Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

ГЭСтер геосаясий куралга айланды


Президент Владимир Путин Орусия менен Кыргызстандын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын электр станциялар каскадынын курулуштарын долбоорлоо жандана баштаганын билдирди.

Бирок ал аталган ГЭСтердин курулушуна ээлик кылууга байланышкан Кыргызстан менен болгон талаштуу жагдайдын жыйынтыгын ачыктаган жок.

Кыргыз бийлиги болсо ГЭСтерге ээлик кылуунун үлүшүн аныктоочу мурда бекитилген макулдашуунун шарттарын сактоону талап кылып келатат. Бирок ГЭСтердин курулушунун 75 пайыздан кем эмес үлүшүн сураган Орусия тарабы ага үч айдан бери расмий жообун бере элек. Мына ошондуктан жергиликтүү талдоочулар Путиндин долбоорлоо иштери боюнча айтканын геосаясий оюн катары баалашты.

Путин жибиди

Отун-энергетикалык комлексти өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйынында Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин, электр станцияларынын Жогорку Нарын каскадын жана Кара-Кечеде жылуулук берүү борборунун курулуштарын эртелетүү маселесин көтөрдү. Буга окшогон энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу постсоветтик мейкиндикте ынтымакташууга өбөлгө болорун айткан Путин бул маселенин маанилүү экендигин белгиледи. Бирок ал Камбар-Ата-1 ГЭСине ээлик кылуу үлүшү боюнча Кыргызстан менен үч айдан бери жүрүп жаткан талаш маселенин аягы эмне болгонун айткан жок.

Буга чейин Орусия тарабы 2008-жылкы макулдашууну кайра карап, өзүнүн үлүшүн 75 пайызга көтөрүүнү сураган. Бирок расмий Бишкек макулдашууну өзгөртүүсүз калтырууну же андан биротоло баш тартууну талап кылган болчу.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров Путиндин жогорудагы билдирүүсү мурда жетишилген келишимди эле ишке ашырууга ишара катары кабыл алынарын белгиледи:

- Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди биргеликте курууга келишкенине быйыл төрт жыл болот. Эми Орусиянын жетекчилиги тараптан мына ошол курулуш иштерин баштап, ордунан жылдыруу боюнча маселеси жогорку мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жатышы бул долбоорлордун ылдамыраак ишке киришине өбөлгө болушу мүмкүн. Бул эң жогорку деңгээлде айтылган билдирүүнүн чоң саясий мааниси бар.

Ушул жылы май айында “Азаттыкка” курган маегинде президент Алмазбек Атамбаев ГЭСтердин курулушу боюнча Орусия июнь айынын аягына чейин жооп берүүгө тийиш деп билдирген болчу. Бирок президенттик аппараттагы ишенимдүү булактардын маалымдашынча, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна ээлик кылуу шарттары боюнча Орусиядан расмий жооп келе элек. Мына ошондуктан Кыргызстандагы айрым эксперттер Путиндин билдирүүсүн расмий Ташкендин кызыкчылыгына “ыргытылган чалма” катары баалашууда.

Орусия арканды алыс таштады

Саясат таануу илимдеринин кандидаты Чолпон Сыдыкбаев Нарын дарыясындагы ГЭС куруу демилгеси геосаясий таасир этүүнүн куралына айланып калганын айтты:

- Орусиянын өзүнүн энергетикалык кубаттуулугу жетиштүү. Ал бизден электр энергиясын экспорттоого кызыкдар эмес. Ал эми Орусия көп каражат жумшап, бирок кыйла убакыттан кийин гана киреше алуучу долбоор боюнча үчүнчү бир өлкөгө электр энергиясын коммерциялык пайда табуу үчүн экспорттоого анчейин эле кызыкдар эмес. Бирок мында максат Өзбекстанга таасир этүү жана аны Кыргызстандын суу-ресурстарын күзүр кармап алып жарга такоо аракети болушу мүмкүн. Анткени Борбор Азияда алдыдагы 20-30-жылдан кийин суунун башатына кимдер көзөмөлдүк кылса, алар бүтүндөй аймакка көзөмөлдүк кылаары айкын болуп калбадыбы.

2007-жылдан бери эле Өзбекстан Кыргызстандын Камбар-Ата-1 жана Тажикстандын Рогун ГЭСтеринин курулушуна каршы чыгып келеатат. Өзбекстан болочоктогу ал ГЭСтердин курулушу өлкөдөгү суу таңкыстыгына алып келет деп кооптонуп жаткандай.

Адистер Кремль ал картаны амалкөйлүк менен колдонуп, көпчүлүк учурда Москванын башын аттаган тышкы саясаты менен таанымал Ташкенди ооздуктоо аракети катары баалашууда. Буга бир мисал, Путин быйыл президенттикке киришкенден кийинки алгачкы расмий сапарларынын бири Өзбекстанга жасап, мамилени "жибитүүгө" аракет жасаганына карабастан, июнь айынын аягында расмий Ташкен Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчөлүгүн токтотту.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон уулу мына ошон үчүн 4-5 жылдан бери тынчып эле калган Орусия Нарын дарыясында ГЭС куруу маселесин кайрадан көтөрүп жатат деп эсептейт:

- Азыркы кездеги Орусиянын кызыкчылыктарын тең салмактап таразалаганда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу ишке ашыруу ишенимдүүлүгү аз долбоор. Эгерде Кыргызстандын өзүнүн эле кызыкчылыгын эске алуу менен ошол курулуш долбоорлору ишке ашканда, анда албетте өлкөнүн экономикалык гана эмес ,геостратегиялык маанисин арттырмак. Бирок мында Орусия сыяктуу чоң мамлекет кийлигишип калгандан кийин мында арканды алыска таштаган айбаттуу саясат бар экендигин баамдоого болот.

Сактанганды сактайт...

Ошол эле кезде Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин бүтүрүү жана Нарын дарыясында майда ГЭСтерди курууга муктаж. Анткени суу-энергетикалык кубаттуулугу жогору болгонуна карабастан энергетикалык коопсуздук маселеси өлкөнүн негизги көйгөйү. Бирок курулуш долбоорлорун өз алдынча ишке ашырууга өлкөнүн өзүнүн чамасы чак. Ошондуктан 2008-жылы Кыргызстандын бийлиги Орусиянын жетекчилиги менен бул боюнча макулдашууга кол койгон.

Саясат таануучу Чолпон Сыдыкбаев ГЭС курулушуна ээлик кылуу үлүшүнө байланышкан маселе чечилбесе, ал геосаясий кызыкчылыктан улам чыга турган чыр-чатактардын туундусу болушу мүмкүн экендигин эскертти:

- Мына ошол ГЭС курулуштары аркылуу Өзбекстанга сигнал берилип, анын кандайдыр бир чечимге келишине таасир этүү куралы катары колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан Кремль соңку мезгилде андагы өзүнүн үлүшүн көбөйтүүгө куштар. Өзбекстан албетте Орусияга каш кайтара албайт. Бирок күчүн кошунасынан чыгарып, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына доо кетире турган аракеттерге бара башташы мүмкүн. Мына ошондуктан бул долбоорлорду ишке ашырууда өтө кылдаттык талап кылынат. Бардык иш Орусиянын колтугуна кирип алып жасалып жаткандай эмес, улуттук кызыкчылыкты кармануу менен жүрүүгө тийиш. Биз андай геосаясий оюндарга аралашпашыбыз зарыл.

2008-жылкы келишим боюнча ГЭСтердин 50% Кыргызстанга, калган 50% Орусияга таандык болоору макулдашылган. Андан соң орусиялык «Интер РАО ЕЭС» жана кыргызстандык "Электрстанциялары” менен чогуу биргелешкен ишкана түзүлгөн. Бирок ошол кезден бери курулуш долбоорун ордунан жылдыруу аракети болбой жаткандыгын сындаган президент Атамбаев, эгерде Орусия милдеттемесин аткарууга жакында киришпесе, анда ал Кыргызстанга башка инвесторлорду издөөгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG