Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Түркиянын Орусияга нааразылыгы басаңдай элек


Сириядагы орус учактары. 6-октябрда тартылган сүрөт.
Сириядагы орус учактары. 6-октябрда тартылган сүрөт.

Аба мейкиндиги Орусия тарабынан кеминде үч ирет бузулганына нааразы болгон Анкара Москвага бул маселе боюнча сүйлөшүү сунуш кылды. Ал аралыкта сириялык активисттер Орусиянын аба соккулары биринчи ирет жеринде президент Асаддын аскерлеринин кургактан чабуулу менен коштолгонун айтып чыгышты.

Аба мейкиндигин Сириядагы аба соккуларга тартылган орус учактары бузганына нааразы болгон Анкара акыркы үч күндө орус элчисин Тышкы иштер министрлигине үч ирет чакырды.

Түрк тышкы саясий мекемесинин өкүлү Танжу Билгич бүгүн маалымдагандай, алар Орусиянын аскерий адамдары аба мейкиндикти бузуусунун себептери жана бул көрүнүш кайталанбашынын кепилдиктери боюнча түшүндүрмө бериши үчүн атайын сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылууда.

Түрк дипломаты ошондой эле орус медиасынын Анкара Москвага Сириядагы аракеттерди координациялоо үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды деген маалыматтарын четке какты.

Ал эми премьер-министр Ахмет Давутоглы бүгүн теледен сүйлөгөн учурунда белгилегендей, алар Сирия жаңжалы Түркия мүчө Орусия менен НАТО ортосунда же Анкара менен Москва ортосунда талаш жана кризис жаратуусун каалабай турат.

Активисттер орус учактарынын бомбасы тийди деген жай. Идлиб, 7-октябрь, 2015-жыл.
Активисттер орус учактарынын бомбасы тийди деген жай. Идлиб, 7-октябрь, 2015-жыл.

Давутоглунун ырастоосунда, Орусиянын Сириядагы 57 аба соккусунун экөө гана “Ислам мамлекети” тобунун жайына тийген, калгандары Сириянын түндүк-батышында байистүү оппозициянын президент Асаддын аскерлери менен күрөшүп жаткан күчтөрүнө каршы багытталган.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын АК партиясынын өкүлү Өмөр Челиктин айтымында, Анкара Орусия аба мейкиндикти бузуусун “коркунуч” катары кароодо.

Эрдогандын өзү болсо кечээ Брюсселде жүргөн жеринен Орусияга Түркия сыяктуу досунан айрылып калуусу мүмкүндүгүн эскертти:

- Эгер Орусия көп маселелер боюнча кызматташкан Түркия сыяктуу досун жоготсо, ал көп нерсени жоготорун билип коюшу керек. Башар Асадды коргоого аракеттенип, Сирияда операция жүргүзүүгө, аскерий база курууга аракеттенип жаткандар биздин аба мейкиндигибизди бузуп жатат. Биз мындай жүрүм-турум менен келише албайбыз.

Орусия өз тарабынан учактары Түркиянын аба мейкиндигине атайлап кирген жок деп ырастап, муну алар Сирияда колдонгон аскерий база түрк чек арасынан 30 чакырымдай эле алыстыкта жайгашканына жана учактар конгон кездеги аба ырайы шартына байланыштырууда.

Орус коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов мындай дейт:

- Биз космостон, абадан жүргүзүлгөн чалгындын маалыматтарын колдонуп жатабыз, сириялык өнөктөштөр берген маалымат менен эле чектелген жокпуз. Маалыматтарды жүз жолу текшерүүдөбүз. Алардын негизинде кабыл алынган чечимдердин баары салмакталган, ойлонулган, эсептелген. Биз соккуну бутага тиерибизди 100% билгенде гана жасап жатабыз. Жарандык же аскерий объекттерге сокку урган жокпуз. Түркиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Москвага келсе кубаттайбыз. Алар менен жок дегенде түшүнбөстүктөр болбошу үчүн техникалык өңүттөрдүн баарын талкуулай алмакпыз.

Түркия мүчө НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин пикиринде, Орусиянын аба мейкиндикти бузуусу капыстан болгон иш сыяктуу көрүнбөй турат.

Бул аралыкта кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм өз булактарына таянуу менен Орусиянын аба соккулары жеринде биринчи ирет өкмөттүк күчтөрдүн операциялары менен коштолгонун айтып чыкты.

Аталган уюм 7-октябрда маалымдагандай, орус учактары Сириянын эки провинциясынын аймагына “ургалдуу” сокку жасаган. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хама провинциясында төрт жерге, ал эми түндүк-батыш тараптагы Идлиб провинциясында үч жерге сокку урулган. Бомбалоолордун арты Сирия армиясы менен өкмөтчүл кошуундардын козголоңчулардын төрт турумуна чабуулу менен коштолгон.

Москванын Сирияда “Ислам мамлекети” тобун гана бутага алдык деген ырастоолорун батыштык расмийлер да четке кагууда. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Биз көрүп жаткандай орусиялыктар “Ислам мамлекети” тобуна каршы сокку уруудабыз деп ырастаганы менен алар Сириядагы түрдүү оппозициялык топторду айырмалай албай жатышат. Биз көрүп жаткандай, алар операция өткөргөн райондордо “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери аз эле, жокко эсе. Бул, албетте, алардын операциясынын ийгилиги, көсөмдөгү боюнча суроо жаратууда.

Орусия Сириядагы талаштуу аба соккуларын 30-сентябрда баштаган. Бул маселени эртең НАТОнун коргоо министрлери талкуулаганы жатат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG