Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Дебальцево тынчтык келишимин "уккан жок"


Дебальцевонун чет жакасындагы орусиячыл күчтөр, 13-февраль, 2015-жыл
Дебальцевонун чет жакасындагы орусиячыл күчтөр, 13-февраль, 2015-жыл

Тынчтык келишими түзүлгөнүнө карабай Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаарындагы абалдын начарлаганына Батыш өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирүүдө.

Бул шаардын айланасында ок атуулар дале уланууда. Тынчтык келишиминин сакталышына көзөмөл кылган ЕККУ миссиясы аймакка кире алган жок.

АКШ Орусияны жана жикчилерди ок атууну токтотууга чакырды. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки тараптарды тынчтык келишимин аткаруу боюнча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясы менен кызматташууга үндөдү.

“Жикчилдер Дебальцеводо ок атууну токтотпой турганын ачык айтышты. Бул агрессивдүү аракеттер жана Орусия колдогон жикчилдердин билдирүүсү ок атууну токтотуу жана оор техникаларды чыгарып кетүү боюнча келишимди үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жаратууда” - деп айтылат Псакинин билдирүүсүндө.

Украинадагы орусиячыл күчтөр
Украинадагы орусиячыл күчтөр

Украинанын өкмөттүк аскерлери жана орусиячыл жикчилдер майдан тилкесинен оор куралды чыгарып кетүү планын аткарышкан жок. Минскиде өткөн аптада кол коюлган келишимге ылайык, тараптар куралды дүйшөмбүдөн тарта чыгара башташы керек эле. Украин армиясынын билдиришинче, өткөн түнү жикчилдер Дебальцево шаарынын айланасында 15 жолу чабуул жасашты. Киев бийликтери акыркы 24 саатта беш аскери окко учканын маалымдады. Жикчилдер өз кезегинде украин армиясы акыркы 24 саатта Донецк аймагында элдешүүнүн шартын 17 жолу бузганын билдирүүдө. Алар өкмөттүк күчтөрдү Донецк аэропортунун айланасында ок ачты деп айыпташты.

Учурда негизги уруш Дебальцево шаарынын айланасында жүрүүдө. Расмий Киев да, жикчилдер да Дебальцеводогу уруштун уланып жатканын четке кагышкан жок. Жикчилдер шаардын түндүк тарабы колго алынганын айтышса, өкмөттүк аскерлер “Дебальцево плацдармы” аталган шаардын негизги бөлүгүн көзөмөлдөп жатканын билдирет.

Тынчтык келишиминин сакталышына көзөмөл кылган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары да бул шаардагы абалга терең кабатырлануусун билдирди. Шаарга кирчү жолдорду көзөмөлдөп турган козголоңчулар дүйшөмбүдө эл аралык байкоочулардын киришине мүмкүндүк берген эмес. Миссиянын төрага орун басары Александр Хуг Краматорсктогу маалымат жыйынында байкоочулар бүгүн да шаарга кирүүгө аракет кыларын маалымдады. Хугдун айтымында, ок атууну токтотуу боюнча келишим Дебальцево баштаган айрым аймактарды эске албаганда негизинен сакталып жатат:

- Миссиянын баамында ок атууну токтотуу боюнча келишим негизинен сакталып жатат, бирок мурдатан кабарлангандай бир катар ок атуулар болгонуна байкоочулар да күбө болушту. Ал эми Дебальцево боюнча артиллериялык атуулардын дабышын биз да уктук. Миссиянын бул шаарга киришине мүмкүнчүлүк алышы абдан маанилүү болуп турат.

Ошондой эле Александр Хуг келишим сакталбай жаткан жерлерди атады:

- Биз маалымдагандай, учурда ок атууну токтотуу боюнча келишим төмөнкү жерлерде сакталбай жатат: Донецкте, Дебальцеводо жана Лугансктын айланасында.

Украин күчтөрүнүн аскердик техникалары
Украин күчтөрүнүн аскердик техникалары

Ал ортодо Германия, Украина жана Орусия лидерлери элдешүү шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүмкүндүк берүү үчүн “конкреттүү чараларды” макулдашты. Немис канцлери Ангела Меркелдин маалымат катчысы Штеффен Зайберттин айтымында, үч өлкө лидерлери бул чараларды 16-февралдын кечинде телефон аркылуу талкуулашты. Зайберт сүйлөшүүдө Меркел жана Порошенко орус президенти Владимир Путинге жикчилдерге бар таасирин салып, тынчтык келишимин сактоого көндүрүүгө чакырганын кошумчалады.

12-февралда Минскте Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлери жетишкен келишимге ылайык, 15-февралда түн ортосунда ок атышуулар токтотулмак. Украин армиясы азыркы согуш линиясынан, орусиячыл жикчилдер былтыр 19-сентябрда Минскте белгиленген чектен оор аскердик техникаларын алып кетиши керек болчу. Ошондой эле 140 чакырымга созулган буфердик зона түзүү каралган. Бул келишим өткөн жылдын апрель айынан бери уланып, 5500дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжалды токтотуу үмүтүн жандырган эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG