Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Украин парламенти өкмөттүн тагдырын калчоодо


Украин парламентиндеги талаш-тартыш. 3-декабрь, 2013.
Украин парламентиндеги талаш-тартыш. 3-декабрь, 2013.

Жогорку Раданын депутаттары премьер-министр Микола Азаров башындагы өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулай баштады.

Президент Виктор Янукович ноябрда Европа Биримдиги менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кол коюуну келерки жылга калтырганга байланыштуу оппозиция өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Келишимге кол койбоо Украинада 2004-жылкы Саргылтым революциядан берки эң чоң нааразылык чыгууларды жаратты.

Украин парламентинин оппозициячыл канатына өкмөттү кулатуу үчүн 226 добуш керек. Улуттук парламентте бардыгы 450 депутат бар. Азыр оппозиция 170 мандатка ээ. Бейтарап депутаттарга 35 добуш таандык. Саясый кризистен улам акыркы күндөрү башкаруучу Региондор партиясын үч депутат калтырып кеткен. Алардын бири Инна Богославская 2-декабрда башка да депутаттарды башкаруучу партияны таштап кетүүгө үндөдү.


Киевден түз видео









Дүйшөмбү күнү өлкө батышындагы Львов, Ивано-Франковск жана Тернополь шаарларынын бийликтери иш таштоо жарыяларын эскертип, жергиликтүү элди саясый акцияга катышууга үндөштү.

Украинанын батыш облустары Евробиримдик менен интеграцияны кызуу колдошсо, чыгыш аймактары Орусия менен кызматташууну жакташат.

Ички кысымдарга байланыштуу дүйшөмбү күнү Виктор Янукович Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозуга телефон чалып, Ассоциациялык келишим боюнча сүйлөшүүнү улантууну сунуш этти. Ал ошол эле күнү кечинде берген телеинтервьюда протестчилердин “өз оюн билдирүү” укугу бар экенин айтып, бирок митинг-жыйындар тынч өтүүсү зарыл экенин баса белгиледи:

- Мындай учурда, биз демократиялык мамлекетти, демократиялык коомду куруудабыз деп оозанып жатканда, жыйынга чыккандардын баары, өлкөнүн бардык жарандары, коомдун бардык мүчөлөрү жана жараяндык бардык катышуучулары мыйзамды сактаганы маанилүү. Өкмөттүн, тартип сактоо органдарынын же жыйындардын катышуучуларыбы, баары тең сөзсүз мыйзамды урматтоосу керек.

Президент Янукович журналисттер менен кездешүүдө, ал Украинанын Европа менен саясый-экономикалык жакындашуусун жактарын, бирок жакшы кирүү шартын сүйлөшүүнү көздөгөнүн билдирди.

Бу тушта Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлин жана Брюссель Украина менен Ассоциациялык келишимге кол койгонго даяр экенин кайталап, демонстрациялар украиндердин Евробиримдик менен келишимди каалаганын тастыктайт деди.

Ал эми премьер-министр Микола Азаровдун сөзүнө караганда, Киев жана башка шаарлардагы нааразылык акцияларында “мамлекеттик төңкөрүштүн белгилери бар” экен. Ал ошондой эле өкмөткө Жогорку Раданы басып алуу планы бар экени маалым деди:

- Эл өкмөттүк имараттарды басып алууга, өкмөттүк мекемелердин иштөөсүнө жол бербөөгө тукурулууда. Бул жол эч жакка алып барбайт.

Дүйшөмбү күнү логлогон демонстранттардын бир бөлүгү өкмөттүк кварталды бууса, башкалары шаардык өкмөттү жана Улуттук кесиптик союздардын имаратын ээлеп алышкан. Алар Өкмөт үйү менен Жогорку Раданын имаратын да камалашууда.

АКШ өкмөтүнүн билдиришинче, Вашингтон Украинада жүрүп жаткан “тынч демонстрацияларды өкмөттү төңкөрүү аракети деп санабайт”.

Орусия президенти Владимир Путиндин айтымында, Киевдеги нааразылык чыгуулар “революцияга караганда бүлүнтүп-кыйратууга көбүрөөк окшойт”.

Москва 46 миллион калктуу Украинанын Орусия башындагы Бажы үч илтигине кошулушуна ынтызар.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун дүйшөмбү күнү Украин өкмөтү менен оппозицияны болочокто кандуу булоонду болтурбоо үчүн сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG