Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Луганскта аскерлерди ташып бараткан машина жарылды


Украинанын Луганск облусундагы Счастье шаарына жакын жерде аскерлерди ташып бараткан машина жарылып, төрт киши каза болду. Жараат алгандардын саны такталууда. Бул тууралуу Луганск облустук администрациясынын өкүлү Ярослав Галас “112 Украина” телеканалына билдирди. Анын айтымында, жүк ташуучу машинанын жарылуусуна жерге көмүлгөн фугас себеп болгон.

Украинанын Ички иштер министрлиги Донецк облусунун ири шаарларында коопсуздук чараларын күчөттү. Кечээ кечинде Украинанын чыгышында кырдаал татаалдашып, тынч эмес абал өкүм сүргөн. Ушуну менен жикчилдер 14 жолу ок атышпоо келишимин бузганы айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG