Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Өкмөттүк аскерлер Дебальцеводон чегинди


Украина: жоокерлер Дебальцеводон кетип жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Жоокерлер Дебальцеводон кетип жатат. 18-февраль

Украин армиясы бир нече аптадан бери уруш жүрүп жаткан Дебальцево шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн өлкө президенти Петро Порошенко билдирди.

Өкмөттүк күчтөр Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаарынан “пландуу жана уюмдашып” чыгып кеткенин президент Петро Порошенко 18-февралда билдирди. Украин аскерлери Донецк жана Луганск облустарын туташтырган кан жолдогу стратегиялык шаардан чыгып кетип жатканын оболу парламент мүчөсү, өкмөтчүл “Донбасс” батальонунун командири Семен Семенченко “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыккан эле.

Ага чейин Украинанын коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко Дебальцевонун айланасында массалык атуулар токтобой жатканын билдирген:

- Жикчилдер жана орусиялык аскерлер Дебальцево жана шаардын башка стратегиялык бөлүктөрүнө массалык ок атууну токтотпой жатышат. Алар биздин антитеррордук күчтөрдүн штабына кол салышып, ракеталык "Град" системасынан 20 жолу аткылашты. Мындан сыраткары бир нече жолу артиллерия жана миномёттордон ок чыгарышты.

Украин жоокерлери. 18-февраль
Украин жоокерлери. 18-февраль

Орусиячыл жикчилдер болсо шаардын көпчүлүк бөлүгү алардын колуна өткөнүн, жүздөгөн украин аскери камоого алынганын жар салган. Алар украин аскерлери курчоодон аман-соо чыгып кетиши үчүн куралдарын тапшырууга чакырган болчу.

Дебальцево козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск облустарын туташтырган кан жолдогу маанилүү байланыш түйүнү. Бул шаар үчүн бир нече аптадан бери салгылаш жүрүп жатат. 12-февралда Минксте Германия жана Франциянын ортомчулугу астында ок атууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлганына карабастан, жикчилдер бул шаар өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алган аймактын курамына кирерин айтып, келишимдин күчү бул аймакта жок экени билдиришкен.

17-февралда Венгрияга расмий сапар менен барган орус президенти Владимир Путин элдешүү келишимине карабай Дебальцеводогу уруштун уланышы “мурдатан эле күтүлгөнүн” билдирди. Ал Киев бийликтерине кайрылып, камоодо калган аскерлердин багынып беришине тоскоол болбоого үндөдү.

Ошондой эле орус президенти “мурдагы тракторчу менен шахтерлорго” шаарды тарттырып жиберүү кыйын болорун түшүнүп жатам деп Украина бийликтерин мыскылдады:

Владимир Путин Будапешттеги маалымат жыйынында. 17-февраль, 2015-жыл
Владимир Путин Будапешттеги маалымат жыйынында. 17-февраль, 2015-жыл

- Албетте жеңилүү ар дайым оор. Өзгөчө мурдагы шахтерлор менен тракторчуларга жеңилип берген андан оор. Буга карабай жашоо деген жашоо, алдыга жылышыбыз керек. Мен муну менен эле токтоп калууга болбостугун айтаар элем.

Муну менен катар Путин Батыш Украинага курал-жарак берип жатат деп билдирди. Орус президенти кайсы өлкөдөн келип жатканын тактаган жок.

Ага чейин украин президенти Петро Порошенко Германия канцлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө жикчилдердин Дебальцевого чабуулун “Минск келишимин уятсыздык менен тебелөө” деп атаганы кабарланган эле. Порошенко эл аралык коомчулукту жикчилдер жана Орусиянын акыркы жоругуна каршы катуу чара көрүүгө чакырган.

Дебальцевонун чет-жакасындагы жикчилдер аскердик техникалар менен. 17-февраль,
Дебальцевонун чет-жакасындагы жикчилдер аскердик техникалар менен. 17-февраль,

​Ал ортодо 17-февралда Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Украинанын чыгышындагы тараптарды ок атууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алган. Аны Орусия сунуштаган эле. Коопсуздук кеңешинин жыйынында АКШнын өкүлү Саманта Пауэр жикчилдерди жана Орусияны алгач ок атууну токтотуу боюнча келишимге кол коюп, бирок аны бузганын “шылдың" деп атады:

- Орусия өлкөнүн суверенитети үчүн алгач келишимге кол коют да, андан соң коңшунун чек арасы жоктой мамиле кылат. Оомал-төкмөл болгон, аяк-башы төмөн караган дүйнөдө жашаганга көнгөн биз үчүн да Украинадагы абалды курчутуп, зордук-зомбулук күчөткөн Орусиянын абалды тынчтык жол менен чечүү боюнча келишим сунуштаганы бул ирония.

Ошондой эле Евробиримдик да жикчилдерди Минск келишимин бузду деп сындап чыкты. Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерининин айтымында, Москва колдогон жикчилдер Дебальцеводогу аракети менен Чыгыш Украинада ок атууларды токтотуу жөнүндө 12-февралда кол коюлган Минск келишимин “ачыктан-ачык" бузушту. Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлери жетишкен келишимге ылайык, 15-февралда түн ортосунда ок атышуулар токтотулуп, оор техникалар майдан тилкесинен чыгарылмак.

БУУнун эсеби боюнча, өткөн жылдын апрель айынан бери уланып жаткан жаңжалдан 5600га жакын адам набыт болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG