.

Израил Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында террорчулар төрт айдан бери барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотуп алганын жарыялап, ал жерде согушкерлердин кеминде төрт тобу бар экенин, күрөш уланарын билдирди.

Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаары. 12-февралга караган түнү Израил армиясы бул шаарга чабуул жасаганын Reuters агенттиги кабарлап, видеосун жарыялады.

Ал жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлери кеминде 67 адамдын өмүрү кыйылганын, дагы ондогон адам жараат алганын кабарлашты.

«Биз бул жакка Газа шаарынан качып келгенбиз. Үй-бүлөмдүн баары ижарага алынган баш калка жайда уктап жаткан. Эмне үчүн менин үй-бүлөмдү, балдарымды өлтүрүштү?! Таң аткандан бери алардын сөөгүн чогултуп жүрдүм, баары тең таанылгыс», - деди Газа секторунун тургуну Ибрагим Хассуна.

Израил өткөн түнү Рафахта рейд жүргүзгөнүн, анда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) тобу төрт айдан бери барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотконун билдирди.

Барымтадан бошотулган Луис Хар жана Фернандо Симон Марман.
Барымтадан бошотулган Луис Хар жана Фернандо Симон Марман.

Барымтадан бошотулгандардын бири 60 жаштагы Фернандо Симон Марман жана 70 жаштагы Луис Хар экенин, алардын абалы жакшы деп бааланып жатканын, экөө тең дарыгерлердин колуна өткөрүлүп берилгенин маалымдаган Израил дагы 134 жараны ХАМАСтын колунда барымтада турганын, аларды бошотуп алуу ниети бекем экендигин белгиледи.

АКШнын жана аймактагы бир катар араб өлкөлөрүнүн Газадагы атышууну токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын арасындагы ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн азырынча майнап чыга элек.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жекшемби күнү Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшүп, согуш башталгандан бери Газанын калкынын дээрлик жарымы көчүп барып, баш калкалап турган Рафах шаарында жай тургундардын коопсуздугун камсыздоочу планы болбосо ал жакта операция жүргүзбөөгө үндөдү. Байден ага чейин Израилдин Газадагы операциясын ашкере деп да мүнөздөгөн.

Израилдин жетекчилиги Газадагы чабуулдары ХАМАСка гана каршы багытталып жатканын, аны жеңмейинче токтобой турганын, башка жолу жок экенин айтууда:

«Газаны куралсыздандыруу бизден коопсуздук көзөмөлүн жана Иорданиядан батышты көздөй бардык аймакта, анын ичинде Газа секторунда коопсуздукту камсыздоодо жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти талап кылууда. Жакынкы келечекте андан башка жол жок. Биз муну эл аралык коомчулукка да, АКШ президентине да, бардык лидерлерге да айтып жатабыз. Андан башка жол жок», - деди Биньямин Нетаньяху 11-февралда өткөн пресс-конференцияда.

Бул арада эл аралык коомчулук Израилдин Рафахтагы чабуулдары токтобосо абал ого бетер курчуй турганын, ал жакта качкын болуп, баш калкалап, башка барар жери жок отурган карапайым палестиналыктар арасында каза болгондор дагы көбөйөрүн, мунун баары ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктерди бошотууга залакасын тийгизиши мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн «ал-Акса» телеканалы бул топтун лидерлеринин биринин «Рафахта жөөттөрдүн операциясы токтобосо барымтадагы адамдарды бошотуу сүйлөшүүлөрү «жардырылып салынарын» айтканын маалымдады.

Израил Рафахта азыр ХАМАСтын кеминде төрт куралчан бөлүгү бар экенин, аскерлерге ошолорду жок кылыш үчүн бул шаардагы жай тургундарды эвакуациялоо тапшырмасы берилгенин билдирди.

Рафах.
Рафах.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус 12-февралда Дубайда өтүп жаткан дүйнөлүк өкмөттүк саммитте Газадагы атышууну токтотууга үндөдү жана ал жерде гуманитардык абал оор экенин айтты.

«Азыркы кезде биз Газага 447 тонна дары-дармек жөнөттүк. Бирок бул деңиздеги тамчы сымал кымындай гана нерсе. Анткени муктаждык күндөн-күнгө өсүүдө. Газадагы 36 оорукананын 15и эле жарым-жартылай иштеп жатат. Медицина кызматкерлери колунан келген жардамын берүүдө. Мени Рафахтагы соңку чабуулдар өзгөчө тынчсыздандырууда».

Ал эми Газадагы жай тургундарга жардам берип келаткан дагы бир уюм - Бириккен Улуттар Уюмунун Газадагы палестиналык качкындар боюнча агенттиги (UNRWA) өткөн апта соңунда кайрадан дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна чыкты.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 10-февралда бул агенттиктин Газадагы башкы кеңсеси алдынан ХАМАСтын 18 метр тереңдиктеги узуну 700 метрлик бир нече туннели табылганын, террорчулар ал жактан электр энергиясын алып жүрүшкөн болушу ыктымалдыгын билдирди.

Агенттиктин башкы комиссары Филипп Лаззарини ЦАХАЛдын бул билдирүүсүн тастыктай албай турганын, анткени кызматкерлери ал кеңседен 12-октябрда эле чыгып кетишкенин айтты.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG