Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

БУУнун Эл аралык соту Израилдин палестин аймактарындагы аракеттери боюнча арызды карайт


Гаагадагы БУУнун Эл аралык соту
Гаагадагы БУУнун Эл аралык соту

19-февралда Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык сотунда «Израилдин палестин аймактарындагы 1967-жылдан берки саясатынын укуктук кесепети» деп аныкталган маселе боюнча угуу башталды. Бир апталык угууларда судьялардын алдында жалпысынан 50дөн ашуун өлкөнүн өкүлү сөз сүйлөйт.

Гаага сотуна БУУнун Башкы ассамблеясы 2022-жылы кайрылган. Арызда «Израилдин оккупацияланган палестин аймактарындагы, анын ичинде Чыгыш Иерусалимдеги саясатынын жана практикасынын укуктук кесепеттерине баа берүү» тууралуу өтүнүч келтирилген. AFP агенттигинин маалыматына караганда, арызда “Израилдин палестин элинин өз тагдырын өзү чечүү укугун бузуусу улантып жатканы” да белгиленген. Аймакта түзүлгөн кырдаалдын кесепети БУУ жана башка өлкөлөр үчүн кандай болорун баалоо да өтүнүчү келтирилген.

БУУнун Эл аралык сотунун кеңеш иретиндеги корутундусу сөзсүз аткарылууга милдеттүү талап болуп эсептелбейт.

Арыз Израил былтыр октябрдан бери Газа секторунда согуштук операция жүргүзүп жаткан чакта каралууда.

Израил 1967-жылы араб мамлекеттеринин коалициясына каршы алты күндүк согушта Сириянын Голан дөңсөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн жана Иерусалим шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлеп, 1981-жылы аннексиялап алган. Ал эми Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарында Израилдин суверенитетин орноткон эмес. Израилдин ошол аймакта турак жай куруу аракети палестин-израил чырын жөнгө салуудагы негизги көйгөй болуп келе жатат.

Израил Газа секторундагы согушту былтыр 7-октябрда ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлери бул аймактан Израилге чабуул койгон окуядан кийин баштаган. ХАМАС Израилде 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 29 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG