Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Украин оппозициясынын жаалы катуулады


Киевдеги митинг, 8-декабрь, 2013.
Киевдеги митинг, 8-декабрь, 2013.

Киевдин борбордук аянтында жекшембиде да өкмөттүн кетишин талап кылган митинг өтүп, он миңдеген демонстранттар өкмөт үйү жайгашкан көчөнү курчоого алды. Оңчул радикалдар Лениндин эстелигин кулатышты.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысынын маалыматы боюнча, манифестанттар аянттан тышкары, анын жанындагы көчөлөргө толушту.

Жекшемби күнү кечинде өкмөт үйүнүн жанында баррикадалар курулуп, чатырчылар тигиле баштады. Коопсуздук күчтөрү административдик имараттарга көзөмөлдү күчтөттү.

- Чынын айтсам, көчөдө басуу азыр кичине коркунучтуу. Бирок энергетиканы, маанайды сезсе болот. Биз көппүз жана биз бирдиктүүбүз. Биз чоң күчпүз, баары жакшы болот! – дейт митингдин катышуучусу.

- Элдин жүрүм-туруму мактоого арзыйт. Бири-бирин түрткөн адам жок. Көп адамдар жылмайып жүрүшөт. Бирок ошол эле убакта каршылык көрсөтүү маанайы да бар, - дейт аянтта жүргөн “Азаттыктын орус кызматынын кабарчысы Том Балфорт.

Оппозициялык “Сокку” партиясынын лидери, боксчу Виталий Кличко, митингге келгендердин саны “миллионго жакын” экенин жарыялады. Ал эми полиция алардын саны 60 миңге чамалайт деп маалымат берди.

- Мен ар бириңерге кайрылам, ар бириңердин жарандык турумуңар үчүн рахмат. Силер келечек үчүн күрөшүп жатасыңар. Келечек оппозиция лидерлеринен же менден көз каранды эмес, келечек ар бириңерден көз каранды. Биз баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, жеңүүгө бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек, - деди Кличко.

Кличко ошондой эле Януковичтин кетишин, алдын ала президенттик шайлоолордун жарыяланышын талап кылды.

7 жылга кесилген мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко оппозицияны бийлик менен сүйлөшүүгө барбоого үндөдү. Анын кайрылуусун чогулгандарга кызы окуп берди. Анда президент Виктор Янукович мыйзамдуулугун жоготконун жана оппозициянын максаты - аны кызматтан кетирүү экендиги жазылат.

- Бардык пландарыңарды, бардык аракеттерди топтогула жана ошол позицияга бек тургула, - деп окуду Тимошенконун кызы анын кайрылуусун.


Тасмада: Киевдеги митинг, 8-декабрь

Украин оппозициясынын эскертүүсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00


Евромайдан бул жолу да бийликке шарт койду, ага ылайык 48 саат ичинде Микола Азаровдун өкмөтү кызматтан кетиши керек, болбосо оппозиция президенттин резиденциясын курчоого алат.

Ал арада “Батькивщина” парламенттик оппозициялык фракциясынын лидери Арсений Яценюк бийлик чукул кырдаал киргизгени жатат деп жарыялады. Бул тууралуу жекшемби күнкү брифингде билдирген Яценюк чукул кырдаал киргизилсе да, адамдарды нааразылык акцияга чыгууга чакырды.

Жекшемби күнү Шевченко бульварында беткапчан оңчул радикалдар Лениндин эстелигин кулатышты.

Янукович болсо чечимин өзгөртө элек. Жума күнү ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Эки лидер тең Украинанын Бажы биримдигине кошулуу боюнча талкуу болгонун четке кагышты.

Львовдо да Евробиримдик менен интеграциянын жактоочуларынын ири митинги өтүүдө.

Өткөн жекшемби 300 миң адамдын катышуусунда ири демонстрация өткөн. Полиция анда күч колдонуп, ондогон адам жараат алган.

21-ноябрда Украинанын министрлер кабинети Евробиримдик менен келишимди даярдоону токтоткон соң, массалык нааразылык акциялар бүт өлкөгө жайылган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG