Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:11

Украина: танктарды чыгарууга мезгил жетти


Жикчилдерге таандык танк Мариупол менен Донецкти байланыштырган жолдо. 24-февраль, 2015-жыл.
Жикчилдерге таандык танк Мариупол менен Донецкти байланыштырган жолдо. 24-февраль, 2015-жыл.

Берлиндеги соңку сүйлөшүүлөрдө макулдашылгандай, эми майдан тилкесинен танктар да чыгарылуусу керек. Бул макулдашуу украин армиясы акыркы он күн ичиндеги эң ири жоготууга учураган кезге туш келди.

“Норманд төрттүгү” деп аталган өлкөлөр: Германия, Франция, Орусия, Украина тышкы иштер министрлеринин өткөн түнкү сүйлөшүүсү беш саатка созулду.

Жыйындын конок ээси, немис тышкы иштер министри Франк - Вальтер Штайнмайер бүгүн таңда кабарчыларга жолугушуунун жыйынтыгын комментарийлеп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Соңку бир нече күндөгү инциденттерди эске алганда Минск келишиминин аткарылуусун кепилдөөдөн башка альтернатива жок. Биз бүгүн макулдашкандай, кырдаал курчуп жаткан учурдагы чечүүчү маселе - оор куралдарды чыгарууну улантуу гана эмес, буга куралдын башка категорияларын да кошуу. Бул милдеттенмеге эми танктар, брондуу унаалар, минометтор, калибри 100 миллиметрден төмөнкү куралдар кошулат. Сүйлөшүү узак, ургалдуу, кээ бир учурларда талаштуу да болду. Бул талкууларда Киев менен Москванын көз караштарындагы карама-каршылыктар дагы бир жолу айкын болду.

Өзү быйыл 12-февралда Минскиде жетишилген келишимдин шарттарына ылайык, ок атышууну токтотуу менен калибри 100 миллиметр жана андан жогорку келген оор куралдар майдан тилкесинен 25тен 70 чакырымга чейинки аралыкка алынып кетиши керек эле.

Ок атышууну токтотуу келишими Украинанын чыгышында урушту жана кыянатчылыктарды басаңдатты. Бирок анын шарттары утур-утур бузулуп жатканы да айтылып келет. Алсак, атышуулар акыркы күндөрү да катталды.

Маселен, украин тараптын ырастоосунда, кечээ Мариупол шаарынын чет жакасындагы Широкино кыштагында оор курал колдонулганда кеминде бир аскер каза таап, он үчү жаракат алган.

Жалпысынан 24 саат ичинде украин армиясы алты жоокерин жоготуп, 12си жаракат алган. Бул- акыркы он күн ичиндеги эң ири жоготуу. Армиянын басма сөз өкүлү Андрей Лысенко муну Орусия колдогон жикчилердин "олуттуу чагымынын" натыйжасы деп атады. Ал өлкөнүн чыгышындагы кырдаалды туруксуз деп мүнөздөп, "душман чаабуулун дээрлик баардык тараптан" улантып жатканын кошумчалады.

Украин армиясы ошондой эле кечээ кечтен түн ортосуна чейин Донецк облусундагы турумдары 26 ирет аткыланып, сегиз жолу калибри 120 миллиметр келген минометтор колдонулганын маалымдады.

Жикчилдердин жетекчилери болсо өз кезегинде акыркы күндөрдөгү атышуулар үчүн өкмөттүк күчтөрдү күнөөлөп, алардын турумдарына да танктардан, артиллериядан, минометтордон сокку урулду деп ырастоодо.

Төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин Берлиндеги жолугушуусу мына ушундай кырдаалга тушташ өттү.

Сүйлөшүүлөр “өтө оор” болгонун украин тышкы иштер министри Павел Климкин да белгилеп, тараптар айрым маселелерди макулдаша албай койгонун моюнга алды.

Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин айтымында, макулдашылгандар арасында төмөнкү маселе да бар:

- Биз туткундарды алмашууну кайра жандандырууну макулдашканыбыз да маанилүү. Бул иш 12-февралдагы келишимден кийин башталып, бирок токтоп калган. Биздин мындагы максатыбыз - туткундардын баарын алмашуу.

Франк-Вальтер Штайнмайер кошумчалагандай, төрт тышкы иштер министр Берлин жолугушуусунда согуш туткундарын алмашуудан тышкары коопсуздук, козголоңчулар карамагындагы аймактарда жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү, Украина чыгышындагы экономикалык кырдаалды жакшыртуу боюнча жумушу топторду куроону да макулдашты.

Минск келишиминде Киевдеги борбордук бийлик менен Луганск жана Донецк облустарынын бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн жикчилдердин алака-катышын жөнгөрүү шарттары да каралган.

Бирок документтин ушул бөлүгүнүн аткарылышы азырынча күмөн саноолорду жаратууда.

Украин тышкы иштер министри Павел Климкин билдиргендей, ал жыйында өлкө чыгышындагы “оккупацияланган аймактарга” бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууну сунуш кылды жана бул маселе боюнча талкуу али улантылат.

Бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүнү өтүнүп, буга чейин Улуттар уюмуна кайрылуу жолдогон расмий Киевдин көз карашында, ал Минск келишими аткарылуусун колдогон миссия болушу абзел. Украин тарап бул маселени көтөргөнүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ырастады. Бирок Лавровдун айтымында, бул демилге колдоо тапкан жок.

Украинанын чыгышында былтыр жазда тутанган куралдуу жаңжал 6000ден ашуун кишинин өмүрүн алды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG