Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Милицияны сабаган кытай жарандары камалды


Кытай жарандары катышкан кылмыштар буга чейин да катталган. Былтыр Өзгөндө "Датка" көмөк чордонунда иштеген кытай жарандары жергиликтүү тургундарга жана милицияга кол көтөргөн. 9-октябрь, 2013-жыл.
Кытай жарандары катышкан кылмыштар буга чейин да катталган. Былтыр Өзгөндө "Датка" көмөк чордонунда иштеген кытай жарандары жергиликтүү тургундарга жана милицияга кол көтөргөн. 9-октябрь, 2013-жыл.

Бишкекте милиция кызматкерин ур-токмокко алды деп шектелген кытай жарандары камакка алынып, кылмыш иши козголду.

Аймактык тескөөчүгө кол көтөргөн 16 кытай жараны мас абалында болгону аныкталды. Кыргызстанда иштеп жүргөн кытайлардын жергиликтүү тургундарга, күч органдарынын өкүлдөрүнө кол көтөргөн, жергиликтүү тургундар менен жаңжалдашкан учурлары буга чейин да катталган.

Окуя 1-октябрь күнү күндүз Бишкектеги Үмөталиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ысымын белгилүү себептерден улам атабаган аймактык тескөөчүнүн билдиришинче, ошол жердеги үйлөрдүн бирин тоноо аракети боюнча түшкөн арызды териштирип жүргөн. Уурулар кирүүгө аракет кылган үйдүн жанында жаңы курулуп жаткан имаратка баш бакканда ал жакта иштеген кытай жарандары жаалданып жыгач, темир, таяк менен сабап, ташбараңга алган:

- Мен Фрунзе көчөсүн көздөй качтым. Ошол жердеги кафенин бирине кирдим. Алар менин аркамдан кууп келип, эшикти сындырышты. Башка бөлмөгө качып кирсем, ал жактын да эшигин талкалашты. Үстүңкү кабаттагы мейманканага качып чыгып кесиптештеримди жардамга чакырдым. Кол салуу болгонун айттым. Эки мобилдүү топ келди. Баарыбыз барсак темир, жыгач таяктарды камдап дагы кол салууга даярданып жатышыптыр. Куралчан барган милициянын мобилдүү тобун көргөндөн кийин гана жаалданбай калышты.

Кытай жарандары кол көтөргөн милиция кызматкери. "Азаттыктын" "Көрөгөч" рубрикасына келген видео тасма. 2-октябрь, 2014-жыл.
Кытай жарандары милицияга кол көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Кармалган кытай жарандары камакка алынып, кылмыш иш козголду. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, аларга “бейбаштык кылган, бийлик өкүлүнө кол көтөргөн, бирөөнүн мүлкүн бүлдүргөн” деген айып тагылды:

- Кечээ 17 кытай жараны райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келген. Бирөө ашпозчу кыз экен, ал эскертүү алгандан кийин бошотулду. Экспертизанын жыйынтыгы менен кармалгандардын баары мас абалында болгону аныкталды. Бул окуя боюнча үч берене менен кылмыш иши козголду. Мисалы, Кытай мамлекетинде чет өлкөлүк жарандар бийлик өкүлүнө кол көтөрсө, өлүм жазасын да алышы мүмкүн. Бул окуя боюнча эми тергөө аяктагандан кийин сот укуктук баа берет.

Маалыматка караганда, кытай жарандары өз мамлекетинин түптөлгөнүнүн 65 жылдыгын майрамдап отурушкан. Бул окуя боюнча Бишкектеги Кытай элчилиги азырынча комментарий бере элек.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда расмий иштеп жүргөн чет өлкөлүктөрдүн дээрлик 80 пайызын кытай жарандары түзөт. Аталган министрликтин маалымат катчысы Аида Кадырованын маалымдашынча, башка өлкөнүн жарандарына ишке уруксатты мекемелер аралык комиссия берет:

- Быйыл өкмөт токтому менен чет өлкөлүк жарандарга бул жакта жумушка орношууга 13 миңге жакын квота берилген. Жыл башынан бери 7666 кытай жараны иштегенге уруксат алды. Бул Кыргызстанда иштеп жүргөн чет элдиктердин 79 пайызын түзөт.

Кыргызстанга мыйзамсыз келип иштеген кытай жарандарынын саны мындан алда канча көп экени айтылып жүрөт. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси былтыртан тарта мамлекеттик органдар менен бирге кытайлык жарандар иштеген ишканаларды текшерип, мыйзамсыз жүргөндөрүн аныктап келет. Аталган уюмдун лидери Замир Көчөрбаев бийлик өкүлдөрүнө баш ийбеген чет өлкөлүктөр боюнча тиешелүү чара көрүлбөй калаарын белгиледи:

- Текшерүү учурунда мындай фактылар көп эле катталат. Мисалы, жакында эле Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводду текшергенде УКМК, ИИМ жана башка тиешелүү мамлекеттик органдан барган 15 чакты кызматкерди 15 минутадай барымтага алып турушкан. Мен бул тууралуу Жогорку Кеңешке чейин жаздым. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. 2013-жылы Кочкордо жол куруп жаткан кытай жарандары эки милицияга кол көтөргөн. Ал окуяны өз көзүбүз менен көргөнбүз. Райондук ички иштер бөлүмүнө алып барганда ал жактан кайра милициялар кечирим сурап, иштеген жерине жеткирип коюшкан. Ушундайларды көргөн кытайлар анан жогорудагыдай кадамдарга барат да. Кытайлардын артында кыргыз аткаминерлери турат. Өздөрүнүн кызыкчылыктары бар. Бирдеме болсо эле коргоп чыгып, мамлекеттик органдар тиешелүү чара көрө албай жатат.

Кыргызстанда жүргөн кытай жарандарынын күч органдарынын өкүлдөрүнө кол көтөргөн, жергиликтүү тургундар менен чатакташкан факт былтыр Ошто да катталган. Өзгөн районундагы Куршаб айылында “Датка-Кемин” көмөк чордонун куруп жаткан кытайлык жарандар бир жергиликтүү тургун менен эки милиция кызматкерине кол көтөрүп, барымтага алган. Окуя калайман мушташ менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG