Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Орусия келишимдер мөөнөтүн ойлонууда


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путин Москвадагы ЖККУнун саммитинде, 16-май.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путин Москвадагы ЖККУнун саммитинде, 16-май.

Расмий Бишкек менен Кремлдин ортосундагы бир катар экономикалык макулдашууларды аткарууга жаңы мөөнөт чектелди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин орус жетекчилери менен жолугушуусунун жыйынтыгында Орусия “Дастан” заводунун тагдырын бир ай ичинде, Нарын дайрасын бойлото ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун эки жума аралыгында карап чыкмай болду.

Кыргызстан орус тарапка “Дастандын” 48 пайызын гана беребиз дегени менен ага орустардын көнөрү, белгиленген мөөнөт ичинде мунаса табылары күмөн жаратууда.

Убакыт чектелди, убадалар аткарылабы?

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев ЖККУ менен КМШнын Москвадагы бейформал саммитинин алкагында орус президенти Владимир Путин, өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту. Соңку жолугушууда эки өлкө ири экономикалык макулдашууларды аткаруу үчүн жаңы мөөнөт белгилешти.

Президент аппаратынын жетекчи орун басары жана Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун билдиришинче, кыргыз тарап бул жолу да эски келишимдердин аткарылышын талап кылды:

- Биз дагы бир жолу “Дастан” ишканасынын 48 пайызы менен Бишкектеги соода үйүнүн имаратын берүүгө макул экенибизди айттык. Калган карызды Орусия кечет деп белгиледик. Натыйжада бир айдын ичинде 48 пайыз акцияларды дагы бир жолу баалап, маселени карап чыгууну чечтик. Биздин сүйлөшүүлөр эң негизги 2009-жылдагы келишимдин негизинде өтөт деп сүйлөштүк. Экинчи маселе боюнча, орусиялык кесиптештер эки жуманын ичинде жогорку Нарын каскады боюнча биз берген долбоорду карап чыгып, жообун айта турган болду.

"Шквал" суу астында учуучу ракета
"Шквал" суу астында учуучу ракета
2009-жылкы келишимге ылайык, Орусия Кыргызстандын карызын кечүү үчүн “Дастандын” 48 пайыз акциясын жана Бишкектеги соода үйүнүн имаратын алууга макул болгон.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Орусияга 2008-жылкы 300 миллион доллардан тышкары 189,7 миллион доллар карыз. “Дастандын” акцияларына кыргыз тараптын соңку карызы гана чегерилгени жатат.

Ошентсе да Орусия торпеда чыгаруучу заводдун 75 пайыз акциясын берүүнү талап кылып келет. Орусиялык журналист, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Дастан” маселесинде Кыргызстан орус тараптын талабына туруштук бере албайт деген ойдо:

- Кыргызстандын үч-төрт жыл мурунку келишимди аткарууну талап кылышы көңүл бурууга арзыйт. Бирок Бишкек бул позициясында аягына чейин турууга мүмкүн болбойт деп ойлойм. Себеби эгер Кыргызстан эски келишимди талап кыла берсе, Орусия жөн гана “Дастандын” акциясынан баш тартып коет. Анда Кыргызстандын Орусияга болгон жарым миллиардга жакын карызын төлөө маселеси келип чыгат. Эң негизги Орусиядан башка бул ишканага ким инвестиция алып келмек эле? Мен башка өлкөлөр бул ишканага кызыгат деп ойлобойм.

Жети өлчөп, бир кес!

Дубнов Орусиянын 75 пайыздык үлүштү талап кылганын “Дастандан” чыккан торпедаларды кимге сатып, кимге сатпоо керектигин көзөмөлдөө аракети деп түшүндүрдү. Бул себептен да жергиликтүү саясатчылар “Дастанды” башкаруу укугун колдон алдырбоо керек дешет. Маселен, депутат Райкан Төлөгөнов:

- Орустарга 45% ашык бербеш керек. Себеби завод биздин аймакта жайгашкандыктан андан чыккан куралдар боюнча ошол эле Кытай, Араб мамлекеттерден "силерден чыккан торпеда башка дүйнөгө кетип жатат" деп нааразылык келиши мүмкүн. Экинчиден, орустардын жардамы менен ГЭС куруу боюнча келишим түзүлүптүр. Бул келишимди окудум. Аны толук кандуу келишим деп айта албайбыз.

“Дастан” заводунан тышкары “Кыргызгаз” ишканасынын 75 пайыз үлүшү Орусияга берилүүдө. Мындан тышкары орус тараптан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда да орус инвесторлорунун үлүшүн 75 пайызга көтөрүү боюнча да сунуш түшүп жатат. Бирок Камбар-Ата-1дин маселеси жакын арада чечилчүдөй эмес. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, Кыргызстан бул маселени коңшулар менен кеңешкен соң гана чечим кабыл алмакчы.

Коомдук саясат институтунун эксперти Анара Мусабаеванын пикиринде, Кыргызстан Орусия менен ири экономикалык макулдашууларды кабыл алууда өз позициясын так аныктоого тийиш:

- Кыргызстан чакан мамлекет. Орусия албетте чоң өлкө. Жети ойлоп, бир кесип, мунасага келүү керек. Менимче бул мүмкүн. Болгону популисттик нерселерге кетип калбай, биздин тарап позициясын рационалдуу түрдө, аргументтеп бергенге даяр болушу керек.

Кыргыз президентинин соңку жолугушуусунда Орусиядан күйүүчү майды бажы төлөмүсүз алуу боюнча жаңы келишимге жакында кол коюлары белгилүү болду. Кыргыз тарап калган маселелер чектелген мөөнөттө чечилеп деп үмүттөнүп турат. Буга чейин орус тарап экономикалык макулдашуулар боюнча позициясын апрель айында айтаары кабарланган. Бирок маселе Орусиядагы жаңы президенттин ишке киришүүсүнөн улам артка жылды белгиленген.

XS
SM
MD
LG