Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Сирия: Орусиянын аба соккулары уланды


Сириядагы Хомс шаарына Орусиянын алгачкы аба чабуулун жасады.
Сириядагы Хомс шаарына Орусиянын алгачкы аба чабуулун жасады.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы согушуп жаткан АКШ баштаган эл аралык коалиция жана Түркия Орусияны Сириядагы чаржайыт соккуларды токтотуп, радикал согушкерлерге каршы күрөшүүгө чакырды.

Түркия жарыялаган бул кайрылууда АКШ, Британия, Германия жана Перс булуңунун өлкөлөрү Орусиянын Сирияда жүргүзүп жаткан аба чабуулдарына камтамачылыгын билдирип, бул операция жаңжалдын мындан ары тереңдеп, экстремизмдин күчөшүнө алып келерин белгилешкен.

Ал арада Мамлекеттик Думанын өкүлү Алексей Пушков анын божомолу боюнча Сириядагы аскерий операция үч-төрт айга созулушу ыктымал экенин белгиледи. Француз радиосуна берген маегинде Пушков аба соккулары дагы күчөтүлөрүн кошумчалады.

Расмий Вашингтон Орусиянын Сириядагы соккулары негизинен Башар Асадга каршы турган Сирия оппозициясына багытталып жатканын сынга алды.

Бул тууралуу бейшембиде Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест билдирди.

Анын айтымында, бейшембиде Пентагон менен Орусиянын Коргоо министрлигинин ортосунда видео жыйын өттү. Бир саатка созулган бул жыйынга АКШ тараптан коргоо министринин эл аралык коопсуздук боюнча орун басары Элисса Слоткин катышты.

- Сирия оппозициясына каршы тушкелди операция жүргүзгөнү Орусиянын өзүнө эле коркунучтуу. Бул Сириядагы ички жаңжалдын өрчүшүнө алып келип, дагы көпкө узарышы ажеп эмес. Ошондой эле бул жаңжалга Орусиянын да тартылып кетүү тоболкелдиги жаралат, - деген Жош Эрнест жыйында негизинен учкучтардын ич ара сүйлөшүү жыштыктары, белгилери жана башка ушундай техникалык маселелер каралганын кошумчалады.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест
Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест

Бир күн мурда Орусиянын учактары менен Сирияда экстремисттик топко каршы аскерий операция жүргүзүп жаткан эл аралык коалициянын учактарынын кагылышып кетүү мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн эки тарап ортосунда атайын сүйлөшүүлөр болору айтылган.

АКШнын аба күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчи орун басары, генерал-лейтенант Роберт Оттонун белгилешинче, орус учактары эски үлгүдөгү бомбаларды колдонуп жатат. Бул америкалыктар колдонуп жаткан, мелжеген бутаны таап барган "акылдуу бомбалардан " айырмаланып жай тургундардын коопсуздугуна коркунуч келтирип, бөөдө өлүмдү көбөйтүшү мүмкүн.

Сириянын Улуттук коалициясы Орусия алгачкы аба соккуларын урган Хомс шаарынын айланасын "Ислам мамлекети" тобу көзөмөлдөбөй турганын айтып, алгачкы соккулардан 36 жай тургун, анын ичинде беш бала мерт болгонун билдирди.

Орусиянын аба соккулары

Орусия президенти Владимир Путин бул айыптоолорду четке кагып, жай тургундардын бөөдө өлүмү боюнча маалыматтар аба соккулары баштала электе эле чыкканын айтып, аны Орусияга каршы маалыматтык чабуул деп атады.

- Биз эл аралык терроризмге каршы күрөштү ар дайым колдоп келгенбиз жана мындан ары да улантабыз. Ошол эле маалда күрөш бир гана эл аралык укуктун негизинде жүргүзүлүшү керектигин билебиз. Тактап айтканда, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык же болбосо аскерий жардамга муктаж өлкөнүн суранычы боюнча. Ал арада Сирияда операция жүргүзүп жаткан өнөктөштөрүбүз бул эки мыйзамды тең сактаган жок. Ошентсе да биз бардык кызыкдар өлкөлөрдү эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө чакырабыз, - деген Путин Орусия соккуларды Сирия бийлигинин суранычы боюнча жүргүзүп жатканын дагы бир ирет кайталады.

Ал арада Орусия бүгүн - үчүнчү күнү да Сириядагы чабуулдарын улантты. Коргоо министрлигинин 2-октябрда тараткан билдирүүсүнө ылайык, аскерий соккулар Алеппо шаарындагы командалык бекетке, байланыш борборуна жана Идлибдеги экстремисттердин болжолдуу жайларына урулду.

30-сентябрда Федерация кеңеши президент Владимир Путиндин чет өлкөдө аскер күчүн колдонуу өтүнүчүн канааттандырган соң Москва Сириянын аймагында абадан сокку уруп баштаган.

XS
SM
MD
LG