Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

АКШ менен Украина жетекчилери Орусияга карата санкцияларды талкуулады


Орусияга киргизилген санкциялар Москва Минск келишимин аткарышына жараша аныкталат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жо Байден менен Украинанын президенти Петро Порошенко шаршембидеги телефондогу сүйлөшүүсүндө макулдашты.

Сүйлөшүү тууралуу Ак үй тараткан билдирүүдө, Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоону токтотпосо эл аралык коомчулук Москвага карата жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр болушу керектиги айтылат.

Жо Байден Украинанын парламенти кабыл алган Донбасстын айрым райондорунда өзүн-өзү башкаруунун өзгөчө тартиби жөнүндөгү жаңы мыйзамды колдой турганын билдирди. Мыйзамга ылайык, аталган аймактарда мыйзамсыз куралдуу топтор, аскерий техника, согушкерлер толук чыгарылгандан кийин эл аралык байкоочулардын катышуусунда украин мыйзамдарына ылайык шайлоо өткөрүлүшү керек.

Киев бул мыйзам 12-февралда Минск келишиминин шарттарын жана тынчтык жараянды ишке ашыруу максатын көздөрүн билдирүүдө. Бирок Донбасстагы орусиячыл жикчилдер мыйзамды иштеп чыгуу алар менен макулдашылбаганын жүйө кылып, каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG