Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Жакынкы Чыгышка аттанууда


Казак аскерлери бейпилдик миссияларына даярдык көргөн машыгуу учурунда. Архив
Казак аскерлери бейпилдик миссияларына даярдык көргөн машыгуу учурунда. Архив

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Голан дөңсөөлөрүнө миссияга кетүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги 20-февралда билдирди.

Мекеме маалымдагандай, контингент 139 аскерден куралат жана "БУУ миссиясынын мандатына ылайык согушуп жаткан тараптар ортосунда ок атышпоо режимин сактоо" максатын аткарат.

Казакстандын бейпилдик күчтөрү Улуттар уюмунун стандарттарына ылайык заманбап техника менен камсыздалмакчы.

Буга чейин казак бийлиги 430 чакты жоокер Голан дөңсөөлөрүндөгү жана Түштүк Судандагы байкоочу миссияларына катыша турганын билдирген. Быйыл январда парламенттин эки палатасы биргелешкен жыйында президент Касым-Жомарт Токаевдин тиешелүү сунушун колдогон. Президент бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү геосаясий чыңалуулар курчуп, аймактык жана улутттук коопсуздукка коркунуч жаралып жаткан маалга туш келгенин белгилеген.

Аскердик эксперт Амангелды Курметулы “Азаттыктын” казак кызматына айткандай, Израил менен Сириянын чек аралаш аймагына казак жоокерлеринин кызмат өтөөсүндө чоң тобокелдик бар.

Казакстан - эл аралык миссияларга аскер күчтөрүн жиберген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет.

Израил жана Сириянын ортосунда жайгашкан Голан дөңсөөлөрү 1967-жылкы алты күндүк согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. 1981-жылы Израилдин парламенти аны өз өлкөсүнүн жери катары жарыялаган мыйзам кабыл алган. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңеши бул чечимди тааныган эмес. Голан дөңсөөлөрүнүн аннексиясын мыйзамсыз деп таап, аймакты Сирияга кайтарып берүүгө чакырып келет. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү ал жерди Израилдики деп эсептебейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG