Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Украина бейпилдик күчтөрүнө үмүт артууда


Дебальцеводогу жикчилдер. Украина. 19-февраль, 2015-жыл.
Дебальцеводогу жикчилдер. Украина. 19-февраль, 2015-жыл.

Украинада бүгүн Евромайдандын курмандыктарын эскерүү күнү. Мунун алдында кечээ президент Петро Порошенко өлкө чыгышына БУУнун мандаты астында бейпилдик орнотуучу күчтөрүн жайгаштыруу чакырыгы менен чыкты.

Порошенко мындай кайрылууну ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишиминин шарттары аткарылбай жаткан учурда жасады.

Расмий Киев Украина чыгышында тынчтык орношуна эми Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мандаты менен аракеттенүүчү бейпилдик күчтөрү салым кошо алабы деп үмүт артууда.

Президент Петро Порошенко кечээ Киевден сүйлөп жатып, буларга токтолду:

Петро Порошенко
Петро Порошенко

​- Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча кеңеши тынчтык орнотуучу күчтөрдү чакыруу чечимине келди. Мында Еврошаркеттин Улуттар уюмунун мандатына негизделген полиция миссиясына артыкчылык берилмек.

Украин президентинин көз карашында, өзү жаңжалга аралашып жаткандыктан Орусия бейпилдик миссиясына катышпоосу керек.

Расмий Киевдин бул демилгесин мурда жаңжал аймакка Орусиянын күчтөрүн киргизүүгө чакырып келген жикчилдердин лидерлери жана Москва дароо четке какты. Алар каршылашкан тараптарды бөлгөн майдан тилкесинде эл аралык бейпилдик күчтөрдүн жайгаштырылуусу Минск келишиминин шарттарын бузгандык болот деп ырастоодо.

Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Юрий Сергеев “Америка добушу” радиосуна курган маегинде белгилегендей, эгер Киевдин бул кайрылуусуна Москва вето салса, аны жеңүүгө болот.

Украин элчисинин айтымында, учурда бейпилдик күчтөрү боюнча өтүнүчтү БУУнун кароосуна киргизүүнүн жол-жобосу караштырылып жатат жана бул Киевдин Москвага ага ишеним жоголгонун, кол коюлган келишимдерди аткаруу үстүнөн ойлонуусу керектигин каңкуулоосу.

Ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай өткөн түнү турумдары артиллериядан аткыланганын украин армиясы да, жикчилдер да айтып чыгышты.

Батыш өлкөлөрү Орусиячыл жикчилдердин украин күчтөрү чыгарылып кеткен Дебальцево шаарчасына жасаган чабуулу Минск келишимин бузгандык катары баалашууда.

АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки Вашингтондогу басма сөз жыйында буларды айтты:

Жен Псаки
Жен Псаки

​- Кошмо Штаттар Орусия колдогон жикчилдердин Дебальцево, Мариуполдун айланасында, Чыгыш Украинанын башка жерлеринде чабуулдары уланып жатышын айыптайт. Бул - ок атышууну токтотуу макулдашуусун бузуу жана Минск келишимин тебелегендик. Биз Орусияны жана жикчилдерди чабуулдарын тез арада токтотууга, оор куралдарын алып чыгып кетүүгө, Орусиядан согушкерлерди жана жабдууларды Украинага киргизбөөгө, ЕККУ байкоочулары өз ишин аткаруусуна мүмкүндүк берип, Минск келишими боюнча милдеттенмелерин толук аткарууга чакырабыз. Эгер Орусия жана ал колдогон жикчилдер өздөрү кол койгон келишимдерди тебелей берсе, мунун куну кымбатка турат жана изоляция күчөйт.

Орусия колдогон жикчилдер Дебальцевого чабуул коюу менен алар ок атышууну токтотуу келишимин бузду деген дооматты четке кагып, өз аракеттерин бир нече апта уруш жүргөн шаарча келишим түзүлгөн кезге чейин эле курчоого алынганы менен түшүндүрүшүүдө.

Евромайдандагы эскерүү акциясынан бир көрүнүш
Евромайдандагы эскерүү акциясынан бир көрүнүш

Минск келишиминин шарттарына ылайык, эки жак тең майдан тилкесинен оор куралдарын чыгарып кетиши керек эле. Бирок азырынча мунун белгилери байкалбайт.

НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Филип Бридлав кечээ Косоводон сүйлөп жатып, кырдаалга мындайча баа берди:

- Мен атүгүл ок атышууну токтотуу башталды деп да ойлобойм. Бул сөз жүзүндө гана болуп жатат. Биз Украинанын чыгышынан көрүп жаткан нерсе – Орусия жакшы жабдылган, куралданган армияны куруп салганы. Ал Орусия тарабынан башкарылып, ага артиллериядан жана абадан колдоо көрсөтүлүүдө. Бул абдан кубаттуу күч.

Минск келишинин шарттары бузулуп жатышын бүгүн Париждеги кездешүүдө немис канцлери Ангела Меркел жана француз президенти Франсуа Олланд талкуулашып, тараптарды алган милдеттемелерин толугу менен аткарууга үндөштү. Меркел менен Олланд ошондой эле Минск келишими аткарылбаса, Еврошаркет санкциялар маселесин кайрадан көтөрөрүн эскертишти. Европанын эки ири өлкөсүнүн лидерлери ошол келишим түзүлүүсүнө ортомчулук кылышкан эле.

Меркел жана Олланд. Париж, 20-февраль, 2015-жыл.
Меркел жана Олланд. Париж, 20-февраль, 2015-жыл.

Ал эм Британияда парламенттин Лорддор палатасы бүгүн жарыяланган баяндамада Еврошаркетти жана расмий Лондонду украин кризисинде “уктап калганы” үчүн сындады.

Британ парламентарийлеринин пикиринде, Брюссел менен Москванын алакасы узактан бери Орусия демократиялык өлкөгө айланып жатат деген ойдо “оптимисттик маанайда” курулуп, мындан улам Украинанын Европага интеграциялануусуна Орусиянын кастыгы абдан терең экенин Еврошаркет күн мурунтадан аңдап билген эмес.

Бул аралыкта бүгүн Украинада Евромайдан курмандыктарын эскеришүүдө. Былтыр 18-21-февраль күндөрү коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусунан 100дөй кишинин өмүрү кыйылган. Ал былтыр өлкөнүн чыгышында апрелде тутанган уруштарда, БУУнун эсебинде, 5600дөн ашуун киши мерт болду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG